# Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы № 7/11 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы № 7/11 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/11
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-294/edition/437063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы № 7/11 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301273

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 24-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 22-09

2009-жылдын 11-февралы № 7/11 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5 жана 28-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Акча кредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.

5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, төмөнкүлөр күчтөрүн жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 27-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 19-августунда 103-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 24/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобонун долбоору тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы № 49/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтому.

6. Акча кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
