Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген Туристтик ишкердүүлүктү жүргүзүүдөгү коопсуздук уюштурууларга жалпы талаптар жөнүндө Жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-02-04.
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
6-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери № 28-09
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу туризм боюнча
мамлекеттик агенттиктин
2009-жылдын 4-февралындагы
№ 7 буйругу менен
бекитилген
Туристтик ишкердүүлүктү жүргүзүүдөгү коопсуздук
уюштурууларга жалпы талаптар жөнүндө
ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын "Туризм жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 14 "2008-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш аракеттеринин програм-
масын бекитүү жөнүндө" токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
башка ченемдик укук актыларына ылайык иштелип чыкты жана туристтик иш-
кердүүлүктү жүргүзүүдөгү коопсуздук уюштуруулардын жалпы талаптарын
аныктайт.
Туристтердин жашоосун, ден соолугун жана мүлкүнүн коопсуздугун
камсыз кылуу, ушул жобону аткаруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
1. Негизги түшүнүктөр
1.1. Уюштуруучулук түрү боюнча туризм өз алдынча жана уюштурулган
деп экиге бөлүнөт.
Уюштурулган туризм - туристтик индустрия субъектилери тарабынан
уюштурулган саякаттары жана жүрүштөрү:
- коммерциялык түрү (жеке ишкерлер, жоопкерчилиги чектелген коом-
дор, акционердик бирикмелер);
- коомдук түрү (коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар).
Өз алдынча туризм - саякаттоо же жүрүштүн активдүү ыкмасын колдо-
нуу менен туристтердин өз алдынча уюштуруулары.
1.2. Туристтер төмөнкү типтүү документацияны колдонушат:
- маалымат картасы (№ 1 тиркеме);
- багыт баракчасы (№ 2 тиркеме);
- багыттык туристтик китепче (№ 3 тиркеме);
- камсыздандыруу полиси;
- туристтик жолдомо.
1.3. Туризмдин бардык түрлөрүндөгү келип чыккан кырсык коркунуч-
тардын дењгээли боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- экстремалдык - жарандардын жогорку коркунуч дењгээлиндеги ишкер-
дүүлүгү (спорттук туризм, альпинизм, спелеотуризм, рафтинг, каякинг,
дайвинг, парапланиризм, гелиски, тоо лыжалары, бейсинг, мото-велоту-
ризм);
- экскурсиялык - бир же эки күндүк жүрүш жана категорияланбаган
көп күндүк туристтик иш чаралар (калк конушунан тышкары жаратылышка чы-
гуу, жөө сейилдөөлөр, балык уулоо, жер жемиштерди жана башка жапайы
чөптөрдү жыйноо).
1.4. Экстремалдык туризмдин негизги түрүн үч топко бөлүүгө болот:
биринчи топ - мергенчилик, велосипедте жүрүү, самокат; тоо лыжала-
рын тебүү; чана тебүү, спелеология; альпинизм, тоо туризми, аскага чы-
гуу, тоодо эс алуу; ат менен жүрүү багыттары; сейил бактарындагы ар
түрдүү аттракциондук колдонуулар менен эс алуу;
экинчи топ - балык уулоо, ошондой эле муз алдында; суу менен сал
агызуу, байдарка жана ар түрдүү кайыктарда сүзүү; акваланг менен суу
алдында сүзүү; ар кандай өзөндөрдө жана көлмөлөрдө сүзүү, суу лыжаларын
тебүү, аквапарктардагы аттракциондорду колдонуу.
үчүнчү топ - дельтапланиризм, парапланеризм, парашютизм, авиас-
порт, шаардык аймактарга жана жаратылыш чөйрөлөрүнө алыстан секирүү;
абада сүзүү.
Бул каражаттарды гелиски, парапланеризм жана башкалар менен айка-
лыштырууга болот.
1.5. Туристтик ишкердүүлүктү жүргүзүүдө коопсуздук уюштурууларга
талаптар, туристтик ишкердүүлүктү коопсуздуу жүргүзүү боюнча Нускама (№
4 тиркеме), тоого чыгуу жүрүштөрүнүн Эрежеси (№ 5 тиркеме) жана ушул
жобо менен аныкталат.
2. Талаптардын негизги түрлөрү
2.1. Туристтик ишкердүүлүктү жүргүзүүдөгү коопсуздук уюштуруулар
туристтик ишкердүүлүктү коопсуздуу жүргүзүү боюнча Нускамага (№ 4 тир-
кеме) ылайык төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- техникалык жабдуулар, шаймандар, керектүү нерселер менен камсыз
кылуу, транспорт, канат жолдору, көтөргүчтөр;
- катышуучунун даярдык дењгээли жана ден соолугу (дене тарбиялык,
психологиялык, тактикалык, техникалык даярдыгына, медициналык көрсөт-
күчтөрүнө);
- жашоосун камсыздандыруу;
- өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан туристтерди жана туристтик
топторду коргоо;
- реабилитациялык иш чараларды камсыз кылуу (жабыркоочуну медици-
налык мекемеге жеткирүү, чыгашаларына компенсация төлөө);
- профилактикалык иш чараны аткаруу.
3. Уюштуруучулук талаптар
3.1. Туристтик ишмердүүлүк менен иш алып барган юридикалык жана
жеке жактар, туристтик иш чараларды өткөрүүнү уюштуруу алдында (саякат-
тарды, жүрүштөрдү, турларды, экскурсияларды, таймаштарды) тоого чыгуу
жүрүштөрүнүн эрежелерин сактап, маалыматты таратып, туризм чөйрөсүндө
коопсуздукту сактоо жана камсыз кылуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын
ченемдик-укук актылары менен жетектелиши керек, жана бул эрежелерди
бузгандыгы жана сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайыктуу жоопко тартылат.
3.2. Юридикалык жактар, туристтик ишкердүүлүк менен иш алып бар-
гандар, туристтерге жана туристтик жана тоо лыжалык базаларды колдонуу-
чуларга, курорттор, багыттар тууралуу төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө
милдеттүү:
3.2.1. Коргоо кызматы (мындан ары текстте КК) жөнүндө: анын жүргөн
орду; байланыш схемасы жана кабардандыруу, ошондой эле сунуштаган кыз-
маттары (консультация, каттоо, багыттардын абалы, инструкторлорду, кар-
тографиялык азыктарды, байланыш каражаттарын сунуштоо жөнүндө маалы-
мат).
3.2.2. Чыгууларда жана жүрүштөрдө туристтердин коопсуздугун камсыз
кылуу жөнүндө (коркунучсуз жүрүштөрдү жана трассаларды баяндап жазуу,
жүрүштөрдүн мөөнөтүн көзөмөлдөө, трассаларды жана багыттарды маркалоо).
