# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралынын № 7/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21- апрелинде 55-05 номериниин каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралынын № 7/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21- апрелинде 55-05 номериниин каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/3
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-255/edition/442273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралынын № 7/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21- апрелинде 55-05 номериниин каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтому (11.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301166

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 11-февралы № 7/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21- апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна ушул токтомго карата тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен биргеликте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жана кийинки расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

4. Юридикалык бөлүм каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин жарыяланган булак тууралуу (чыгарылыштын аталышы, номери, чыккан күнү) Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

М.Алапаев

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы № 7/3 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын Көзөмөлдөө боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын Көзөмөлдөө боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын Көзөмөлдөө боюнча комитети жөнүндө" Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2.2.-пунктунун в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"в) банк башкармасынын төрагасынын жана кредиттик иштерге жооп берген (жооп беришкен) башкарманын төрагасынын орун басарынын (басарларынын), ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисин, башкы бухгалтердин кызматына макулдашуу;".

2. 2.2.-пунктунун д) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"д) банктын жаңы аталышын алдын-ала макулдашуу;".

3. 2.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы л) пунктчасы менен толукталсын:

"л) критерийлердин баштапкы маанилерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же банктардын маанилүү жаңы критерийлерин киргизүү/иштеп жаткан критерийлерди жоюу;".

4. 2.2.-пунктунун л) пунктчасы м) пунктчасы деп эсептелсин.
