# Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50/7
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-287/edition/436501/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (23.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301265

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 23-декабры № 50/7 Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-статьясына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып бир айдан кийин күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын тизмесине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн ошондой эле, кредиттик союздарды тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү С.К.Алыбаева айымга жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
