# Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-сентябры № 38/3 " "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-сентябры № 38/3 " "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38-3
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-269/edition/1094639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-сентябры № 38/3 " "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301245

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 2009-жылдын 23-сентябры № 38/3 "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, жана "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 9-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 134-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредит мекемелерин консервациялоо жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу" токтом күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
