# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-апрелинин № 19/6 "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-апрелинин № 19/6 "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/6
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-258/edition/553438/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-апрелинин № 19/6 "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтому (30.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301170

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-апрели № 19/6 "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" законунун 43-статьясынын 1-п. ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоо бекитилсин.

2. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Нускоо Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

М. Алапаев
