# КР Улуттук Банкынын токтому 2009-жылдын 26-августундагы № 35/5 "Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө" тартибин бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: КР Улуттук Банкынын токтому 2009-жылдын 26-августундагы № 35/5 "Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө" тартибин бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35/5
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-267/edition/1094701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук Банкынын токтому 2009-жылдын 26-августундагы № 35/5 "Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө" тартибин бекитүү тууралуу (15.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301243

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2009-жылдын 26-августу № 35/5

"Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө" тартибин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө" тартип, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган № 42/6 "Акча каражаттарын легализациялоо максатында атайын депозиттик эсепти ачуунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу токтомун күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токтом 2009-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

4. Юридикалык бөлүм токтомду Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы

М. Алапаев
