# Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2005-жылдын 20-январынын № 1/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, Эсептешүү- Сактык компаниясын жана финансы-кредиттик мекемелердин лицензияларынын бланктарын алмаштыруу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2005-жылдын 20-январынын № 1/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, Эсептешүү- Сактык компаниясын жана финансы-кредиттик мекемелердин лицензияларынын бланктарын алмаштыруу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/4
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/301132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-232/edition/331368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/301132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2005-жылдын 20-январынын № 1/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, Эсептешүү- Сактык компаниясын жана финансы-кредиттик мекемелердин лицензияларынын бланктарын алмаштыруу жөнүндө токтому (20.01.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/301132

---

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон

2005-жылдын 11-январында өткөрүлгөн. Каттоо номери 26-05

Бишкек шаары

2005-жылдын 20-январы № 1/4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН

БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан

лицензияланган коммерциялык банктардын, Эсептешүү-

Сактык компаниясын жана финансы-кредиттик

мекемелердин лицензияларынын бланктарын

алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

жөнүндөгү" Мыйзамынын 4-статьясына, Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндөгү" Мыйзамынын 1-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктык

эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү, Улуттук банктын областтык Баш-

кармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ушул токтом жарыялан-

гандан кийин эки айлык мөөнөт ичинде төмөнкүлөргө берилген лицензиялар-

дын бланктарын алмаштырууну жүзөгө ашырышсын:

- коммерциялык банктардын жана ЭСКнын;

- адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин;

- кредиттик союздардын;

- ломбарддардын;

- микрокредиттик компаниялардын (финансы лизинги жана факторинг

боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укук);

- микрокредиттик агенттиктердин (финансы лизинги боюнча операция-

ларды жүзөгө ашырууга укук).

2. Бланктарды алмаштыруу лицензияларды берүү, кайра тариздөө,

мөөнөтүн узартуу же көчүрмөсүн (дубликат) берүү болуп саналбастыгы жана

акы алуусуз жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктык

эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү Юридикалык бөлүм менен бирдикте

ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген

тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктык

эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү, Улуттук банктын областтык Баш-

кармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ушул токтом менен

Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарды, ЭСКны жана фи-

нансы-кредиттик мекемелерди тааныштырсын.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө

кирет.

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жа-

рыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине

маалымдалсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым

Г.М.Омурзаковага ыйгарылсын.

Башкарманын Төрагасы У.К.Сарбанов
