Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 „Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө“ жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 24-февралы № 3\8 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 3\8 токтому менен бекитилген
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 95-04 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 4.1.1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар (мындан ары текст боюнча - башка баалуу кагаздар).";
- Жобонун 4.1.1-пунктунун 1), 3) жана 4) пунктчаларындагы ар кандай жөндөлүштөгү "акча каражаттары же МКВлар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "акча каражаттары, МКВлар жана башка баалуу кагаздар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Жобонун 10.5-пункту төмөнкү мазумундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар классификацияланбайт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 21.07.2004 · № 18/3
- Положение о классификации активов и соответствующих отчислениях в резерв на покрытие потенциальных потерь и убытковПоложение · 01.01.2026 · № 18/3
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.