# КР Улуттук банк башкармасынын токтому 2009-жылдын 27-майы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: КР Улуттук банк башкармасынын токтому 2009-жылдын 27-майы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/3
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-260/edition/810414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк башкармасынын токтому 2009-жылдын 27-майы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу (20.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301176

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 67-09

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-майы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз жөнүндө" мыйзамынын 15-статьясынын талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо, ушул токтомго карата 1-тиркемеге ылайык, ал эми "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо, ушул токтомго карата 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 11-декабрында 115-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 46/6 "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" 300826 тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 11-декабрында 117-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 46/7 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо тууралуу" токтом.

3. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.

Төрага

М.Алапаев
