Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
8-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 3-09
Бишкек шаары
2008-жылдын 10-декабры № 45/11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 18/4
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу,
жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун
жањы редакциясы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги, Улуттук
банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-июлундагы № 30/9 токтому менен беки-
тилген "Кыргыз Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздарга каттоо но-
мерин ыйгаруу жана мамлекеттик баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүү
тартиби жөнүндө" жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 5, 7, 20, 21 жана 43-статьяларына ылайык келтирилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" № 18/4 токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоорун карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 25-апрелинде ка-
был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
28-майында 32-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/4 "Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жа-
на төлөө жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтомго сунуш кы-
лынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен
бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 10-декабрындагы
№ 45/11 токтому менен
бекитилген
@1 Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 18/4
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу,
жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун
жањы редакциясы тууралуу" токтомуна
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 25-апрелинде кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
28-майында 32-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/4 "Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жа-
на төлөө жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жай-
гаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2-бөлүгүнүн 7-абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Соци-
алдык фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо
боюнча Агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын".
2. Жобонун 3.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.4. Улуттук банктын ноталары кагазсыз формада чыгарылат. Нота-
лардын ар бир чыгарылышы Улуттук банк тарабынан ыйгарылган каттоо номе-
рине ээ. Каттоо номери 11 символдон турат жана төмөнкүчө түзүлөт:
- номердин биринчи символу эмитенттин - Улуттук банктын кодун
түшүндүргөн латын алфавитинин "В" тамгасы;
- номердин экинчи символу баалуу кагаздын түрүн аныктайт: D - дис-
конттук баалуу кагаз;
- номердин үчтөн бешке чейинки символдору жумаларда туюндурулган
баштапкы жүгүртүү мөөнөтүн билдирет, мисалы Улуттук банктын жүгүртүү
мөөнөтү 28 күндүк ноталары үчүн 4 жумалык жүгүртүү мөөнөтү шартында,
004 символ болуп саналат;
- номердин төрттөн он биринчиге чейинки символдору ГГММДД сандык
форматындагы чыгарылыштын төлөө күнүн чагылдырат мисалы, 2008-жылдын
5-ноябры төлөө датасы катары көрсөтүлгөн чыгарылыш үчүн 081105 символ
болуп саналат.
Мисал: ВD004081105 - Улуттук банк тарабынан чыгарылган, жүгүртүү
мөөнөтү 28 күндүк, төлөө күнү 2008-жылдын 5-ноябрына туура келген дис-
конттук баалуу кагаз".
3. Жобонун 6.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"6.5. Тике катышуучулар - коммерциялык банктар өз билдирмелерин
сыяктуу эле, кардарлардын билдирмелерин бере алышат. Тике катышуучулар
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын
Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиги өздөрүнүн гана билдирмелерин бери-
ше алышат".
4. Жобонун 8.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8.8. Тике катышуучулар - коммерциялык банктар өз билдирмелерин
сыяктуу эле, кардарлардын билдирмелерин бере алышат. Тике катышуучулар
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын
Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиги өздөрүнүн гана билдирмелерин бери-
ше алышат".
5. Жобонун 10.3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-
ду" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюн-
ча Агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын".
6. Жобонун 13.3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-
ду жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун" деген сөздөр "Кыр-
гыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиги жана Кыргыз
Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча Агенттигинин" деген сөздөр
менен толукталсын".
7. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу,
жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме
төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү
жана төлөө жөнүндө" жобого карата
1-тиркеме
20__ жылдын "___" _____________
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
ноталарын сатып алууга
БИЛДИРМЕ(*)
(тике катышуучунун расмий аталышы) Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын ноталарынын 200__-жылдын "___" __________ өтө турган аукциону-
на(доруна) төмөнкү шарттарда катышууга даяр экендигин билдирет:
_________________
(эмиссия №)
| П/П | 1 нотанын сатып | Ноталардын саны | Сатып алуу наркы |
| номери | алуу баасы (сом) | (даана) | (сом) |
| Өздүк билдирме | |||
| Кардарлардын билдирмеси |
Билдирме _______ баракта тариздетилген.
МО(**) Жетекчи: ________________ _____________________
(колтамга) (аты-жөнү)
Башкы бухгалтер: ________________ _____________________
(колтамга) (аты-жөнү)
Атк. _______________________
тел:. ______________________
___________________
(*) - Улуттук банктын мөөнөттүүлүктүн ар бир категориясы боюнча
ноталарына билдирмелер тариздетилет
(**) - ыйгарым укуктуу жактын мөөрү жана колтамгасы билдирменин ар
бир барагына коюлууга тийиш"
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о выпуске, размещении, обращении и погашении нот Национального банка Кыргызской РеспубликиПоложение · 25.04.2008 · № 18/4 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.