Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
2-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 122-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 27-августу № 33/5
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК
БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын
төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу
эрежелери жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана
монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу
эрежелери жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасы-
нын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 18,
43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Баш-
кармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана
монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу
эрежелери жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы Юридикалык бөлүм
менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз
Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкарма-
сы тарабынан 1998-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республика-
сынын Адилет министрлигинде 1998-жылдын 2-декабрында 39-номерде каттоо-
дон өткөртүлгөн № 30/4 "Улуттук валютанын акча банкнотторунун төлөөгө
жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жөнүндө" жобо тууралуу" токтому күчүн жогот-
ту деп таанылсын.
6. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом ме-
нен Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана финан-
сы-кредит мекемелерин, алмашуу бюролорун жана Улуттук банктын областтык
башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын…Положение · 31.01.2013 · № 2/1
- Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын…Положение · 27.08.2008 · № 33/5
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/12 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.09.2013 · № 35/12
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 31-январындагы № 2/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.01.2013 · № 2/1
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 12.04.2017 · № 15/5
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы №2021-П-13/68-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 "Кыргыз…Постановление · 08.12.2021 · № 2021-П-13/68-3-(НПА)