# Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын Токтому 2009 жылдын 26 августу №35/5)

- Толук аталышы: Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын Токтому 2009 жылдын 26 августу №35/5)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 35/5
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-499/edition/438778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын Токтому 2009 жылдын 26 августу №35/5) (26.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301238

---

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/5 токтому менен бекитилген

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби

I. Жалпы жоболор

1.1. Бул акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан.

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде (мындан ары - Улуттук банк) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын (мындан ары - легалдаштыруу субъекттеринин) акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозиттик эсептер менен иш жүргүзгөн коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) иш тартибин аныктоо, ушул Тартиптин максаты болуп саналат.

1.3. Бул Тартипте колдонулган түшүнүктөр «Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамдагы түшүнүктөргө ылайык келет.

II. Атайын депозиттик эсептерди ачуу

2.1. Легалдаштыруу субъектиси тарабынан ушул Тартипке карата № 1 жана № 2-тиркемелерге ылайык формада өтүнүч кат берилген учурда, банк «Мүлктү, билдирбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачат.

2.2. Легалдаштыруу субъектисин атайын депозит эсебин ачууга өтүнүч берүүсү жана бул экепке акча каражаттарын чегерүү 2009-жылдын 1-октябрынан 31 декабрын кошо алгандагы мезгил ичиде жүргүзүлөт.

2.3. Банктар легалдаштыруу субъекттеринин легалдаштыруу максатында ачылган ачайын депозиттик эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарынын өзүнчө эсепке алынышын камсыз кылууга тийиш. Легалдаштыруу субъектиси менен банктын ортосундагы өз ара мамиле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык аныкталат.

2.4. Банк легалдаштыруу субъектисинин акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн атайын депозит эсебин ачууга өтүнүч катын каттоо менен легалдаштыруу субъектиси тарабынан бул эсепке акча каражаттары салынгандан кийин, ага эсептеп көчүрмөнү берет.

III. Атайын депозиттик эсептерди жүргүзүү

3.1. Легалдаштыруу субъекттери тарабынан атайын депозиттик эсептерге акча каражаттарын салуу нак акча каражаттарын салуу же ошол субъекттердин жеке эсептеринен нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу (чегерүү) аркылуу улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында чектөөлөрсүз ишке ашырылат.

3.2. Легалдаштыруу субъекттеринин акча каражаттарын атайын депозит эсебине чегерүү жана которуу, аманатчынын акча каражаттарын атайын депозит эсебинен башка банктык эсептерге которуу, ошондой эле легалдаштыруу субъектисинин атайын депозит эсебинен которуу ишке ашырылган банктык эсеп боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте, Улуттук банктын талаптарына, ошондой эле банктын ички жолжоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

3.3. Кыргыз Республикасынын «Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамында акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн белгиленген мезгил аяктаганда, атайын депозит эсебин ачуу жана аларга акча каражаттарын чегерүү банк тарабынан ишке ашырылбайт.

IV. Корутунду жоболор

4.1. Легалдаштыруу субъектеринин атайын депозит эсептерин жабуусу банктык мыйзам актыларынын ченемдерине, Улуттук банктын талаптарына ылайык тартипте, ошондой эле банктын операцияларды жүргүзүү боюнча жалпы шарттарына жараша ишке ашырылат.

4.2. Ушул Тартип аркылуу жөнгө салынбаган маселелер «Мүлтү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамда белгиленген тартипте чечилүүгө тийиш.

4.3. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык банкка карата таасир этүү чараларды колдонулган шартта, акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 1 тиркеме

Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында атайын депозит эсебин ачууга жеке адамдын өтүнүч каты

(эки нускада толтурулат)

Аты жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ СИИ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жашаган жери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ким экендигин тастыктаган документ:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Түрү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Сериясы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ким тарабынан берилген\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Берилген күнү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Легалдаштыруучу акча каражаттарынын тизмеси

Убактылуу башка адамдын пайдалануусунда турган акча каражаттарынын тизмеси

Акча каражаттарынын суммасы (миң сом)

Банктардагы эсептерде жайгаштырылгандар нак салынгандар

Жыйынтыгында

Өтүнүч катка төмөнкү документтер (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген) кошо тиркелет: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Мен тарабынан легалдаштырылып жаткан акча каражаттары банктардан жана башка финансы кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдирип кетмекчимин. Күнү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өтүнүч ээсинин аты-жөнү) (өтүнүч ээсинин колтамгасы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өтүнүчтү кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы) МО Өтүнүчтү кабыл алган күнү

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 2 тиркеме

Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында атайын депозиттик эсепти ачууга юридикалык жактын өтүнүч каты

(эки нускада толтурулат)

Юридикалык жактын толук аталышы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Каттоодон өткөрүлгөн күн\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ СИИ\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Юридикалык дареги\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизинде (ыйгарым укукту тастыктаган документтин реквизиттери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан толтурулат) атынан иш алып баруучу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты жөнү)

Легалдаштыруучу акча каражаттарынын тизмеси

Убактылуу башка адамдын пайдалануусунда турган акча каражаттарынын тизмеси

Акча каражаттарынын суммасы (миң сом)

Банктардагы эсептерде жайгаштырылгандар нак салынгандар

Жыйынтыгында

Өтүнүчкө төмөнкү документтер (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген) тиркелет: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Мында\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тарабынан легалдаштыруучу (юридикалык жактын аталышы) акча каражаттары банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдирип кетмекчимин. Күнү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өтүнүч ээсинин аты-жөнү) (өтүнүч ээсинин колтамгасы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өтүнүчтү кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы)

МО Өтүнүчтү кабыл алган күн

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 3 тиркеме

Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында ачылган атайын депозит эсебине акча каражаттарынын салынгандыгы жөнүндө тастыктама (көчүрмө)

Берилген күнү 200\_\_\_\_ -жылдын «\_\_\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_Кыргыз Республикасынын (банктын толук аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (легалдаштыруу субъекти) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ атайын депозит эсебине \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сан менен жана жазуу жүзүндө)

суммасында акча каражаттарын салгандыгын тастыктайт. Башкарманын Төрагасы Башкы бухгалтер Банктын мөөрү
