Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуунун Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтому
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартында
25-06 номеринде каттоодон өткөн.
Бишкек шаары
2006-жылдын 8-февралы № 5/8
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын
ишин жөнгө салуунун Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кредиттик союздарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын
өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын
ишин жөнгө салуунун Эрежелерине сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 ток-
тому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөн) Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуунун Эрежелерине сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-
нистрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүшсүн.
3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө
кирет.
4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл Башкармалыгы ушул ток-
том менен Улуттук банктын областтык Башкармалыктарын жана Баткен облас-
тындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым
С.Э.Джаныбековага ыйгарылсын.
Башкарманын Төрагасы үчүн
Улуттук банктын Төрагасынын
милдетин аткаруучу М.Б.Ишенбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2006-жылдын 2-мартындагы
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасындагы кредиттик
союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелерине
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын
4-майындагы № 14/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юс-
тиция министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон
өткөн Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу
Эрежелерине төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3.1-пунктунда "бардык кредиттик союздар милдеттүү түрдө аткару-
уга тийиш болгон" деген сөздөр алынып салынсын.
2. 3.1-пункт төмөнкү мазмундагы 3.1.3 пунктча менен толукталсын:
"3.1.2 пунктчасында көрсөтүлгөн экономикалык ченемдер (нормативдер),
бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (Н2) ченемин зске
албаганда, өз катышуучуларынан депозиттерди тартпаган жана Кыргыз Рес-
публикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы
компаниясы ЖЧКсына карызы болбогон кредиттик союздарга таркатылбайт".
3. IV бөлүктүн 4.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна ли-
цензияга ээ кредиттик союздар үчүн депозиттик базанын максималдуу
өлчөмүнө чектөөлөр депозиттик базанын кредиттик союздун институционал-
дык капиталына карата катышы катары аныкталат жана ал төмөнкү таблицада
келтирилген":
| Кредиттик союз депозиттерди | 1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | 4 жыл жана |
| (аманаттарды) тартуу боюнча | андан көп | |||
| операцияларды жүзөгө ашырган | ||||
| мезгил | ||||
| Бардык депозиттер | 300% | 350% | 400% | 450% |
| ------------ x 1000 | ||||
| институционалдык капитал |
4. 5.2-пункттун 5.2.2 жана 5.2.3-пунктчаларындагы "15%" деген
"20%" дегенге алмаштырылсын.
5. 5.4-пункттун 5.4.2-пунктчасынын экинчи жана алтынчы абзацтарын-
дагы "10%" деген "20%" алмаштырылсын.
6. 5.4-пункттун 5.4.3 пунктчасы алынып алынсын.
7. 5.2-пункттун 5.5.2 пунктчасы төмөнкү мазмундагы жањы абзац ме-
нен толукталсын: "Өз катышуучуларынан депозиттерди тарткан кредиттик
союздар, ликвидүүлүк тобокелигин тескөө максатында ликвиддүүлүк ченемин
эсептөөнү ар жумалык негизде жүзөгө ашырууга тийиш".
8. 6.1-пункттагы "Бөлүм" деген сөз "Башкармалык" деген сөзгө ал-
маштырылсын; "Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү" деген
сөздөр "Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл Башкармалыгы" деген
сөздөргө; "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик документте-
рине ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын че-
немдик укуктук актыларында бекитиленген тартипте" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын.
9. 6.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "Экономикалык ченемдер-
дин, талаптардын жана чектөөлөрдүн сакталышы жөнүндөгү маалыматтар кре-
диттик союздар тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 24-ию-
нундагы № 20/7 "Кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү ре-
гулятивдик отчетторунун убактылуу формалары жана Мезгил-мезгили менен
берилүүчү регулятивдик отчеттордун убактылуу формаларын толтуруу боюнча
нускоо жөнүндөгү" токтомунун талабына ылайык берилет".
10. VI бөлүктүн 6.3 жана 6.5-пункттары алынып салынсын. Тие-
шелүүлүгүнө жараша 6.4-пункт 6.3-пункт деп эсептелсин жана бул пунктта-
гы "Улуттук банктын талаптарына ылайык" деген сөздөр алынып салынсын.
11. 7.1 пунктундагы "Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл
бөлүмү" деген сөздөр "Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөлдүк Баш-
кармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу" эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы N 14/2 токтому менен…Правила · 04.05.2005 · № 14/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/8 "О внесении изменений и дополнений в «Правила регулирования деятельности кредитных союзов в Кыргызской Республике»Постановление · 02.03.2006 · № 5
Шилтеме берет (3)
- "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу" эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы N 14/2 токтому менен…Правила · 04.05.2005 · № 14/2
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2005 · № 14/2
- Постановление Правления Национального банка КР от 24 июня 2005 года № 20/7 " О Временных формах периодического регулятивного отчета кредитного союза и Инструкции по заполнению…Постановление · 24.06.2005 · № 20/7