# КР Президентинин1999-жылдын 10-февралындагы ПУ № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу " Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин1999-жылдын 10-февралындагы ПУ № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу " Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 10.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-895/edition/1123434/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин1999-жылдын 10-февралындагы ПУ № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу " Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3018

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

УКАЗ ПРЕЗИДЕНТА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 1999-жылдын 10-февралы ПУ № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:

1. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобо жана анын сүрөттөлүшү бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул сыйлыктын белгиленишине байланыштуу уюштуруу-каржылоо маселелерин чечсин.

3. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 Указы менен бекитилген "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалынын СҮРӨТТӨЛҮШҮ "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы төмөнкүчө жасалат: I даража - нейзильберден жасалып, алтындын буусу менен капталган түрдө; II даража - томпактан жасалып, күмүштүн буусу менен капталган түрдө. Медаль эки жагынан томпок кырбулары бар, диаметри 30 мм келген туура тегерек формада. Оң жак бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефи бар. Эмен бутакчалары менен тегеректелген. Жогору жагында I, II деген рим сандары бар. Гербдин негизинин алдында "Даража" деген жазуусу бар тасма орнотулган. Арт жак бетинде медалдын ортосунда "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" деген жазуу бар. Медалдагы бардык сүрөттөр томпогой. Медаль кулакчалары менен кызыл жибек муар тасма менен капталган беш бурчтук түрүндөгү колодкага бекитилет. Тасманын ортосунда сары тилкелери бар: I даражадагыда - бир тилке; II даражадагыда - эки тилке. Тасманын жазылыгы 24 мм, тилкелердин жазылыгы: I даражадагыда - 12 мм, II даражадагыда - 4 мм.
