# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобо жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобо жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/5
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-238/edition/1234336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобо жөнүндө токтому (28.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301142

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын

26-апрелинде каттоодон өткөн. Каттоо номери 46/07

Бишкек шаары

2007-жылдын 28-марты № 16/5

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

"Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук

абалын аныктоо тууралуу" Жобо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Банктык кызмат

көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобонун дол-

боорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы

банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамынын560 7-статьясынын 4-пунктуна таянуу менен токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ба-

сымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык

бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө

кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигине маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев
