Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
8-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 1-09
Бишкек шаары
2008-жылдын 10-декабры N 45/6
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында
кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде
2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн
N 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук
төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобо
тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын
18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Рес-
публикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг
системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында ка-
был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын
18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Рес-
публикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг
системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр
жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-
дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-
касынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө ки-
рет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерция-
лык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен
областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 10-декабрындагы
№ 45/6 токтому менен
бекитилген
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында
кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде
2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон
өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене
жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы
жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна
@1 ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын
18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Рес-
публикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг
системасы жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-бөлүк төмөнкү мазмундагы 6.5-пункт менен толукталсын:
"Системанын атайы катышуучусу болуп, Улуттук банкта корреспондент-
тик эсепке ээ болбогон, системага түздөн-түз кошулган катышуучу сана-
лат.".
2. 6.5 жана 6.6-пункттар, тиешелүүлүгүнө жараша 6.6 жана 6.7-пунк-
ттар катары эсептелинсин.
3. 7.13-пункттун үчүнчү сүйлөмүндөгү "жыйынтыктап" деген сөз "де-
беттик" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 9.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"9.3. Системада катышуучулардын таза дебеттик позициясына лимит-
тердин эки түрү белгиленет:
"Дебеттик таза позицияга эсептөө лимити (мындан ары - эсептөө ли-
мити) - күн сайын айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук сис-
темасынан пакеттик клиринг системасына, өткөн чейрек үчүн статистикалык
маалыматтардын негизинде эсептелинген катышуучунун дебеттик таза пози-
циясына акча каражаттарынын максималдуу резерви өлчөмүндө файлдарды
берүү аркылуу клиринг сессиясын ачуудан кийин белгиленет".
"Дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын резерви (мындан ары
резерв) - катышуучу тарабынан күн сайын өз корреспонденттик эсебиндеги,
пакеттик клиринг системасында клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча де-
беттик таза позицияны жыйынтыктап эсептөө үчүн зарыл болгон каражаттар-
дын бөлүгүн резервге коюу аркылуу белгиленет".
5. 9.4 жана 9.5-пункттар алынып салынсын.
6. 9.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"9.6. Лимиттердин эки түрү тењ системада анын айкын убакыт ырга-
гында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы менен өз ара аракеттенүүсү
учурунда жана системанын катышуучулары жыйынтыктап эсептешүүлөрдү
жүргүзүү учурунда катышуучулардын дебеттик позицияларынын ордун жабуу
үчүн каралган Камсыздандыруу Фондусун түзүүдө колдонулушу мүмкүн.".
7. 9.13-пункт алынып салынсын.
8. 9.6-9.14-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 9.3 жана 9.11-пункттар
катары эсептелинсин.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Положение о Системе пакетного клиринга мелких розничных и регулярных платежей в Кыргызской Республике ( Утверждено Постановлением Правления НБКР от 15 декабря 2005 года № 37/8)Положение · 15.12.2005 · № 37/8
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.