3.2.3. Туристтер келген райондогу өзгөрүүлөр, адамдардын ден соо-
лугу жана жашоосу үчүн коркунуч келтирген, жагдайлар жөнүндө маалымат
(аба ырайынын шарттары жөнүндө, жаратылыш объектилеринин абалы жөнүндө
(сел, жер көчкү, кар көчкү, таш уроолор) туруучу жай, баш калкалоочу
жер багыттарын).
3.2.4. Туристтер үчүн маалымат берүү мөөнөтү жөнүндө (туристтик
уюмдардын иштеринин башталышы менен, туристтер келген күнү, кварталына
бир жолудан кем эмес, жана өзгөчө кырдаалдар болгондогу коркунучтардан
кийин).
3.3. Мамлекеттик ыйгарым укук органдары туристтик ишмердүүлүк
субъектиси жана коомдук уюмдар, КК, камсыздандыруу компаниялары менен
бирдикте массалык маалымат каражаттары аркылуу, китептерди, китепчелер-
ди жана жарнамалык азыктарды, туристтик иш чараларды өткөрүүдөгү кооп-
суздукту камсыз кылуу боюнча зарыл маалыматтарды туристтерге жеткирүүгө
милдеттүү.
3.4. Туризмдин экстремалдык түрүн уюштуруу менен иш алып барган
туристтик ишмердүүлүк субъектиси, иш чаралардын жетекчилери, өз ишкер-
дүүлүгүн туристтик ишкердүүлүктү коопсуздуу жүргүзүү боюнча Нускамага
(№ 4 тиркеме) ылайык жүргүзүүгө жана тикеден тике жүрүштө иштеген, ушул адистикке ылайыктуулугу боюнча сертификаты бар, персоналдарды жана кызматчыларды ишке алууга милдеттүү.
3.5. Туристтик ишмердүүлүк субъектинин персоналдары, экстремалдык
туризмди өткөрүү жана туристтик уюштуруу иш чараларында тикеден тике
иштеши, ошондой эле тоо жүрүштөрү боюнча милдеттүү түрдө окушу жана тоо
жүрүштөрү Эрежелеринин (№ 5 тиркеме) талаптарын сакташы керек.
4. Техникалык жабдууларга талаптар
4.1. Туристтик жарактарга кирген, бир орундан экинчи орунга алып
баруу каражаты, жүктөрдү транспортировкалоо каражаты, бивактык жарак,
атайын жана кошумча жарактар, байланыш жана керектүү нерселер менен
жабдуулар.
4.2. Жарактарды колдонуу мүнөзү боюнча жеке жана топтук деп бөлү-
нөт.
4.3. Жабдык жана керектүү нерселер менен жабдуу, жарыяланган ба-
гыттын татаалдыгына жана максаттык колдонуу шартына ылайыктуу, текше-
рилген, сыноодон өткөн, айкын колдонууда жөнгө салынган болушу керек.
4.4. Турдун, трекингтин, спорттук топтордун жетекчилери, туристтик
саякаттоодо техникалык оор категорияны көрсөтүүчүлөр, чыгууда жарыялан-
ган жүрүштүн татаалдыгына жараша атайын топтомдорду, ошондой эле кар-
тографиялык материалдарды, байланыш каражаттарын алып жүрүүгө милдет-
түү.
4.5. КК келишимдин негизинде туристтик ишмердүүлүк:
Субъектилерге, абдан татаал туристтик иш чараларды өткөрүүдө (жү-
рүштөр VI категориядагы татаалдыгына чейин) байланыш каражаттарын жана
башка атайын жарактарды ижарага бере алышат.
4.6. Кырсык болгон учурларда алдын алып сактап калуу үчүн экстре-
малдык туристтик иш чараларды уюштуруучулар КК багыттарга чыгууга чейин
20-10 күндүн ичинде маалымат картасын сунуштайт (№ 1 тиркеме).
4.7. Коопсуздук боюнча өзгөчө талаптар тоо лыжа трассаларына, чир-
кеп сүрөөчүлөргө жана отургуч көтөргүчтөрүнө, кабина түрүндөгү маятник-
тик канат жолдоруна койулат.
4.8. Туризмде колдонулуучу парктык аттракциондордун жана аквапарк-
тардын жабдуулары, жана башка жабдуулардын коопсуздук сертификаты жана
мезгилдик, текшерүү күбөлүгү болушу керек.
5. Экстремалдык иш чаралардын катышуучуларынын
ден соолугунун абалына жана даярдануу дењгээлине талаптар
5.1. Туризмдин бардык түрүнө, катышууда туризмдин ушул түрү менен
алектенүү үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрү жок жарандар катыша алы-
шат.
5.2. Экстремалдык иш чаралардын катышуучуларынын жеке тактикалык
даярдыгы техника-тактикалык тапшырмаларга ылайыктуу болушу керек.
5.3. Туристтердин техникалык даярдыгы, жүрүштөгү тоскоолдуктарда
жана татаал жолдорунда негизги техникалык ыкмаларды ишенимдүү колдонуу-
ну камсыз кылышы керек.
5.4. Туризмдин экстремалдык түрүнө катышуучулар медициналык бирин-
чи жардамдардын көнүгүүлөрүн билген жана окутулган болушу керек.
6. Жашоого камсыздандырууга, бир жерден экинчи
жерге баруу каражаттарына жана башка колдонулуучу
техникалык каражаттарга талаптар
6.1. Кыргыз Республикасынын "Туризм жөнүндө" Мыйзамына ылайык ту-
ристтерди камсыздандырууда (медициналык же бөөдө кырсыктан) ушундай иш-
кердүүлүктү ишке ашырууга укугу бар, улуттук камсыздандыруу компаниясы-
нын макулдугунун негизинде туристтик ишкердүүлүктүн субъектилери ишке
ашырат, жана милдеттүү болуп саналат.
Камсыздандыруу компаниялары, камсыздандыруу компания агенттиктери
туристтик иш чараларды өткөрүү учурунда алардын бир жерден экинчи жерге
жүрүү каражаттарын жана туристи камсыздандырууда көп жолдуу системаны
жайылтуу жана активдүү иштеп чыгуусу сунуш кылынат.
Туристтердин каражаттарын, ошондой эле алар колдонуучу техникалык
каражаттарын камсыздоо, туристтин өзүнүн же уюмдун каалоосу менен, Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуу ишке ашырылат.
7. Туристтерди жана туристтик топторду сактоодогу талаптар
7.1. Туристтер (туристтик топтор), кырсыкка учурашса аман калыш
үчүн өздөрүнүн мүмкүнчүлүк чараларын ишке ашыруу, зарылчылыгына жараша
ККна кабар бериши керек. Эгер кырсыкка башка топ кабылса, анда аларга
бардык жардамдарды көрсөтүү зарыл.
7.2. Турларды уюштурган туристтик ишмердүүлүк субъектилери өздөрү-
нүн ылайыктуу мүмкүнчүлүк аракеттерин көрүүгө милдеттүү, туристти сак-
тоого жиберилгендер менен бирге төрттөн кем эмес альпинисттин болушу
зарыл, алардын классификациясы жүрүштөрдү жана чыгууларды аткарууга
ылайыктуу болушу керек.
7.3. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары ар кандай уюш-
туруучулук, маалыматтык жана сактоолор боюнча мүмкүн болгон жардамдарын
көрсөтүшөт.
7.4. Камсыздандыруу компаниясы менен түзүлгөн келишимдин шартында,
туристтик топторду жана туристтерди сактоодо жана издөө процессине фи-
нансылык жардам көрсөтүү каралышы керек.
8. Реабилитациялоо иш чараларын
камсыз кылуу боюнча талаптар
Турду уюштуруучулар тарабынан кырсык же кокустуктар болсо, реаби-
литациялоо иш чараларын камсыз кылуу боюнча кийинки Кыргыз Республика-
сынын мыйзамына ылайыктуу күнөөсүнүн даражасына карата жоопкерчиликке
тартылат.
9. Профилактикалык иш чараларын
камсыз кылуу боюнча талаптар
9.1. Мамлекеттик орган жайкы жана кышкы мезгилдерге бир ай калган-
да төмөнкү негизги профилактикалык иш чаралар жүргүзүш керек:
- туроператорлор жана турагенттер үчүн коопсуздук маселесине ба-
гытталган семинарларды, конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
- экологиялык жана санитардык-гигиеналык иш чараларды ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасындагы туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу
боюнча программаларды иштеп чыгуу;
- Туризмде жана туристтик агымдын мүнөзүндөгү кырсык учурларын
анализдөө (жайкы, кышкы мезгил).
@1
№ 1 тиркеме
МААЛЫМАТ КАРТАСЫ
(турдун башталышына чейин 20-10 күн калганда КК-на берилет)
1. Уюмдун, туроператордун аталышы ________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
2. Дареги, телефон, электрондук почта: ___________________________
_______________________________________________________________________
3. Жетекчинин Ф.А.А. _____________________________________________
4. Барууларга пландалган мөөнөт __________________________________
5. Турган жайы менен жүрүш маршруту (маршруттун бардык пункттары
боюнча күндүн санын көрсөтүү) _________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
6. Болжол менен баруучулардын саны _______________________________
_______________________________________________________________________
7. Камсыздандыруу полисинин бар экендиги (ассистанс) _____________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
8. Гид, жол көрсөткүчтөр (иш тажрыйбасын, квалификациясын, жаран-
дыгын көрсөтүү менен) _________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
9. Телефон N _____________________________________________________
10. Байланыш убактысы ____________________________________________
Жетекчинин Ф.А.А. ________________________________________________
Жетекчинин ______________________ мөөнөтү ____________
кол тамгасы
@2
№ 2 тиркеме
МАРШРУТ БАРАКЧАСЫ
N ____________
(эки нускада түзүлөт)
Чыгуулар (жүрүштөр) үчүн _________________________________________
багыты боюнча ____________________________________________________
жетекчилиги алдында __________________________________ 2008-жылдын
"___"__________дан "___"___________ чейин ______________ адам курамында
Чыгуулар уюштурулду ______________________________________________
(уюштурулган иш чара көрсөтүлсүн)
Топтордун чыгышы иш-чаранын жетекчисинен уруксаат алынган, макул-
дашылган: _____________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(чыгуу тапшырылган адамдын кызмат оорду жана жактын колу)
Чыгуу мөөнөтү "_________"______________________200____-ж.
Топ, КК катталган ________________________________________________
Келүүлөрүн көзөмөлдөө мөөнөтү ____________________________________
"____"________200___-ж. саат ______ мин. _________________________
(кызмат оорду жана колу)
Чыгуулар КК менен макулдашылган __________________________________
(КК кызматкеринин колу)
Топ маршруттан кайтып келишти "_______"________________200_____-ж.
Чыгыштан (жүрүштөн) саат__________мин. __________ курамда кайтышты
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(жүрүшкө чыкпагандардын толук-толук эмес Ф.А.А.)
Коргоочу кызматчылардын жана жибергендердин сунуштары жана
көрсөткүчтөрү: ________________________________________________________
(кызмат орду жана колу)
Таанышып чыккан: топтун жетекчиси ________________________________
(кол тамгасы)
Топко катышуучулардын
ТИЗМЕСИ
| N | Ф.А.А. | Спорт. | Ким менен | Доктурдан |
| Ар түрдүү | жана кандай | текшерилиши | ||
| жүрүштөр. | татаалдык | |||
| Ушул жана | категорияда | |||
| мурунку | чыгып | |||
| мезгил 12345 | келүүлөр | |||
| 1 | ||||
| 2 | ||||
| 3 | ||||
| 4 | ||||
| 5 | ||||
| 6 | ||||
| 7 | ||||
| 8 |
Жүрүшкө ___________ адам курамында чыгууга топко уруксаат берилди
"_____"__________200___-ж. Альп. иш чараларга доктурдун _______________
(кол тамгасы)
Топ жүрүшкө чыгуу алдындагы даярданууда төмөнкү материалдарды кол-
донот:
өткөрүлгөн чалгындоо, КК картотекасынан, лагердин, консультацияны
кимден алынды ________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Биз, жетекчи жана топтун катышуучулары того чыгуу жүрүштөрүнүн
Эрежелерин билебиз жана ал эрежелерди сактоодо толук жоопкерчиликти
алабыз:
жетекчи __________________________________________________________
Катышуучулар _____________________________________________________
Топ ушул жүрүшкө даярдалган жана текшерилген:
Отряддын инструктору (топтун машыктыруучусу)______________________
Күбөлүк номери ___________________________________________________
"______"__________200___-ж.
Жүрүштүн тактикалык планы, катышуучунун визамаршрутун убакыт боюн-
ча жайлаштыруу, UIAA(*) схемасы:
| Аймактын | Татаалдык | Крутиз. | Протяж. | Коркунуч. | t | Эскертүүлөр |
| N | категор. | |||||
Зарылдыгына жараша бардык кошумча маалыматтар өзүнчө барактарга
жасалат, UIAAнын даяр схемасы, картосхемалар жана башкалар тартылбайт,
бирок качан жана кайсы жерде алынганына белги коюлат.
(*) UIAA (англ. United International Association of Alpinism) эла-
ралык альпинизм федерациясы.
2. Топту камсыздандыруу:
а) Табельдик, кошумча, атайын жабдуулар:
негизги аркан - жардамчы аркан -
карабин - муз жаргычтар -
айсбайли - аска балкалары -
муз балкалары - аска илгичтери -
муз жаргычтар - кошкалар -
обвязка - заклатка -
түшүү үчүн сыйыртмак - өзүн камсыздандыруу сыйыртмагы -
узартуучу сыйыртмак - короба, шынаа -
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
б) Бивактык жабдуулар, аптечка, формалуу кийимдер:
өздүк жабдуулар - палатка -
мамык уктоочу каптар - мамык куртка -
каска - примус (грелка) -
бензин - баллондор -
шам - ширенке -
в) байланыш каражаттары, сигнализация:
3. Башка топтор жана базалык лагерлер менен сигнализация, байланыш
расписаниясы жана өз ара ишкердүүлүк планы: ___________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
4. Чыгуу, түшүү, маршруттан кайтуу жолдору жана башка кошумча маа-
лыматтар:
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Топтун Жетекчиси _________________________________________________
(колтамгасы)
@3
№ 3 тиркеме
МАРШРУТ БАРАКЧАСЫ N __________
"____"______200__-ж.
1. Жалпы маалымат
Туристтик топ ____________________________________________________
(уюм, район, шаар)
_________ адам курамында "____"_____200-ж._____-ж. _______________чейин
______________________________ жүрүштө ____________________ категорияда
(туризмдин түрү)
аймактагы татаалдык ___________________________________ маршруту боюнча
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Топтун жетекчиси _________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Жетекчинин орун басары (катышуучулардын тобу жана жүрүштүн 6-та-
таалдык категориясы үчүн) _____________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
КК-у жүрүшкө билдирүү документтеринен төмөнкүлөрдү карап чыгууга
милдеттүү:
- топтун жүрүшүнүн графигин жана маршрутунун иштелип чыгышын, кар-
тографиялык материалдарынын бар экендигин;
- топтун жетекчисинин жүрүш аймагы, андагы табыгый кырсыктары жана
бир жерден экинчи жерге жылуу эрежелери боюнча билимин;
- жүрүштүн катышуучуларынын жана жетекчисинин туристтик тажырыйба-
сы алар билдирген маршрутка ылайыктуулугун;
- ден соолугу жөнүндө медициналык маалымдамасын;
- топтун жабдууларынын, азык-түлүктөрүнүн, медикаменттеринин туу-
ралыгын;
- жүрүш учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча топ белгилеген
иш чаралар;
- көзөмөлдөө пункттарын жана мөөнөтүн туура тандоо тууралыгы.
2. Топтун курамы
| N | Фамилия, аты, | Туулган | Иштеген орду | Жашаган жеринин |
| атасынын аты | жылы | (толук аталышы, | дареги телефону | |
| кызмат оорду, | ||||
| телефону) | ||||
| 1 | ||||
| 2 | ||||
| 3 | ||||
| 4 | ||||
| 5 | ||||
| 6 | ||||
| 7 | ||||
| 8 | ||||
| 9 | ||||
| 10 | ||||
| 11 | ||||
| 12 | ||||
| 13 | ||||
| 14 | ||||
| 15 |
Жүрүштүн сынагы боюнча билдирүүгө ылайык жүрүштүн катышуучулары-
нын, жетекчинин туристтик тажырыйбасы жөнүндө маалыматынын ылайыктуулу-
гун, ошондой эле медициналык маалымдамасын текшердим(*).
КК Инструктору (Ф.А.А.)
3. Жүрүштүн планы (жарыяланган)(*)
| Күндөр | Жолго чыгуу | Багыттын катышуучулары | Км | Жылуу ыкмалары |
| күндөрү |
Жүрүштүн активдүү ыкмасынын жыйынтыгы
4. КК-нын белгилери, кошумча көрсөткүчтөр, сунуштар
5. Көзөмөлдөнүүчү пункттар жана мөөнөтү
1. _______________________________________________________________
2. _______________________________________________________________
3. _______________________________________________________________
6. Багыттын схемасы
№ 4 тиркеме
Туристтик ишкердүүлүктү коопсуздуу жүргүзүү боюнча
НУСКАМА
1. Жалпы жобо
1.1. Ушул нускаманы экспедиция, тур, трек жана жүрүштөрдү өткөрүү
алдында туризмдин экстремалдык түрүнө катышуучулар жана уюштуруучулар
аткарууга милдеттүү (мындан ары текстте - иш чаралар).
1.2. Спорттук же экстремалдык иш чараларды өткөрүп жаткан уюшту-
руучулар, өзүнүн өнөктөшүнүн иш аракеттери жана ошондой эле катышуучу-
лардын өмүрү жана ден соолугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына
ылайыктуу жоопкерчиликке тартылат.
1.3. Иш чаранын жетекчиси, экстремалдык иш чараларды өткөрүү учу-
рунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзүнүн ыктыяры боюнча, коопсуздук-
ка жалпы кабыл алынган талаптарга ылайыктуу өткөрө алат.
1.4. Иш чаралардын бардык жетекчилери, жана өнөктөштүн иш чаралар-
ды өткөрүүдө коопсуздук эрежелерин билүүсү зарыл.
2. Жабдуулар
2.1. Иш чаралардын катышуучуларынын жабдуулары, алар билдирген
маршруттун татаалдыгына ылайыктуу болушу керек. Иш чараларда колдонул-
ган бардык шаймандар жана жабдуулар коопсуздуктун стандартына жооп бе-
риши керек.
2.2. Иш чаралардын жетекчилери, жана тейлөөчү персоналдар экспеди-
ция, трек, тур процесстериндеги жабдуулардын абалын дайыма көзөмөлдөп,
ошондой эле жараксыз жабдууларды жана жарактарды колдонууга жол бербеши
керек.
3. Экстремалдык иш чараларды өткөрүү
3.1. Эстремалдык иш чаранын катышуучулары жалпы колдонуучу жолдор-
до темир жолдордо, транспорттук магистрал аркылуу ашып өтүүдө, жол эре-
желерин сакташы керек.
3.2. Экстремалдык иш чараларды өткөргөн уюмдар, кардарларга транс-
порт сунуштаган учурда, бузугу жок жана камсыздандырылган транспортту
сунуштоого милдеттүү.
3.3. Жетекчи, тейлөөчү персонал маршруттун кайсы гана аймагында
болбосун, өзүнүн жүргөн жерин билиши керек жана өзгөчө кырдаалдар учу-
рунда өзүнүн так координатын КК-га билдире алышы керек.
