# КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50/17
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-288/edition/1094677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (15.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301266

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 23-декабры № 50/17 Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 токтому менен бекитилген

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Эрежелердин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3.1 жана 3.2-пункттар менен толукталсын:

"3.1. Фонддун тобокелдиктерин тескөө саясаты Улуттук банк Башкармасы тарабынан жактырылат.

3.2. Фонддун Байкоо кеңеши жана Дирекциясы ошол саясаттын шайкештигине мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү менен зарылчылык келип чыккан шартта, тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн жана ал өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан жактырылууга тийиш.".

2. Эрежелердин 3-бөлүгүнүн 3.1 - 3.5-пункттары, тиешелүүлүгүнө жараша 3.3 - 3.7-пункттар катары эсептелинсин.

3. Эрежелердин 3-бөлүгүнүн 3.5-пунктунун экинчи абзацы алынып салынсын.

4. Эрежелердин 5-бөлүгүнүн 5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"Фонд тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы жана башка талаптардын аткарылышына, жыл сайын өткөрүлүүчү инспектордук текшерүүлөрдү кошо алганда көзөмөлдүктү, Улуттук банктын ага ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү жүзөгө ашырат.".
