Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштаманы карап чыгуу боюнча Комиссиянын иши жөнүндө жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-16.
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
22-апрелинде каттоодон өткөн. Каттоо номери 47-09
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2009-жылдын 16-апрелиндеги
№ 85-П буйругу менен
бекитилди
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга
табыштаманы карап чыгуу боюнча
Комиссиянын иши жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы Жобо
2. Комиссиянын милдеттери жана максаттары
3. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишин уюштуруунун тартиби
4. Комиссиянын катчысынын, төрагалык кылуучуларынын жана
мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары
1. Жалпы Жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514
токтому менен бекитилген "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" Жобону ишке ашыруу максатында дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштамаларды карап чыгуу боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссия райондук, шаардык жана облустук дењгээлде түзүлөт, ошон-
дой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин комиссиясы
түзүлөт.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштамаларды карап чыгуу
боюнча Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Финансы министри бе-
китет.
Комиссиянын секретариатынын иш милдетин Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмдөр жана ыйгарым укуктуу
башкармалыктары аткарат.
Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Дем
берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө" Жобо-
ну, дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо долбоорун даяр-
доо жана баалоо боюнча Нускаманы, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясына каршы келбеген башка ченемдик-укуктук ак-
тыларды жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын милдеттери жана максаттары
Комиссияны түзүү ар түрдүү дењгээлдеги бюджеттердин, эл аралык до-
норлордун жана башка тараптардын дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсе-
бинен каржылоо механизмине катышуусу менен шартталган. Комиссияларда
долбоорлорду карап чыгуу дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен
каржылоонун жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылат.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштамаларды карап чыгуу
боюнча Комиссия коллегиалдуу кењеш берүүчү органдын статусуна ээ.
Райондук, шаардык жана облустук дењгээлдеги Комиссиянын чечими су-
нуштама мүнөзүнө ээ. Акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Финансы ми-
нистрлигинин Комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылоого көрсөтүлгөн
долбоорлорду карап чыгуу, баалоо жана тандоо, көрсөтүлгөн долбоорлор
боюнча жыйынтык маалыматты даярдоо, ошондой эле долбоорлорду ишке ашы-
руу планын талкуулоо, райондук жана облустук мамлекеттик администрация-
ларды, шаарлардын мэрияларын, эл аралык уюмдарды, ишканаларды жана баш-
ка тараптардын үлүштүк кош каржылоосун аныктоо Комиссиянын милдети бо-
луп саналат.
3. Комиссияны түзүүнүн жана анын
ишин уюштуруунун тартиби
3.1. Райондордун, шаарлардын жана облустардын дењгээлдеги комиссия
мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, эл аралык донорлордун, өкмөттүк
эмес уюмдардын жана башка тараптардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Кыргыз Рес-
публикасынын Финансы министрлигинин Комиссиясынын курамын Кыргыз Рес-
публикасынын Финансы министри аныктайт.
3.2. Райондордун, шаарлардын жана облустардын дењгээлдеги Комисси-
ялардын курамы:
- финансы бөлүмүнүн/башкармалыктын өкүлү;
- райондук/облустук администрациялардын, мэриялардын өкүлү;
- ДҮГгө берилген долбоорлорду үлүштүк каржылоого катышкан эл ара-
лык уюмдардын, ишканалардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү.
3.3. Дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга табыштамаларды карап чы-
гуу боюнча Комиссия 4 (төрт) мүчөдөн кем болбоого тийиш.
3.4. Комиссиянын ишине катышуу үчүн (Капиталдык курулуш башкарма-
лыгы, Санитардык-эпидемиологиялык станциялар, Архитектура жана курулуш
боюнча Мамлекеттик агенттик ж.б.) техникалык башкармалыктардын жана
кызматтардын жооптуу кызматкерлери эксперттер катары тартылышы мүмкүн.
3.5. Комиссиянын курамы зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасы-
нын Финансы министрлигинин сунуштамасы боюнча жањыланышы мүмкүн.
3.6. Комиссиянын отуруму аларды өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу-
на негизденип, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
3.7. Комиссиянын отурумуна Комиссия мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн эки-
си катышканда ал укуктуу.
3.8. Комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тењ бөлүнүп калган учурда
акыркы чечимди Комиссиянын төрагасы кабыл алат.
3.9. Комиссиянын отуруму үчүн материалдарды даярдоону Комиссиянын
катчысы ишке ашырат.
3.10. Комиссиянын отурумунун материалдары отурумга чейин жети
күндөн кечиктирбестен Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет.
3.11. Комиссиянын чечими Протокол менен таризделет, аны түзүүнүн
максаты берилген долбоорлорду үлүштүк кош каржылоо боюнча катышуучулар-
дын ой-пикирлерин жазып калтыруу болуп саналат.
Протоколдо:
- отурумду өткөрүү күнү жана орду;
- отурумга чыгып сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
- талкуулануучу маселелер боюнча чечим көрсөтүлөт.
Протокол Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт жана отурум аяк-
тагандан кийин үч күндүк мөөнөттө таризделет.
Комиссиянын отурумунун Протоколуна отурумга катышкан Комиссиянын
бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Комиссия отурумунун протоколунун түп нускасы белгиленген тартипке
ылайык Комиссиянын катчысында сакталат. Комиссия отурумунун Протоколдо-
рунан жазып алуулар жана протоколдордун көчүрмөсү анын мүчөлөрүнүн та-
лап кылуусу боюнча берилет.
3.12. Протокол жана коштомо документтер (статистикалык мүнөздөгү
маалымат, долбоорлор жана чечмелөөлөр) ДҮГ боюнча жогору турган комис-
сияга жиберилет.
4. Комиссиянын катчысынын, төрагалык кылуучуларынын
жана мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары
4.1. Комиссиянын катчысы Комиссия пландалган отурумунун күн тарти-
би жөнүндө отурум башталганга чейин жети күндөн кечиктирбестен Комисси-
янын мүчөлөрүн кабарлоого милдеттүү.
4.2. Комиссиянын төрагалык кылуучу мүчөсү:
- Комиссиянын отурумун алып барат;
- Комиссиянын отурумунун протоколуна кол коет;
- Комиссиянын отурумун өткөрүүнүн жол жоболорун жана убактылуу
регламентин аныктайт.
4.3. Комиссиянын мүчөсү:
- Комиссиянын отурумунун күн тартиби жана алып баруу тартиби боюн-
ча сунуш киргизүүгө;
- күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоого катышууга,
талкуулоодо отурумдун документтеринин долбооруна оњдоолорду киргизүүгө;
- талкуулануучу маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга;
- Комиссия түзүүчү документтин долбооруна аларды киргизүү үчүн су-
нуштарды иштеп чыгууга катышууга;
- Комиссиянын отурумунун күн тартибине киргизилген маселелер боюн-
ча материалдарды даярдоону жүргүзүүгө укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-апрелинин № 85-П Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду даярдоо…Приказ · 16.04.2009 · № 85-п · Күчүн жоготкон
- Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 30.03.2010 · № 198 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТоктомуПостановление · 23.10.2007 · № 514 · Күчүн жоготкон