3.4. Жетекчи дайыма, экстремалдык иш чаранын катышуучулары кайсы
жерде жүргөнүн билиши керек.
3.5. Ишканалардын, менчик үйлөрдүн жана башка жабык объектилердин
чектелген аймактары аркылуу өтүүгө тыюу салынат.
3.6. Жетекчи жана тейлөөчү персонал иш чараларды өткөрүү учурунда,
жаратылышка аяр мамиле жасап, тарыхый жана архитектуралык эстеликтерге
зыян келтирбеши керек. Таштандыларды атайын бөлүнгөн жерлерге таштап,
өздөрү токтогон бардык жерлерге издерди калтырбашы керек.
3.7. Топто же иш чаранын катышуучуларында байланыш каражаттары же
кырсык билдирүүлөрү болуш керек.
3.8. Иш чаранын катышуучулары өзгөчө кырдаалдардан (топтук, (кол-
лективдик) камсыздандыруу) камсыздандырылышы керек, жана КК-нан каттоо-
дон өтүшүн сунуш кылышы керек.
4. Өзгөчө кырдаал учурунда катышуучулардын иш аракети
4.1. Өзгөчө кырдаал учурундагы иш чаралардын катышуучулар төмөнкү-
лөргө милдеттүү:
- өзгөчө кырдаалдын таасирин токтотуу үчүн жана коркунучсуз жерге
эвакуациялоодо болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу;
- катышуучулардын зарылдыгына карата доктурга чейинки биринчи ме-
дициналык жардам көрсөтүү;
- жетекчи өзгөчө кырдаал жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине
же КК билдирүү;
- мүмкүнчүлүгүнө жараша, өз күчү менен куткаруу иштерин жүргүзүү
башка иш чаранын катышуучулары менен өзгөчө окуяга туш болгонун кутка-
руучу кызматка билдирип жана мүмкүн болгон жардамдарды көрсөтүү;
- жагдайды ар дайым жана үзгүлтүксүз көзөмөлдөө;
- коркунучтарды айырмалай билүү;
- өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн билүү жана аныктоо;
- ар кандай жагдайларга жол табууга аракет кылуу;
- өздүк коопсуздук эрежелерди сактоо.
5. Жыйынтыктоо
Туристтик ишкердүүлүктү коопсуз өткөрүү юридикалык жана жеке жак-
тардын тартиптүүлүгүн жогорулатат, кырсыктардын болушун азайтат жана иш
чараны ийгиликтүү өткөрүп келүүгө алып келет.
Туристтик ишкердүүлүктү коопсуз өткөрүү бул социалдык жењилдиктер-
ди жана кепилдиктерди аткарып, жабдыктарды камсыздап, толук кандуу та-
мактануу жана эс алууну уюштуруп, ооруну профилактика кылуу, сапаттуу
жабдуулар менен камсыз кылуу, иш чара учурунда коопсуздукту камсыз кы-
лат.
№ 5 тиркеме
Тоого чыгуу жүрүштөрүнүн
ЭРЕЖЕСИ
1. Жалпы жобо
1.1. Тоого чыгуу жүрүштөрүнүн эрежелери тоо жүрүштөрүн өткөрүү,
даярдоо эрежелерин аныктайт. Эрежелер спорт максатындагы жана альпинизм
боюнча массалык, окуу жана спорттук мүнөздөр боюнча иш чараларды, аль-
пинисттик жүрүштөрдү өткөргөн, уюштурган жактар үчүн, ошондой эле тоо
тректерин уюштуруучулар милдеттүү болуп саналат жана тоо жүрүштөрүндөгү
коопсуздук чараларынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталышы керек
(бул эрежелер туризмдин экстремалдык түрү боюнча иш чараларды өткөргөн
коммерциялык уюштуруучулар үчүн да милдеттүү болуп саналат).
1.2. Коммерциялык альпинисттик жүрүштөргө төмөнкү жүрүштөр кирет:
- окуу, даярдоо программасы туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйга-
рым укук органдары тарабынан бекитилген боюнча альпинизмдик нускоочунун
жетекчилиги алдында окуу бөлүмдөрүнүн курамында жүргүзүлгөн;
- машыктыруучулук, даярдоо программасы туризм чөйрөсүндөгү мамле-
кеттик ыйгарым укук органдары тарабынан бекитилген боюнча альпинизмдик
нускоочунун жетекчилиги алдында окуу жана спорттук топтордун же өз ал-
дынча топтордун курамында жүргүзүлгөн;
- спорттук, альпинизм боюнча мелдештерде спорттук квалификациясын
жогорулатуу максатында спорттук топтордун жана командалардын курамында
жүргүзүлгөн.
1.3. Тоого чыгуу багытынын татаалдыгы боюнча он эки категорияга
бөлүнөт - 1А, 1Б, 2А, 2Б, 3А, 3Б, 4А, 4Б, 5А, 5Б, 6А дан 6Бга чейин,
экинчи категориядан баштап - жарым категория боюнча.
1.4. Классификацияланган багыттар тоо чокусуна чыгуунун Классифи-
кациялык таблицасын ичине камтыйт (мындан ары текст боюнча - ТЧЧКТ).
ТЧЧКТда тоого чыгуунун жайкы жана кышкы шарттары үчүн багыттар ичине
камтылат. Тоого чыгуунун кышкы шарттарына 1-декабрдан 15-мартка чейинки
убакыт кирет.
2. Альпинисттик иш чараларды уюштуруу иштери
2.1. Федерациялар, ведомстволор, спорттук комитеттер, спортклуб-
дар, секциялар, жүрүштөрдү өткөрүү үчүн ар кандай альпинисттик иш чара-
ларды (мындан ары текст боюнча АИ) бекитишет: окуу, машыктыруучу, спор-
ттук, ошондой эле келүү-кетүү жана стационардык лагерлерди уюштуруучу-
лук, мелдештик, квалификациялык мелдештик, экспедициялык, альпинияда-
лык, демалыш күндөрдөгү тоого чыгуучулук.
2.2. Бекитилген АИ ушул эреженин N 1, N 2, N 3, N 4, N 5 тиркеме-
лерине ылайыктуу таризделиши керек.
2.3. АИ-ды өткөргөн уюмдар, пландалган тоого чыгуулардын шарттары-
на жана татаалдыгына ылайыктуу иш чараларды нускоочу жана жетекчилик
курамын, алардын материалдык базасын (каржылоо, жарактар, тамактанды-
руу, транспорт, байланыш каражаттары, медициналык камсыз кылуу, кооп-
суздук чаралар) камсыз кылат.
2.4. АИ-ды өткөргөн уюмдар жана алардын жумушчулары, топторду жи-
берүүдө кетирген кемчиликтер алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
на ылайыктуу жоопко тартылат, экстремалдык иш чараларды өткөрүү учурун-
да эрежелерди сактабагандыгы үчүн болгон окуяларга АИ-нин катышуучулары
жоопко тартылат.
2.5. АИ-ды өткөргөн уюмдар, башталышына бир ай калганда ККга маа-
лымат картасын жиберет (N 2 тиркеме).
2.6. Окуу-машыктыруучу процессти жана тоого чыгууларды АИ ишке
ашырып жатса, уюм менен бекитилген башкы машыктыруучу жетектейт. Башкы
машыктыруучу спорт чеберинин кандидатынан ылдый болбогон спорттук ква-
лификацияга (мындан ары - СЧК) жана альпинизмдин 2-категориясындагы
нускоочу наамына ээ болушу керек. Башкы машыктыруучу АИ-да даярдоо
программасына ылайыктуу окуу - спорттук иштерин көргөзүү жана АИ-дын
катышуучулары айлана чөйрөнү коргоо боюнча чараларды сактабагандыгы
үчүн жоопко тартылат.
2.7. Окуу бөлүмдөрүн, өзүнчө спорттук топторду топтоону АИ-дын
башкы машыктыруучусу АИ-дын катышуучуларынын жобосун эсепке алуу менен
өткөрөт, ошондой эле аларга АИ боюнча нускоочу дайындалат.
2.8. Спорттук топторду топтоо жана аларга жетекчини тандоо каты-
шуучулардын макулдугу боюнча өткөрүлөт.
2.9. АИ-ды өткөрүү документтештирилип ошону менен жетектелиши ке-
рек (N 1 тиркеме). АИ жумуштар бүткөн соњ, башкы машыктыруучу АИ-дын
катышуучулары жана нускоочусу жүргүзгөн тоого чыгуулар жөнүндө маалы-
матты КК-на жиберет (N 8, N 10 тиркемелер).
2.10. Тоодогу АИ-дын жумушу учурунда, ошол райондо жүргөн КК-нын
өкүлчүлүгү машыктыруучулук курамдын толуктуулугу, окуу пландарынын жана
даярдануу программалардын аткарылышы, экологиялык талаптардын жана ушул
Эрежелердин сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүүгө толук укугу бар. Эгер
тартип бузуулар байкалса АИ-дын спорттук жыйынтыгы КК-нын жыйынтыгы ме-
нен жокко чыгарылат.
2.11. Коммерциялык уюмдун жактары тарабынан туризмдин экстремалдык
түрү боюнча иш чараларды өткөрүү эрежелеринде төмөнкүлөр аныкталышы ке-
рек:
- штатта квалификациясы багыттын кайсы аймагында болбосун кардар-
ларга жардам көрсөтө алган, төрт спортсменден кем эмес, доктурлардын
базалык лагери болушу керек;
- экспедициялык (медициналык жана өзгөчө кырдаалдар учуруна) кам-
сыздандыруулар;
- медициналык көзөмөл жана кардардын иш чараларга катышуусу туура-
луу сунуштама берүү;
- кардарга тоого чыгуу, тректердин багыттарын сүрөттөө боюнча маа-
лымат, багыттын аймактарын тактика - техникалык өтүү, багытты өтүү үчүн
жеке жана топтук зарыл жарактар боюнча сунуштама;
- ар бир топту радио же телефондук байланыш менен камсыздандыруу;
- куткаруу жарактарынын фонду;
- кардар экстремалдык иш чараларды өткөрүү алдында, экстремалдык
иш чаралар өткөрүлгөн райондо КК жок болсо, кардарга АИ-га катышуу үчүн
гиддин кызматын сунуштоо;
- топтордун ККдан каттоодон өткөрүү.
3. Чыгууга даярдануу
3.1. Чыгууга чейин төмөнкүлөрдөн өтүшү керек: окуу циклын же даяр-
дануу программасына туура келген жана АИ-дын катышуучуларынын спорттук
квалификациясына ылайыктуу ар кандай тоо рельефинин формасын жењип чы-
гуу үчүн техникалык ыкмаларды жакшыртуу, жана .ошондой эле алдыда тур-
ган чыгуулардын татаалдык категориясын эске алуу менен машыктыруучулук
чыгууларды ишке ашыруу боюнча өздөштүрүүдөгү машыктыруу мезгилин.
3.2. Чыгуунун катышуучуларына жана жетекчилерине талаптар:
- чыгууларга 16 жаштан жогорку АИ-дын катышуучуларына уруксаат бе-
рилет. (14 жаштан 16 жашка чейинки катышуучулар мезгилдик даярдыктарды
өткөргөн, альпинисттик нускоочунун жетекчилиги алдында, дене тарбиялык
даярдыгын эсепке алуу менен жазуу түрүндө ата-энесинин макулдугу боюнча
чыгууга уруксаат берилет);
- 1А жана 1Б татаалдык категориясындагы биринчи чыгуу жасаган,
АИ-дын катышуучулары даярдануу программалары боюнча сабактарды өтүшү
керек. (Чыгууну альпинизм нускоочусу жетектейт);
- 2А жана 2Б татаалдык категориясында биринчи чыгуу жасаган АИ-дын
катышуучулары даярдануу программалары боюнча сабактарды өтүшү жана мын-
дан мурунку жарым категория татаалдыгындагы чыгуудан тажырыйбага ээ бо-
лушу керек. (Чыгууну альпинизм нускоочусу жетектейт);
- 3А, 3Б, 4А, 4Б жана 5А татаалдык категориясында биринчи чыгуу жа-
саган АИдын катышуучулары даярдануу программалары боюнча окуу - машык-
тыруучу циклынан өтүшү жана мындан мурунку жарым категория татаалдыгын-
да жүргүзүлгөн эки жолку чыгуудан тажырыйбага ээ болушу керек. (Чыгууну
альпинизм нускоочусу жетектейт, ал эми спорттук топто - АИ жетектейт.
Жетекчи мындан мурунку жарым категория татаалдыгындагы чыгууларды же-
тектеген жана ушул жарым категория татаалдыгындагы чыгууда тажырыйбага
ээ болушу керек);
- 5Б, 6А, 6Б жана андан жогорку татаалдык категориясында биринчи
чыгуу жасоо алдында, катышуучу окуу-машыктыруучу циклын өтүшү жана мын-
дан мурунку жарым категория татаалдыгында жүргүзүлгөн эки жолку чыгуу-
дан тажырыйбага ээ болушу керек, ал эми жетекчи - ушул жарым категория
татаалдыгындагы чыгууга тажырыйбалуу болушу керек.;
- эгер АИ-нын катышуучусу чыгууда эки сезондон көбүрөөк тыныгуу
жасаса, АИ-нын башкы машыктыруучусу анын спорттук даярдыгынын ылайык-
туулугуна ишениши керек жана зарылдыгына жараша кошумча пландалган чы-
гуудан бир категориялык татаалдыгынан ылдый машыктыруучу чыгууларды су-
нуш кылышы керек.
- чыгуулар үчүн негизги документ болуп АИ боюнча жетекчинин, бийик
тоо аймактарына чыгууга буйругу, жана доктурдун, чыгарып жаткан машык-
тыруучунун жана топтун жетекчисинин кол тамгасы койулган каттоо китеп-
чеси;
- АИ-нын башкы машыктыруучусунун каалоосу боюнча чыгууга жиберүү
үчүн багыттык баракчасынын тариздөө тартиптерин аныкташы керек, анын
формасын АИ-нын башкы машыктыруучусу бекитет.
4. Чыгууга жиберүү
4.1. Окуу бөлүмдөрдү же спорттук топторду чыгууга жиберүүнү АИ бо-
юнча жетекчинин буйругу менен дайындалган даярдап чыгаруу машыктыруучу-
су өткөрөт. Ошондой эле чыгаруу укугуна катышуучу болуп эсептелген жана
1ден ылдый эмес спорттук разрядка ээ болгон спорттук топтун жетекчиси
ээ.
4.2. Даярдап чыгаруучу машыктыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарыяланган багытты өтүү үчүн топтун даярдыгына жана коопсуздук
иш чаралар менен камсыз болгондугуна ишенүү;
- топтун сапаттуу жабдыктар менен камсыз болгонун текшерип чыгуу.
4.3. Багыттарга чыгаруу үчүн, даярдап чыгаруучу машыктыруучу ошол
татаалдык категориядагы чыгуу тажырыйбасына жана альпинисттик нускоочу
квалификациясына ээ болушу керек.
4.4. Даярдап чыгуучу машыктыруучу, чыгууга өзү уруксаат берип жат-
кан топтун курамына кире алат.
4.5. Машыктыруучунун чыгуу укугунан, ушул кызмат ордуна дайында-
ган, АИ боюнча жетекчи ажырата алат.
5. Коопсуздукту камсыз кылуу
5.1. АИ бийик тоо аймагына чыгуусуна аныкталган тартипте бекитил-
ген, коргоо отрядынын башчысы болсо (мындан ары - КОБ) уруксат берилет.
Коргоо отряды түзүлөт жана өзүнүн боло турган багытынын татаалдык ква-
лификациясы, ушул АИ-дын иш планында турган АИ жетекчиси тарабынан дай-
ындалат.
5.2. КОБ СЧК-нан ылдый эмес спорттук квалификацияга, 2 категория-
дагы альпинизмдин нускоочусу наамына жана "Коргоо отряды" жетонуна ээ
болушу керек.
5.3. КОБ АИ-ды өткөрүү алдында зарыл болгон коопсуздуктун профи-
лактикалык иш чараларын кабыл алат.
5.4. КОБ бийик тоолуу аймакка чыгуу китепчесине топтордун багыт-
тарга чыгуусун каттоодон өткөрөт. КОБ-на "эрежелерди" сактоо жана кооп-
суздуктун зарыл болгон иш чаралары менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү
алдында, ушул АИ-на кирбеген, башка топтордун көзөмөлдөө мөөнөтүн кабыл
алууга жана чыгууларын каттоого уруксаат бере алат.
5.5. КОБ чыгууларды каттоого алууда төмөнкүлөрдү текшерүүгө мил-
деттүү:
- бир райондо иш аракеттерин жүргүзгөн бир нече топтун координаци-
ялык иш аракеттерин;
- байланыш каражаттарын жана аптечкаларын.
5.6. КОБ топтордун багыттарга чыгуусун каттоодо кайтып келүүлөрдүн
көзөмөлдөө мөөнөтүн дайындайт, байланышуу түрүн жана байланышууга чыгуу
мөөнөтүн күн мурунтан сүйлөшүп алышат, зарылдыгына жараша билимин тек-
шере алат, топтун иш аракетинин координациясы жөнүндө жана багыттарда
топтордун өз ара иш аракеттери жөнүндө.
5.7. Көзөмөлдөө мөөнөтү бүтсө же топтун кырсыкка учурагандыгы бо-
юнча маалымат келсе, эгер бул кырдаал жагдайда топтордун коопсуздугуна
кепилдик берилбесе, КОБ издөө - коргоо иштерин уюштуруусу керек.
5.8. Топтун лагердик базага келгендиги боюнча АИ-нын жетекчиси кө-
зөмөлдөө мөөнөтүн алышы керек, ал эми КОБ чыгуу китепчесине белгилеп
коет.
5.9. КОБ өзүнүн ишкердүүлүгүн КК менен макулдашат.
6. Чыгууларды өткөрүү
6.1. Топ толук курамында төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- көзөмөлдөө мөөнөтүн сактоо, көзөмөлдөө мөөнөтүн бузуу коркунуч-
тары турса, чыгууларды токтотуу;
- топтун катышуучулары ооруп калса, майып болсо же абалы начарласа
базалык лагерге кечиктирбестен тезинен түшүрүү.
6.2. Чыгуунун жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- топко же бөлүмгө, багыттарды жењиштүү жана коопсуздуу өтүүгө
жардам берүү, натыйжалуу тажырыйбаны жана пайдалуу билимдерди топтоо,
ошондой эле чыгып келүүдөн толук канааттануу сезимине саламаттуу морал-
дык климатты камсыз кылуу;
- базалык лагерге чыгуулардын жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер,
багыттардын абалы жана чыгуунун катышуучуларынын абалы жөнүндө объек-
тивдүү маалымат берүү;
- эгер чыгуунун катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч келтирген
жагдайлар пайда болсо, мындан аркы чыгууларды токтотуу.
6.3. Чыгуунун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кырсыкка учураган катышуучуларга жардам көрсөтүү;
- ден соолугунун начарлашы же травма алгандыгы жөнүндө чыгуунун
жетекчисине тезинен билдирүү;
- курчап турган айлана чөйрөгө, маданий жана тарыхый эстеликтерге,
жергиликтүү калктын каада-салттарына аяр мамиле кылуу;
- багыттарында таштандыларды же башка өндүрүштүк таштандыларды
таштабоо;
- базалык лагердин аймагынын санитардык абалын тазалыкта кармоо,
курчаган айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө.
7. Чыгууларды эсепке алуу
7.1. Даярдап чыгарган машыктыруучу чыгуулар бүткөн соњ талдоо жүр-
гүзөт. Бул талдоодо чыгуунун катышуучулары иш чаралар жана катышуучу-
лар, чыгуунун тактикалык планын аткаруу жана коопсуздук иш чараларын
камсыз кылуу жөнүндө өз ой пикирлерин айтышат.
7.2. Чыгуулар, катышуучулардын чокуга чыгууда же тоо тутумуна жет-
кен чекитинен, чокуга чыгууда жазган жазууларын жана багыттардагы көзө-
мөлдөө турларын жана талдоолорунан кийинки чыгууну эсепке алуу жөнүндө
даярдап чыгуучу машыктыруучунун сунуштамасын алып келгенден кийин гана
эсепке алынат.
7.3. Чыгууларды эсепке алуу, альпинистин китепчесинде же күбөлү-
гүндө ылайыктуу жазуулар менен тастыкталат, АИ-нын башкы машыктыруучусу
күбөлөндүрөт. Чыгуу багыттарынын аталышы ТЧЧКТ-на туура келиши керек.
7.4. Толугу менен же аз-аздан Коргоо иштери учурунда толугу менен
же аз аздан өткөрүлгөн багыттар КОБ сунуштоо боюнча башкы машыктыруучу
тарабынан эсепке алынат:
- классификацияланган багыттардан жогорку жарым категориядагы, би-
рок 6А татаалдык категориясынан жогору эмес чокуга чыгууларды ишке ашы-
рууда;
- толук багыттын бекитилген татаалдык категориясынын чегинде ба-
гыттарды аз аздан өтүүдө.
7.5. Чыгуулар эсепке алынбайт, эгер спорттук разряд:
- тоого чыгуу эрежелерин бузуу менен жүргүзсө;
- катышуучулар чыгууда айлана чөйрөнү коргоо эрежелерин бузса;
- чыгууну жеке адам ишке ашырса /соло/.
7.6. Кырсык болгон учурду талдоо үчүн башкы машыктыруучу комиссия
уюштурат. Кырсык учурлары жөнүндө Акт кырдаал болгон күндөн тартып беш
күн мөөнөтүндө КК-на жиберилет.
Тоого чыгуу жүрүштөрүнүн Эрежесине
N 1 тиркеме
Альпинисттик иш чаралардын
ДОКУМЕНТАЦИЯСЫ
1. Болжолдуу - маалымат карта.
2. Бекитилген: АИ-дын уюшулушу жөнүнд, аны өткөрүү мөөнөтү, жери,
максаты жөнүндө тапшырманы, жетектөөчү курамдын тизмесин, нускоочу -
машыктыруучунун тизмесин, АИ-нын катышуучуларынын тизмесин, мелдештер
жөнүндө жобо ичине камтыган буйрук (буйуртма).
3. Күндөлүк: АИ боюнча буйрук китепчеси, бийик тоолуу аймакка чы-
гууларды каттоого алуу китепчеси.
4. Отчеттук: чыгуулар жөнүндө маалымат.
Тоого чыгуу жүрүштөрүнүн Эрежесине
N 2 тиркеме
МААЛЫМАТТЫК КАРТА
Билдиребиз, АИ ___________________________________________________
(аталышы жана максаты)
"_____" ___________ "_____" __________ чейин тоолуу аймакта ___________
____________________________________________________________ өткөрүлөт.
(уюмдардын аталышы)
2. Жетектөөчү курам:
| Ф.А.А. | Кызмат орду | Үйүнүн | Нускоочулук | Спорттук |
| дареги, индекс | квалификация | баскычы | ||
| 1. | Башкы | |||
| 2. | машыктыруучу | |||
| 3. | Башчы | |||
| С.О. доктур |
3. Нускоочулук - машыктыруучунун жана катышуучунун курамы:
| Саны | СЧ | СЧК | 1б | 2б | 3б | жылдызчалары | Жањы алынгандар |
4. Аймакка келүүгө белгиленген мөөнөт ____________________________
5. АИ негиз кылуу аймагы (жери) __________________________________
ФА Президенти, альпклубдун өкүлү _________________________________
(фамилия, кол тамгасы)
АИ-ды өткөрүп жаткан уюмдун почталык дареги ______________________
Тоого чыгуу жүрүштөрүнүн Эрежесине
N 3 тиркеме
ЧЫГУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
АИ-нын катышуучулары тарабынан "________"_________________________
"_____"_________ чейинки мөөнөттө _________________чыгуулар жүргүзүлдү.
| К.ТР. | Саны | Чыгууларды | Чокуга | ТЧЧКТ | К.ТР. | Топтун курами |
| жүргүзгөн | жетүү | боюнча | алфавиттик тизме | |||
| альпинисттердин | мөөнөтү | чокуга | боюнча (жетекчи | |||
| саны | чыгуу | биринчи көрсөтүлөт) | ||||
| багыты | ||||||
| 1Б | ||||||
| 6Б | ||||||
Травма, кырсык болгон кырдаалдар: жабыр тарткандардын Ф.А.А.,
мүнөзү, себептери көрсөтүлөт.
Башкы машыктыруучу _______________________________________________
(фамилия, кол тамгасы)
Тоого чыгуу жүрүштөрүнүн Эрежесине
N 4 тиркеме
ТОО ЧОКУСУНДАГЫ ЖАЗУУ
"_____________"__________________-жылы, саат_______ __________мин.
Топ ______________________________________________________________
(АИ-нын аталышы)
1. Жетекчи
2. __________________________
3. __________________________
Тоого чыгуу жүрүштөрүнүн Эрежесине
№ 5 тиркеме
Бийик тоо аймагына чыгууларды
каттоо китепчесин толтуруу
ҮЛГҮСҮ
| N | Чоку | ТЧЧКТ | К.ТР | Топтун | Убакыт | Көзө- | Топтун | КК | Кайтып | Тоо |
| боюнча | курамы | күнү | мөлдөө | Жетек- | Башчы- | келүү | чоку- | |||
| багыт | мөө- | чисинин | сынын | күнү, | суна | |||||
| нөтү | кол | кол | уба- | жетүү | ||||||
| тамгасы | тамгасы | кыты | туура- | |||||||
| луу | ||||||||||
| белги |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Туризм жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин 2009-жылдын 4-февралындагы № 7 туристтик ишкердүүлүктү жүргүзүүдөгү коопсуздук уюштурууларга жалпы…Приказ · 04.02.2009 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 14 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттер программасын бекитүү жөнүндө"Постановление · 19.01.2008 · № 14 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1