Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармвсынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
8-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 4-09
Бишкек шаары
2008-жылдын 10-декабры № 45/10
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы
№ 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин
Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн
тартиби жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу,
жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык келтирилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" № 42/4 токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоорун карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрында
кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын
26-октябрында 102-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 42/4 "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Улуттук банк аркылуу
жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жањы ре-
дакциясы тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен
бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкарма-
сынын 1996-жылдын 6-июнундагы № 20/2 "МКВларды Улуттук банк аркылуу же-
ке адамдарга атаандашсыз сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 10-декабрындагы
№ 45/10 токтому менен
бекитилген
@1 Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы
№ 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин
Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн
тартиби жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтомуна
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республи-
касынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында 102-07 номерин-
де каттоодон өткөртүлгөн № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ка-
зына векселдерин Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу" токтому
менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин
Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби
жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун "Терминдер жана аныктамалар" деп аталган бөлүгүнүн
3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"МКВ - кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу
кагаз (жүгүртүү мөөнөтү 1 айдан 12 айга чейин, жетиге бөлүнгөн, 28
күндөн 1 айга чейин жана 364 күндөн 12 айга чейин) Бир МКВнын номинал-
дык наркы 100 сомго барабар.
2. Жобонун "Терминдер жана аныктамалар" деп аталган бөлүгүнүн
8-абзацындагы "финансы-кредит мекемеси ("ЭСК" ААКсы) деген сөздөр алы-
нып салынсын.
3. Жобонун "Терминдер жана аныктамалар" деп аталган бөлүгүнүн
9-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Аукциондун тике катышуучусу - биринчилик дилер Улуттук банк жана
Улуттук банк менен ал аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаз-
дар рыногунда иш алып баруу үчүн тиешелүү келишим түзүшкөн Кыргыз Рес-
публикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди
коргоо боюнча Агенттиги".
4. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык иштелип чыккан жана
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан биринчилик рыногунда
Кыргыз Республикасынын казына векселдеринин жайгаштырылышынын (сатылы-
шынын) тартибин аныктайт".
5. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктундагы "2006-жылдын 12-декабрында-
гы № 845" деген сөздөр "2008-жылдын 2-октябрындагы № 556" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
6. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.8. Аукцион Эмитент тарабынан төмөнкү учурларда өткөрүлбөгөн, ал
эми эмиссия жайгаштырылбаган катары таанылышы мүмкүн:
- аукционго катышуучулардын саны үчтөн аз болуп калса;
- кабыл алынган билдирмелердин орточо алынган кирешелүүлүгү мурда-
гы аукциондо түптөлгөн орточо салмактанып алынган кирешеден 15% ашкан
болсо".
7. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.9. Эмитент жарыяланган эмиссиянын көлөмүн төмөнкү чектерде кыс-
картууга же көбөйтүүгө укуктуу:
- билдирмелерди максималдуу канааттандыруу МКВны чыгаруу көлөмүн
25% арттыруу менен чектелет;
- билдирмелерди минималдуу канааттандыруу МКВны чыгаруу көлөмүн
25% төмөндөтүү менен чектелет".
8. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.10. Эмитент эмиссиянын жарыяланган көлөмүнөн үстөк МКВны кошум-
ча (аукциондон тышкары) жайгаштырууну жүзөгө ашырууга укуктуу. МКВны
кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу тартиби Эмитент тарабынан
Улуттук банк менен биргелешип аныкталат".
9. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.11. Өткөрүлгөн аукциондо МКВнын жарыяланган чыгарылышы толук
эмес жайгаштырылган учурда, Эмитент чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнүн
жайгаштырылбаган бөлүгүн кийинки аукционго, алдыда турган тоорукта чы-
гарылыштын мурда жарыяланган көлөмүн өткөрүлгөн тоорукта жайгаштырылба-
ган эмиссия көлөмүнө көбөйтүү аркылуу кайрадан сунуштоого укуктуу".
10. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.11-пункту жана 1.12-пункттары, тие-
шелүүлүгүнө жараша 1.12 жана 1.13 пункттар деп эсептелинсин.
11. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.7-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен
толукталсын:
"Биринчилик дилер атаандаша албаган сунушу менен өз билдирмесин
бере албайт".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке проведения аукциона по размещению государственных казначейских векселей Кыргызской Республики через НБКР (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от…Положение · 19.09.2007 · № 42/4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону…Постановление · 02.10.2008 · № 556
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү…Положение · 02.10.2008 · № 556
- Исфана шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 20/12 «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн…Постановление · № 20/2
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке проведения аукциона по размещению государственных казначейских векселей Кыргызской Республики через НБКР (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от…Положение · 19.09.2007 · № 42/4 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.