# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрынын № 42/3 "Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрынын № 42/3 "Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42/3
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-242/edition/349379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрынын № 42/3 "Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу токтому (19.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301148

---

КР Улуттук банкынын Башкармасынын

2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын

31-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 157-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 26-ноябры № 42/3

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

"Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жобонун

жањы редакциясы тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 22-статьяларына ылайык иштелип чыккан

"Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жобонун жањы редакциясынын долбоорун

карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом

кылат:

1. Кароого сунушталган "Милдеттүү камдар (резервдер) жөнүндө" жо-

бонун жањы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Экономика башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул ток-

томду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө

кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жа-

рыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, төмөнкүлөр күчүн жо-

готту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 2-февралындагы № 4/3

"Милдеттүү резервдик (камдык) талаптарды эсептөөдө валюталык депозит-

терди конвертирлөө үчүн колдонулган АКШ долларынын алмашуу курсу

жөнүндө" токтомунун 3, 4-пункттары;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 27-августунда ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын

5-октябрында 108-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/4 "Милдеттүү

камдар жөнүндө" жобонун жањы редакциясын бекитүү тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-февралында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын

19-мартында 29-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 7/4 "Ислам каржылоо

принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы (пилоттук) долбоорду

жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы үчүн милдеттүү камдар жөнүндө"

жобону бекитүү тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 30-сентябрында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын

6-ноябрында 134-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/4 "Улуттук банк

Башкармасынын 2007-жылдын 14-февралындагы № 7/4 "Ислам каржылоо прин-

циптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы (пилоттук) долбоорду жүзөгө

ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы үчүн милдеттүү камдар жөнүндө" жобону

бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 18-ноябрында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын

15-декабрында 156-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 34/1 "Милдеттүү

камдар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-февралында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын

23-мартында 33-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/4 "Улуттук банк

Башкармасынын 2004-жылдын 14-февралындагы № 7/1 токтому менен бекитил-

ген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

токтом.

6. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды

тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк башкармалыгынын төрагасы М.Алапаев
