# Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 Кыргыз Республикасында электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг Системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу Эрежелерин бекитүү тууралуу токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 Кыргыз Республикасында электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг Системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу Эрежелерин бекитүү тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/10
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-233/edition/331369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 Кыргыз Республикасында электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг Системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу Эрежелерин бекитүү тууралуу токтому (02.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301133

---

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартында

25-06 номеринде каттоодон өткөн.

Бишкек шаары

2006-жылдын 2-марты № 5/10

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН

БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында электрондук төлөм

документтеринин жана майда чекене жана утурумдук

төлөмдөрдүн пакеттик клиринг Системасынын

билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу Эрежелерин

бекитүү тууралуу

Төлөө системалары Башкармалыгы сунуш кылган "Кыргыз Республикасын-

да электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук

төлөмдөрдүн пакеттик клиринг Системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын

толтуруу Эрежелеринин" долбоорун карап көрүү менен Кыргыз Республикасы-

нын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кароого сунуш кылынган Кыргыз Республикасында электрондук төлөм

документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик

клиринг Системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу Эрежелери(кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Төлөө системалары Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте

ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген

тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып

күчүнө кирет.

4. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкарма-

сынын 2006-жылдын 8-февралындагы № 4/3 "Кыргыз Республикасында элект-

рондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук

төлөмдөрдүн пакеттик клиринг Системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын

толтуруу Эрежелеринин" токтому күчүн жоготтуу деп таанылсын.

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин,

жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү

жарыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине

маалымдалсын.

6. Төлөө системалары Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык

банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын облас-

ттык Башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштыр-

сын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Ш.И.Молдоканов мырзага

жүктөлсүн.

Башкарманын Төрагасы үчүн

Улуттук банктын Төрагасынын

милдетин аткаруучу М.Б.Ишенбаев
