# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 " "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 " "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/2
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-311/edition/437315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 " "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (12.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302332

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-марты № 6/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын 7- жана 43-статьяларына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 3-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 33/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүн карата коюлган талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
