Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, Эсептешүү- Сактык компаниясын жана финансы-кредиттик мекемелердин лицензияларынын бланктарын алмаштыруу жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон
2005-жылдын 11-январында өткөрүлгөн. Каттоо номери 26-05
Бишкек шаары
2005-жылдын 20-январы № 1/4
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан
лицензияланган коммерциялык банктардын, Эсептешүү-
Сактык компаниясын жана финансы-кредиттик
мекемелердин лицензияларынын бланктарын
алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
жөнүндөгү" Мыйзамынын 4-статьясына, Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндөгү" Мыйзамынын 1-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктык
эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү, Улуттук банктын областтык Баш-
кармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ушул токтом жарыялан-
гандан кийин эки айлык мөөнөт ичинде төмөнкүлөргө берилген лицензиялар-
дын бланктарын алмаштырууну жүзөгө ашырышсын:
- коммерциялык банктардын жана ЭСКнын;
- адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин;
- кредиттик союздардын;
- ломбарддардын;
- микрокредиттик компаниялардын (финансы лизинги жана факторинг
боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укук);
- микрокредиттик агенттиктердин (финансы лизинги боюнча операция-
ларды жүзөгө ашырууга укук).
2. Бланктарды алмаштыруу лицензияларды берүү, кайра тариздөө,
мөөнөтүн узартуу же көчүрмөсүн (дубликат) берүү болуп саналбастыгы жана
акы алуусуз жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктык
эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү Юридикалык бөлүм менен бирдикте
ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген
тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктык
эмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү, Улуттук банктын областтык Баш-
кармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ушул токтом менен
Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарды, ЭСКны жана фи-
нансы-кредиттик мекемелерди тааныштырсын.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө
кирет.
6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жа-
рыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине
маалымдалсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым
Г.М.Омурзаковага ыйгарылсын.
Башкарманын Төрагасы У.К.Сарбанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон