Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
15-декабрында каттоодон өттү. Каттоо номери 144-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 5-ноябры № 40/7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик-укуктук ак-
тыларына карата, кредиттик союздарда депозиттик операцияларды өнүктүрүү
жана алардын ишине көзөмөлдүктүн таасирдүүлүгүн арттыруу максатында иш-
телип чыккан жана сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун
долбоорун карап көрүп, талкууга алуу менен ошондой эле, Кыргыз Респуб-
ликасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик-укуктук
актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет)бекитилсин.
2. Өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу менен иш алып барган
кредиттик союздар 2010-жылдын 1-январынан кечиктирбестен маалымат сис-
темасын пайдаланууга өтүшсүн.
3. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте
жөнөтүшсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алы-
баевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк Башкармасы төрагасы М.Алапаев
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 5-ноябрындагы
№ 40/7 токтомуна
тиркемеси
@1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик актыларына
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын
10-июнунда 75-05 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 14/3
"Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жањы редакциясы туу-
ралуу" токтом менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо
жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жобонун 5.1-пункту төмөнкү мазмундагы 7-пунктча менен толуктал-
сын:
"Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга жооп
берген маалымат системасынын болушу";
- 5.3-пункту алынып салынсын;
- 5.4, 5.5, 5.6, 5.7, 5.8, 5.9 жана 5.10 тиешелүүлүгүнө жараша
5.3, 5.4, 5.5, 5.6, 5.7, 5.8 жана 5.9-пункттар катары эсептелинсин;
- 2-тиркеменин 5-пункттун экинчиси 6-пункт катары эсептелинсин;
- 2-тиркеменин 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"коммерциялык банктарды кошо алганда, бардык финансы-кредит меке-
мелерин (ФКМ) көрсөткүлө:
1) Сиз катышуучусу/акционери болуп саналган:
| ФКМ/Банктын | ФКМ/Банктын | Ага тиешелүү болгон | Уставдык |
| толук аталышы | жайгашкан орду | акциялардын саны же | капиталдагы |
| башкаруунун башка | үлүш | ||
| формасы | |||
| (көрсөткүлө) |
2) Сиз контролдукту жүзөгө ашырып же олуттуу таасир эте алгандарды
(катышуу үлүшү/акциялар 5% көбүрөөк)
| ФКМ/Банктын | ФКМ/Банктын | Ага тиешелүү болгон | Уставдык |
| толук аталышы | жайгашкан орду | акциялардын саны | капиталдагы |
| үлүш |
3) Сиз Директорлор кењешинин (Байкоо органынын) мүчөсү, башкарма-
нын мүчөсү (аткаруу органынын) же башка кызмат адамы же кызматкери бол-
гондорду
| Ага тиешелүү болгон | ФКМ/Банктын | Ээлеген кызматы |
| акциялардын саны | жайгашкан орду |
";
- 6-9 пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 7-10 пункттар катары эсепте-
линсин;
- 2-тиркеме төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"Коммерциялык банктарды кошо алганда, кайсы бир финансы-кредит ме-
кемесинин катышуучусу, акционери, кызмат адамы болуп саналган жакын ту-
угандарыњарды атап көрсөткүлө (ата-эне, жашы 16дан ашкан балдар, ая-
лы-күйөөсү, эже-сињди (карындаш), ага-ини, чоњ ата (таята) чоњ эне (та-
яене):
| Аты-жөнү | Туугандык катышы | Иштеген жери | Ээлеген кызматы | Үй дареги, |
| тел. N |
";
- 2-тиркеменин 8, 9 жана 10-пункттары, тиешелүүлүгүнө жараша 9, 10
жана 11-пункттар катары эсептелинсин.
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-ию-
нунда 73-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 14/2 "Кыргыз Республика-
сында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин жањы редакция-
сы тууралуу" токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кредиттик
союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-
луктоолор киргизилсин:
- Эреженин 4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "4.3 Кредиттик
союздун капиталынын минималдуу өлчөмү:
а) депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар
үчүн кеминде 30000 (отуз мињ) сом;
б) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди)
тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн - кеминде 500000
(беш жүз мињ) сомду түзүүгө тийиш."
- Эреженин "4.5 Кредиттик союздарга карата коюлуучу талаптардын
жана чектөөлөрдүн мааниси" деп аталган IV бөлүгү, төмөнкү мазмундагы
4.5-пункт менен толукталсын: "Кредиттик союздун катышуучуларынан ама-
наттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар
үчүн негизги суммасы жана/же пайыздары мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп
жиберилген кредиттердин негизги суммасы боюнча чогуу алгандагы карыз-
дардын кредит портфелине карата катышы 5% ашпоого тийиш".
- Эреженин "Капиталдын шайкештигинин нормативи (Н6)" деп аталган
5.6-пункту төмөнкү мазмундагы 5.6.6-пунктча менен толукталсын: "5.6.6
Кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу
укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн институционалдык капитал-
дын (Н6-1) шайкештиги нормативинин мааниси 12% дењгээлинде белгиленет."
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу" эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы N 14/2 токтому менен…Правила · 04.05.2005 · № 14/2
- КР БШК 2015-жылдын 28-октябры № 64/7 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 78/25
- Положение о лицензировании кредитных союзов (Утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 4 мая 2005 года № 14/3)Положение · 04.05.2005 · № 14/3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР БШК 2015-жылдын 28-октябры № 64/7 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 78/25
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон