# КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 31-марты № 9/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 31-марты № 9/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/3
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-315/edition/1094681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 31-марты № 9/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү тууралуу" (15.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302338

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 31-марты № 9/3

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүү (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында, № 2010/4 жарыяланды

3. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы

М. Алапаев

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 31-мартындагы № 9/3 токтому менен бекитилген

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮ

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Эреженин 2.1-пунктунун 2.1.2-пунктчасынын биринчи абзацында "10%" деген сан "20%" деген сан менен алмаштырылсын.
