Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
25-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 82-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 27-июну № 25/7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК
БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы
№ 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия
алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде
тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо
тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын
12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка
финансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптар
жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карап
көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын
12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка
финансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптар
жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жобонун кириш сөзүндөгү "Эсептешүү-Сактык компаниясы, Кыргыз
айылчарба финансы корпорациясы" деген сөздөр алынып салынсын;
- жобонун 3.8.1-пунктунун алтынчы абзацындагы "жана кызмат
көрсөтүүлөрдүн наркы" деген сөздөр алынып салынсын.
- жобонун 3.8.1-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакциядагы
сүйлөм менен толукталсын:
"Банк тарабынан тышкы аудитор дайындалган учурда, тандоо тышкы ау-
дитордун кызмат көрсөтүүсүнө сарптоолорду минимумга жеткирүү көзкарашы
менен гана чектелбестен, аныкталууга тийиш".
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте
жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о минимальных требованиях к внешнему аудиту банков и других финансово-кредитных учреждений, лицензируемых Национальным банком Кыргызской Республики ( Утверждено…Положение · 14.07.2005 · № 22/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-2-(НПА)
Шилтеме берет (3)
- Положение о минимальных требованиях к внешнему аудиту банков и других финансово-кредитных учреждений, лицензируемых Национальным банком Кыргызской Республики ( Утверждено…Положение · 14.07.2005 · № 22/2
- Постановление Правления Национального банка КР от 14 июля 2005 года №22/2 "О Положении "О минимальных требованиях к внешнему аудиту банков и финансово-кредитных учреждений…Постановление · 14.07.2005 · № 22/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон