# "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө токтому"

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/1
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-302/edition/436979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө токтому" (30.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302299

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 2009-жылдын 26-марты № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө Улуттук банктын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо базасын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банктын "овернайт" кредити жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо катары, Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, төлөө мөөнөтү "овернайт" жана "бир күндүк кредиттерди" берүү күнүнөн тартып 12 айга чейин белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (МКВ, МКМ жана Улуттук банктын ноталары) кабыл алынсын.

2. Күрөө предметинин наркы кредиттин суммасынан 120% өлчөмүндө белгиленсин.

3. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
