# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 24-декабрындагыКыргыз Республикасында спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө Тартиби

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 24-декабрындагыКыргыз Республикасында спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө Тартиби
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 320-0
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300938>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-492/edition/435257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300938.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 24-декабрындагыКыргыз Республикасында спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө Тартиби (24.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300938

---

КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын

26-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 7-09

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо

боюнча мамлекеттик агенттигинин

2008-жылдын 24-декабрындагы

№ 320-0 буйругуна

№ 2 тиркеме

Кыргыз Республикасында спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча

дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерацияларды, союздарды,

ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө

ТАРТИП

1. Жалпы жоболор

Бул Тартип "Кыргыз Республикасында спорттун ар кайсы түрлөрү боюн-

ча дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерацияларды, союздарды, ассоциа-

цияларды) аккредитациялоо жөнүндө" Жобонун негизинде иштелип чыкты (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649"Спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелерин (феде-

рацияларды, союздарды, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө" токто-

му) жана аккредитациялоону өткөрүүдө, жањы аттестаттын күчүндө болуу мөөнөтүн улантуу, жокко чыгаруу, кайра түзүү жана берүүдө дене тарбия,спорт жана дене тарбия-спорт бирикмелери (федерациялар, союздар, ассоциациялар) тармагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдын иш ара-

кеттеринин иреттүүлүгүн аныктайт.

1.1. Негизги түшүнүктөр

Спорттун түрү - спорттун курамдык бөлүгү, анын негизин спортсмен

тарабынан жогорку көрсөткүчтөргө жетүү максатында туруктуу машыгуулар

жана мелдештерге катышуулар түзөт. Машыгуу учурунда спортсмендин ден

соолугуна терс таасирин тийгизбөө керек. Спорттун ар кандай түрүнө ка-

раштуу айлана-чөйрө, спорттук жабдуулар, мелдештин эрежелерине таянуу

керек.

Аккредитациялоо боюнча орган - дене тарбия жана спорт тармагында

аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.

Арыз берүүчү - аккредитациялоодон өтүүгө аккредитациялоо боюнча

органга арыз берген федерация.

Аккредитациялоо - бул процедуранын натыйжасында аккредитациялоо

боюнча орган тарабынан оњ чечим чыгарылганда арыз берүүчүгө аттестат

берилет, терс чечим чыгарылганда жазуу түрүндөгү баш тартуу каты бе-

рилет.

Аттестация - федерациялардын ишмердигин баалоо, аккредитациялоонун

курамдык жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Аккредитациялоо аттестаты - аккредитациялоодон өткөндүгүн далилде-

ген документ, мындан ары - аттестат.

Документтердин пакети - арыз берүүчү тарабынан аккредитациялоо бо-

юнча органга тапшырылган документтер. Алардын тизмеси Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча дене

тарбия-спорт бирикмелерин (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды)

аккредитациялоо жөнүндө" жобонун 6-пунктунда теске салынды.

Маалыматтык банкы - аккредитациялоону коштогон атайын электрондук

маалыматтык база.

2. Аккредитациялоо боюнча орган тарабынан түзүлгөн аккредитациялоо

боюнча атайын комиссия (мындан ары "комиссия") аккредитациялоону уюшту-

рат жана аккредитацияланган федерацияларга коюлган талаптарды сактоону

жана белгиленген тартипте бекитилген аккредитациялоого коюлган талап-

тардын өзгөрүлүшү жөнүндө эскертмелерди жөнөтүүнү (өзүнүн компетенция-

сынын чегинде аккредитациялоо органы тарабынан өткөрүлүүчү текшерүүнү)

көзөмөлдөйт.

2.1. Чечим чыгарууда комиссия аттестациялоонун эксперттик кењеши-

нин баалоосуна таянат. Эксперттик Кењеш аккредитациялоо боюнча органы

тарабынан түзүлөт.

2.2. Эксперттик Кењеш кењешүүчү орган болуп саналат жана комиссия-

нын жооптуу катчысы менен тыгыз байланышта иштейт.

2.3. Комиссия өзүнүн чечимдерин көпчүлүктүн добушу менен кабыл

алат. Добуштар тењ болгон учурда, төраганын добушу чечүүчү добуш болуп

саналат.

2.4. Комиссиянын отурумунун протоколдору Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталат.

3. Аккредитациялоо боюнча орган өзүнүн буйругу менен массалык маа-

лымат каражаттарында жарыялоо аркылуу спорттун түрлөрү боюнча федераци-

яны аккредитациялоо жөнүндө маалымдайт.

3.1. Арыз берүүчүдөн документтердин пакетин бир айдан эки айга че-

йинки кабыл алуу мөөнөтү буйрукта көрсөтүлөт. Республиканын курама ко-

мандасын түзүү боюнча маалыматты берүүдө, арыз берүүчүлөр курама коман-

далардын тандоо этаптарына өзгөчө көњүл бурушат: республикадагы спорт-

тун тийиштүү түрүнүн өнүгүшү жана методикалык камсыздалышы жөнүндө маа-

лыматты тиркейт.

3.2. Аккредитациялоо жөнүндө чечим (аккредитациялоодон баш тартуу)

документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин бир айдын ичинде аккредита-

циялоо боюнча орган тарабынан кабыл алынат.

4. Арыз берүүчүнүн арызы жана документтердин пакети басылган түрдө

Комиссияга берилет ( № 2-1, № 2-2 тиркеме)

Арыз берүүчү туурасындагы билдирүүлөр маалыматтык банкына киргизи-

лет. Түшкөн документтер кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин эксперттик

кењешке өткөрүлүп берилет. Алардын аныктыгы текшерилет.

4.1. Документтер арыз берүүчүдөн тизме менен кабыл алынат. Көчүрмө

арыз берүүчүдө калат (№ 3 тиркеме).

4.2. Эгерде эки же андан көп арыз берүүчүлөр спорттун бир түрү бо-

юнча аккредитациялоодон өтүүнү кааласа, далилденген чечимди кабыл алуу

үчүн эксперттик кењеш тарабынан зарыл болгон кошумча маалыматтардын

тизмеси аныкталат. Маалыматтык банкына тийиштүү белги киргизилет.

4.3. Аккредитациялоо боюнча орган төмөнкү кошумча маалыматты талап

кылууга укуктуу: дене тарбия жана спорттун өнүгүшү программаларын ишке

ашырууга федерациянын катышуусу, анын ишмердигин каржылоо булактары,

катышкан спорттун түрүн өнүктүрүү боюнча федерациянын программасы.

4.4. Иштин аягында эксперттик кењеш документтердин пакетин жана

маселенин мањызы боюнча өзүнүн далилденген жазуу түрүндөгү сунуштарды

эксперттик кењештин жетекчиси кол койгондон кийин комиссияга кайтарып

берет (арыз берүүчүнүн аттестациясы). Арыз берүүчүнү аккредитациялоо же

андан баш тартуу жөнүндөгү чечим комиссия тарабынан кабыл алынат.

5. Аккредитацияланган федерация дене тарбия жана спорт башкармалы-

гынын мамлекеттик органы менен биргелешкен ишмердик туурасындагы кели-

шимди түзсө болот. Түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтык банкында белги

коюлат.

6. Аттестаттын күчүндө болгон мөөнөтү аяктаганга чейин 4 айдан кеч

эмес, аккредитациялоо боюнча орган жањы аккредитациялоо жөнүндө жарыя-

лап, документтерди тапшыруу мөөнөтүн аныктайт.

6.1.1. Федерация, аттестаттын күчүндө болуу мөөнөтүн узарта турган

ниети жөнүндө анын алгачкы белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин 6 айдан

кеч эмес аккредитациялоо боюнча органга билдирет. Эгерде кезектеги акк-

редитациялоонун натыйжасында чечим мурун аккредитацияланган федерация-

нын пайдасына чыгарылса, анда берилген аттестатка мөөнөтүнүн узартыл-

гандыгы жөнүндө белги жазылат.

6.1.2. Арыз берүүчүнү аккредитациялоо же аттестаттын күчүндө болуу

мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим аккредитациялоо боюнча органдын жетекчи-

синин буйругу менен бекитилет. Маалыматтык банкында тийиштүү белги кою-

лат.

6.1.3. Аттестат аккредитацияланган федерациянын жетекчисине, же

туура түзүлгөн ишеним кат болгон учурда башка адамга, алардын колу ко-

юлгандан кийин берилет. Берилген аттестаттарды каттоо китебинде аттес-

татты берүү туурасында белги жазылат. Аттестаттын көчүрмөсү делодо 4

жыл сакталат. Маалыматтык банкында тийиштүү белги коюлат.

7. "Спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелер-

ди (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды) аккредитациялоо

жөнүндө" Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда федерация аккредитациялоо боюнча органга арыз тапшырат.

7.1.1. Аккредитациялоо боюнча органдын буйругунда аттестатты кайра

түзүү себеби көрсөтүлөт. Мурун берилген аттестат жокко чыгарылат.

8. Аттестатты жокко чыгаруу, күчүндө болууну токтотуу же кайрадан

баштоо учурларда федерация бул тууралуу жазуу түрүндө билдирет. Табыл-

ган кемчиликтерди жоюу үчүн берилген мөөнөт (3 ай) аттестаттын күчүн

токтотуу жөнүндө эскертүүчү кат берилген күндөн тартып эсептелет. Би-

рикмелер жоюлуп же кыскарып кеткен учурларда аттестат күчүн жоготот.

Аттестаттын кайрадан күчүнө киришин же жокко чыгарылышын аккредитация

өткөрүү боюнча органдын жетекчиси бекитет.

Маалыматтык банкында тийиштүү белгилер коюлат. Жокко чыгарылган

аттестаттар жөнүндө билдирүүлөр массалык маалымат каражаттарында жарыя-

ланат.

№ 2-1 тиркеме

Кыргыз Республикасында спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча

дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерацияларды,

союздарды, ассоциацияларды) аккредитациялоо

1. Форма боюнча аккредитациялоо жөнүндө арыз.

2. Белгиленген тартипте тастыкталган уюштуруу документтердин

көчүрмөсү жана федерацияны юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо

жөнүндө күбөлүк.

3. Белгиленген тартипте тастыкталган эл аралык спорт бирикмесинде

федерациянын мүчө болушун далилдеген (эгерде федерация бул бирикмеге

киргизилген болсо) документтердин мамлекеттик жана расмий тилдериндеги

көчүрмөлөрү.

4. Белгиленген тартипте кабыл алынган, бирикме катышкан спорттун

түрү боюнча мелдештердин эрежелери.

5. Белгиленген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын жана

федерациянын атынан эл аралык мелдешке катышкан курама командаларын

түзүү жана алардын мүчөлөрүн тандоо жөнүндө Жобо.

6. Болгон материалдык-техникалык база, офис (дареги көрсөтүлгөн),

дене тарбия-ден соолукту чыњдоо жана спорт объектилери, машыктыруу-

чу-окутуучу кадрлар жөнүндө маалымат, ошондой эле аспаптардын жана жаб-

дуулардын тизмеси.

7. Спорттун бардык түрлөрү үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуттук

Олимпиадалык Комитети жана эл аралык федерациялар тарабынан таануу

жөнүндө документ.

№ 2-2 тиркеме

АРЫЗ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ боюнча аккредитациялоону жарыялоо

(спорттун түрлөрүнүн аталышы)

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана

спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-

тигинин 200\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_ N \_\_\_ буйругуна ылайык аккредитациялоону

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(федерациянын, союздун, ассоциациянын толук аталышы)

суранам.

Биздин почта дарегибиз \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(Кыргыз Республикасынын Юстиция

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

министрлигинин каттоосуна ылайык индекс жана дарек)

Телефон \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ факс \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Электрондук почтанын дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тиркеме \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(беттердин саны)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(Уюм жетекчисинин кызмат орду, инициалы, аты-жөнү)

Арыз түшкөн күнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(толтурулбайт)

Каттоо номери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(толтурулбайт)

№ 2-3 тиркеме

ТИЗМЕК

Кабыл алынган документ, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(федерациянын, союздун, ассоциациянын толук аталышы)

Аккредитациядан өтүп жаткан \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(спорттун түрүнүн аталышы)

| N | Документтердин аталышы | Барактын | Оригинал же көчүрмөсү |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  | саны |  |
| 1 |  |  |  |
| 2 |  |  |  |
| 3 |  |  |  |
| 4 |  |  |  |
| 5 |  |  |  |
| 6 |  |  |  |
| 7 |  |  |  |
| 8 |  |  |  |
| 9 |  |  |  |
| 10 |  |  |  |
| 11 |  |  |  |
| 12 |  |  |  |

Документ тапшырган Документ алган

адамдын колу адамдын колу

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(Фамилиясы, аты-жөнү) (Фамилиясы, аты-жөнү)

Күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
