# "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы № 2/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтому"

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы № 2/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/3
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-306/edition/437143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы № 2/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтому" (17.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302326

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 17-февралы № 2/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 14-июлунда 74-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү" тууралуу" токтомуна өзгөртүү (кошо тиркелет) киргизилсин.

3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 22-июнунда 62-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 28/4 "Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө жобо" тууралуу" токтом күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Токтом расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы № 2/3 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 14-июлунда 74-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү" тууралуу" токтомуна

ӨЗГӨРТҮҮ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 14-июлунда 74-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү" тууралуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-бөлүгүндөгү 8.1.-пунктунун "өзгөрүүлөрдүн колдонууга киргизилиши мөөнөтү келип жеткенге чейинки 30 күн ичинде" деген сөздөр "тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
