# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлунун № 30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлунун № 30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/6
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-263/edition/1189141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлунун № 30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301180

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын

3-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 77-09

Бишкек шаары

2009-жылдын 15-июлу № 30/6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында акча которуулар

системасы боюнча которууларды жүзөгө

ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жө-

нүндө" Мыйзамынын 43-статьясына таянуу менен Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча котору-

уларды жүзөгө ашыруу эрежелери, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык

бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/1

"Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча жүзөгө ашырыл-

ган которуулар жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июндагы № 26/5 "Кыргыз

Республикасында акча которуулар системасы боюнча жүзөгө ашырылган кото-

руулар жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу" токтому.

3. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте

бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын

Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып

күчүнө кирет.

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банк-

тын структуралык бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен об-

ластындагы өкүлчүлүгүн ошондой эле, коммерциялык банктарды тааныштыр-

сын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

Төрагасынын милдетин аткаруучу Абдыбалы тегин С.
