# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрынын № 45/6 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрынын № 45/6 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45/6
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-246/edition/331390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрынын № 45/6 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому (10.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301154

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын

8-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 1-09

Бишкек шаары

2008-жылдын 10-декабры N 45/6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн

N 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук

төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобо

тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын

18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Рес-

публикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг

системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын

18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Рес-

публикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг

системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр

жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-

дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-

касынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө ки-

рет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерция-

лык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен

областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2008-жылдын 10-декабрындагы

№ 45/6 токтому менен

бекитилген

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон

өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене

жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы

жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна

@1 ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын

18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Рес-

публикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг

системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 6-бөлүк төмөнкү мазмундагы 6.5-пункт менен толукталсын:

"Системанын атайы катышуучусу болуп, Улуттук банкта корреспондент-

тик эсепке ээ болбогон, системага түздөн-түз кошулган катышуучу сана-

лат.".

2. 6.5 жана 6.6-пункттар, тиешелүүлүгүнө жараша 6.6 жана 6.7-пунк-

ттар катары эсептелинсин.

3. 7.13-пункттун үчүнчү сүйлөмүндөгү "жыйынтыктап" деген сөз "де-

беттик" деген сөз менен алмаштырылсын.

4. 9.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"9.3. Системада катышуучулардын таза дебеттик позициясына лимит-

тердин эки түрү белгиленет:

"Дебеттик таза позицияга эсептөө лимити (мындан ары - эсептөө ли-

мити) - күн сайын айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук сис-

темасынан пакеттик клиринг системасына, өткөн чейрек үчүн статистикалык

маалыматтардын негизинде эсептелинген катышуучунун дебеттик таза пози-

циясына акча каражаттарынын максималдуу резерви өлчөмүндө файлдарды

берүү аркылуу клиринг сессиясын ачуудан кийин белгиленет".

"Дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын резерви (мындан ары

резерв) - катышуучу тарабынан күн сайын өз корреспонденттик эсебиндеги,

пакеттик клиринг системасында клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча де-

беттик таза позицияны жыйынтыктап эсептөө үчүн зарыл болгон каражаттар-

дын бөлүгүн резервге коюу аркылуу белгиленет".

5. 9.4 жана 9.5-пункттар алынып салынсын.

6. 9.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"9.6. Лимиттердин эки түрү тењ системада анын айкын убакыт ырга-

гында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы менен өз ара аракеттенүүсү

учурунда жана системанын катышуучулары жыйынтыктап эсептешүүлөрдү

жүргүзүү учурунда катышуучулардын дебеттик позицияларынын ордун жабуу

үчүн каралган Камсыздандыруу Фондусун түзүүдө колдонулушу мүмкүн.".

7. 9.13-пункт алынып салынсын.

8. 9.6-9.14-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 9.3 жана 9.11-пункттар

катары эсептелинсин.
