Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ № 36 «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу « Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
УКАЗ ПРЕЗИДЕНТА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 1999-жылдын 10-февралы ПУ № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:
1. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобо жана анын сүрөттөлүшү бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул сыйлыктын белгиленишине байланыштуу уюштуруу-каржылоо маселелерин чечсин.
3. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 Указы менен бекитилген "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалынын СҮРӨТТӨЛҮШҮ "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы төмөнкүчө жасалат: I даража - нейзильберден жасалып, алтындын буусу менен капталган түрдө; II даража - томпактан жасалып, күмүштүн буусу менен капталган түрдө. Медаль эки жагынан томпок кырбулары бар, диаметри 30 мм келген туура тегерек формада. Оң жак бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефи бар. Эмен бутакчалары менен тегеректелген. Жогору жагында I, II деген рим сандары бар. Гербдин негизинин алдында "Даража" деген жазуусу бар тасма орнотулган. Арт жак бетинде медалдын ортосунда "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" деген жазуу бар. Медалдагы бардык сүрөттөр томпогой. Медаль кулакчалары менен кызыл жибек муар тасма менен капталган беш бурчтук түрүндөгү колодкага бекитилет. Тасманын ортосунда сары тилкелери бар: I даражадагыда - бир тилке; II даражадагыда - эки тилке. Тасманын жазылыгы 24 мм, тилкелердин жазылыгы: I даражадагыда - 12 мм, II даражадагыда - 4 мм.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин жарлыгы 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобо.Положение · 10.02.1999 · № 36
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 1-сентябры № 311 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Указ · 01.09.2008 · № 311 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 3-апрелининдеги ПЖ № 187 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Указ · 03.04.2009 · № 187 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин жарлыгы 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобо.Положение · 10.02.1999 · № 36
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- О государственных наградах Кыргызской РеспубликиЗакон · 06.07.1996 · № 37 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 11.11.2011 · № 710 · Күчүн жоготкон