# Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 10-июну № 26/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 10-июну № 26/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/3
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-300/edition/436976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 10-июну № 26/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому (10.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302296

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 10-июну № 26/3 Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдын 18-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелери, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
