# КР Улуттук банкыны (2009-жылдын 23-сентябрындагы № 50/2 токтому менен бекителген) Эрежелери

- Толук аталышы: КР Улуттук банкыны (2009-жылдын 23-сентябрындагы № 50/2 токтому менен бекителген) Эрежелери
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50/2
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-285/edition/377235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банкыны (2009-жылдын 23-сентябрындагы № 50/2 токтому менен бекителген) Эрежелери (23.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301263

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 23-декабры № 50/2 Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалымат электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 4- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалымат электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Банктар аралык валюта рыногунда Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 23-июнундагы № 15/2 токтому менен бекитилген Улуттук банктын соода-маалымат электрондук системасы аркылуу иш алып баруунун убактылуу тартиби күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токтом 2010-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

4. Тоорук өткөрүүнүн ушул эрежелеринин шарттарына жооп бербеген коммерциялык банктар 2010-жылдын 1-мартынан тартып Улуттук банкынын соода-маалымат электрондук системасынан автоматтык түрдө чыгарылат.

5. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
