# Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/13
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-237/edition/1184543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу токтому (17.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301140

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 44-07

Бишкек шаары 2007-жылдын 14-марты № 13/13

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

"Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кредиттик союз- дардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кредиттик союздар жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Кредиттик союздардын ишине инспектордук

текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык

бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция минис- трлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары- ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.Э.Джа- ныбековага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев
