# КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33/5
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-215/edition/886069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300919

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын

2-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 122-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 27-августу № 33/5

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК

БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын

төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу

эрежелери жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана

монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу

эрежелери жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасы-

нын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 18,

43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Баш-

кармасы токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана

монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу

эрежелери жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы Юридикалык бөлүм

менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз

Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкарма-

сы тарабынан 1998-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республика-

сынын Адилет министрлигинде 1998-жылдын 2-декабрында 39-номерде каттоо-

дон өткөртүлгөн № 30/4 "Улуттук валютанын акча банкнотторунун төлөөгө

жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жөнүндө" жобо тууралуу" токтому күчүн жогот-

ту деп таанылсын.

6. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом ме-

нен Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана финан-

сы-кредит мекемелерин, алмашуу бюролорун жана Улуттук банктын областтык

башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
