# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/4 "Депозиттер менен иш алып баруу боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/4 "Депозиттер менен иш алып баруу боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/9
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-208/edition/370611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/4 "Депозиттер менен иш алып баруу боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (31.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300877

---

КР Улуттук банкынын 2012-жылдын

31-октябрындагы № 41/12 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын

17-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 80-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 27-июну № 25/9

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК

БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын

2003-жылдын 19-февралындагы № 4/4 "Депозиттер менен

иш алып баруу боюнча убактылуу нускоо жөнүндө"

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын

25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 "Депозиттер ме-

нен иш алып баруу боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомго сунуш кы-

лынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республика-

сынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республи-

касындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Терроризмди каржылоого

жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)

каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республика-

сынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын

25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 "Депозиттер ме-

нен иш алып баруу боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомго сунуш кы-

лынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридикалык бөлүм Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкар-

малыгы менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте

жөнөтсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышжна контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2008-жылдын 27-июнундагы

№ 25/9 токтому менен

бекитилген

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын

19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын

Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03

номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 "Депозиттер

менен иш алып баруу боюнча убактылуу нускоо жөнүндө"

токтомго сунуш кылынган

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын

25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/4 токтом менен

бекитилген Депозиттер менен иш алып баруу боюнча убактылуу нускоого

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбуладагы "жана ЭСК" деген сөздөр алынып салынсын.

2. 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Банкта терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки-

решелерди легализациялоого (адалдоого) жол бербөө максатында банк иши-

нин чөйрөсүнүн татаалдыгына жана масштабына шайкеш келген ички контрол-

дук жол-жоболору жана саясаттары иштелип чыгуу менен ал милдеттүү толук

контролдукка алынууга тийиш."

3. 3-тиркеменин 5-пункту төмөнкү мазмундагы 3-пунктча менен толук-

талсын:

"3) корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимде тараптардын тер-

роризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легали-

зациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында чараларды көрүү бо-

юнча милдеттери жана ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш;"

4. 3-тиркеменин 5-пунктунун 3-11-пунктчалары, тиешелүүлүгүнө жара-

ша 4-12-пунктчалар деп эсептелинсин.

5. 3-тиркеменин 5-пунктунун акыркы абзацы төмөнкү мазмундагы

сүйлөм менен толукталсын.

"Банк-корреспондент тарабынан терроризмди каржылоого жана кылмыш

жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы ара-

кеттенүү боюнча чаралар аткарылбай жаткандыгы аныкталган учурда, банк

корреспонденттик мамилелерди токтотууга чейинки тиешелүү чараларды

көрүүгө тийиш."

6. 3-тиркеменин 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"Корреспонденттик эсепти ачууну кошо алганда, корреспонденттик ма-

милелерди түптөө жөнүндө чечим банктын жетекчиси же банк Башкармасынын

мүчөсү жетектеген, ушундай маселелер боюнча чечим кабыл алуу анын ком-

петенциясына кирген коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынат. Коррес-

понденттик мамилелерди түзүүгө тиешелүү чечим кабыл алуунун мындай тар-

тиби банктын ички документтеринде чагылдырылууга тийиш."
