# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 23-декабры № 49/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 23-декабры № 49/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49/4
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-251/edition/331395/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 23-декабры № 49/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому (23.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301159

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын

3-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 19-09

Бишкек шаары

2008-жылдын 23-декабры № 49/4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт"

кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

жөнүндө" Мыйзамынын 5 жана 28-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банктын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Акча кредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен

бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Рес-

публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып

күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, төмөнкүлөр күчтөрүн

жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 24-декабрында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын

1-февралында 10-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 34/4 "Кыргыз Рес-

публикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" жобонун долбоору тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 27-июлунда кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 8-ав-

густунда 100-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 24/2 "Кыргыз Респуб-

ликасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" жобого

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом.

6. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен рес-

публиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
