Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 16 ноября 2017 года № 2017-П-14/48-3-(ПС) "Об утверждении Положения "О нештатных ситуациях в платежной системе""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-11-16.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 2017-Б-14/48-3-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 4-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 26-09
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 28-январы № 4/6 «Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
5. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, "Банктар аралык процессинг борбору" Жабык акционердик коомун, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы, коммерциялык банктар жана "Банктар аралык процессинг борбору" Жабык акционердик коому "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого ылайык, өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта системанын персоналынын иш регламентин, иш жүргүзүү, өз ара аракеттенүү жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо пайдаланылган ар бир системанын ыргактуу ишин калыбына келтирүү тартиптерин белгилеген ички жол-жоболордун топтомун 2009-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө иштеп чыгышсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Токоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы
М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6…Положение · 09.12.2015 · № 76/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө ЖОБОПоложение · 14.10.2009 · № 41/7
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча…Постановление · 31.07.2014 · № 34/10
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы № 4/6 токтому менен бекитилген "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз…Положение · 28.01.2009 · № 4/6 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 2017-Б-14/48-3-(ПС) ""Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө"…Постановление · 16.11.2017 · № 2017-П-14/48-3-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы № 4/6 токтому менен бекитилген "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз…Положение · 28.01.2009 · № 4/6 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер (2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген)Правила · 15.07.2009 · № 30/6
- КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-14/23-11-(ПС)