# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтомун ишке ашыруу жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтомун ишке ашыруу жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300873>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1427/edition/435093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300873.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтомун ишке ашыруу жөнүндө"буйругу (16.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300873

---

КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 15-июлунда

каттоодон өткөн. Каттоо номери № 76-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 16-июну № 299

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО

МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

"Кыргыз Республикасында контролдонууга

тийиш болгон бањги каражаттары,

психотроптук заттар жана прекурсорлор

жөнүндө" 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543

токтомун ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында контрол-

донууга тийиш болгон бањги каражаттары, психотроптук заттар жана пре-

курсорлор жөнүндө" 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 543 токтомун ишке ашыруу

багытында, ошондой эле фармацевттик жана республиканын саламаттыкты

сактоо уюмдарында психотроптук, күчтүү таасир этүүчү заттары бар да-

ры-дармектерди эсепке алуу, сактоо, жазып берүү талаптарын жана колдо-

нуу тартибин аткаруу максатында буйрук кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1.1. Кыргыз Республикасында улуттук контролдоого тийиш болгон күч-

түү таасир этүүчү заттар тизмеси (1-тиркеме);

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караш-

туу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департамен-

тинин (ДмККжМТД) башкы директоруна (Р.А.Курманов):

2.1. фармацевттик иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарды ли-

цензиялоодо, лицензия бланкына "күчтүү таасир этүүчү заттарды даярдоо

жана реализациялоо" кошумча көрсөтүлөт эгерде лицензиат аларды калкка

кое берсе.

2.2. регистрация болгонуна жана ДмККжМТДнин эксперттеринин чечими-

не жараша күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмеси ар дайым толуктап ту-

рушу Кыргыз Республикасынын Законунун негизинде жүргүзүлөт;

2.3. күчтүү таасир этүүчү заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына

алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууда, тран-

зитинде, ошондой эле фармацевттик жана саламаттыкты сактоо уюмдарында

аларды реализациялоо, колдонуу жана сактоо ар дайым контролдонсун.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин

2006-жылдын 30-январындагы № 48 "Дары-дармектерге рецепт жазуу эрежеле-

ри жана аларды коё берүү жөнүндө" буйругуна, 2006-жылдын 16-февралында-

гы Кыргыз Республикасынын адилеттик министрлигинде каттоо номери 18-06,

төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктун 5-тиркемесин "Дарылоо алдын алуу жана фармацевттик

уюмдарда предметтик-сан жагынан эсепке алына турган дары-дармектердин

тизмеги" төмөндөгү редакцияда киргизилсин:

- "4. № 3 жана № 4 тизмегиндеги психотроптук заттар, КР Өкмөтүнүн

2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга

тийиш болгон бањги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор

жөнүндө" токтому менен бекитилген.

4. Республиканын фармацевттик уюмдарынын жетекчилерине:

4.1. күчтүү таасир этүүчү заттарды реализациялоо КР саламаттыкты

сактоо министрлигинин фармацевттик иш жүргүзүү лицензиясынын негизинде

жүргүзүлсүн.

4.2. күчтүү таасир этүүчү заттарды сактоо, эсептөө, кое берүү жана

колдонуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2005-жылдын 24-августун-

дагы № 348 "Кыргыз Республикасында бањги заттарды, уулуу, психотроптук,

күчтүү таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду сактоо, эсептөө, кое

берүү жана медициналык практикада колдонуу тартиби жөнүндө" (2005-жыл-

дын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Адилеттик министрлигинде

каттоо номери 130-05) буйругуна ылайык колдонулушсун.

5. Кыргыз Республикасынын Адилеттик министрлигине мамлекеттик кат-

тоого ушул буйрук жөнөтүлсүн.

6. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилеттик министрлигине мам-

лекеттик каттоодон өтүп, жана массалык маалымат каражаттарында жарыя-

лангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

7. Ушул буйрукту жарыялаган булагы тууралуу Кыргыз Республикасынын

Адилеттик министрлигин билдирсин (басманын аталышын, анын номерин, чык-

кан күнүн).

8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Са-

ламаттык сактоо министринин орунбасары М.М.Каратаевге жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык

сактоо министри М.Мамбетов

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо

министрлигинин 2008-жылдын

16-июнундагы № 299

буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонуучу

күчтүү таасир этүүчү заттардын

ТИЗМЕСИ

1. Пипофезин (азафен)

2. Алимемазин

3. Бромизовал

4. Галоперидол

5. Гексамидин

6. Тофизопам (грандаксин)

7. Дроперидол

8. Карбидин

9. Кетамин (калипсол)

10. Клозапин (азалептин)

11. Клонидин (клофелин)

12. Левомепромазин (тизерцин)

13. Лития оксибутират, натрия оксибутират

14. Мебикар

15. Пиперидин

16. Промазин (пропазин)

17. Пропилгекседрил

18. Псевдоэфедрин

19. Рожки спорыньи эрготаминового штамма

20. Рожки спорыньи эрготоксинового штамма

21. Спорынья

22. Тиоридазин (сонапакс)

23. Трифлуоперазин (трифтазин)

24. Феназепам

25. Флуспирилен

26. Френолон

27. о-Хлорбензилиденмалонодинитрил

28. Хлороформ

29. Хлороформ для наркоза

30. Хлорпротиксен

31. Хлорэтил

32. Тригексифенидил (циклодол)

33. Цефедрин

34. Эргометрина малеат

35. Эрготал

36. Перфеназин (этаперазин)

37. Эфедрина гидрохлорид

38. Эфир медицинский, эфир для наркоза, эфир для наркоза стабили-

зированный, этиловый эфир

39. Трамадол (трамал)

40. Сибутрамин

41. Тиопентал натрия

жана жогорку тизмеде көрсөтүлгөн препарат заттары, мыйзамдан кара-

лышынан тышкары.
