# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/12
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-206/edition/331090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300869.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (27.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300869

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 14-июнунда

каттоодон өткөн. Каттоо номери 72-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 27-июну № 25/12

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук ак-

тыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп,

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"

мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук

актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет)

бекитилсин.

2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-

дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-

касынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып

күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерция-

лык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен

областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын төрагасы Алапаева М.О.

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2008-жылдын 27-июнундагы

№ 25/12 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын

айрым ченемдик укуктук актыларына

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР

I. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан

2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон

өткөртүлгөн № 37/8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында май-

да чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө

жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 9.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Системада катышуучулардын таза дебеттик позициясына лимиттердин

эки түрү белгиленет:

- Лимит 1 - операциялык күндүн башталышына карата корреспонденттик

эсепте турган жана Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү

үчүн керек болгон каражаттардын бир бөлүгүн катышуучунун резервдөөсүнүн

жыйынтыгы боюнча Пакеттик клиринг системасындагы RTGSдан файлдарды бе-

рүү аркылуу, клиринг сессиясы ачылгандан кийин күн сайын белгиленет.

Зарыл болгон учурда, жыйынтыкталган таза позицияларды эсептөө баштал-

ганга чейин катышуучу Лимит 1 көбөйүү жагына гана өзгөртө алат. Жыйын-

тыкталган таза позицияны эсептөө Лимит 1 чегинде жүргүзүлөт жана финан-

сылык тобокелдиктерди минимумга жеткирүүгө багытталган;

- Лимит 2 - чейрек сайын чейректин биринчи иш күнүндө катышуучунун

таза дебеттик позицияларынын лимиттери боюнча статистикалык маалымат-

тарды анализдөөнүн негизинде аныкталган катышуучунун дебеттик таза по-

зициясынын максималдуу лимитинин өлчөмүндө белгиленет. Бул лимит акыркы

эсептешүүнү жүргүзүү учурунда системасынын катышуучулары тарабынан ка-

тышуучулардын дебеттик позицияларынын ордун толтурууга каралган Камсыз-

дандыруу фондуу түзүүдө гана пайдаланылышы мүмкүн.

II. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан

2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон

өткөртүлгөн № 38/11 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында

майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында

төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2.2-пунктта "1 түрдөгү дебеттик таза позицияга лимит (мындан

ары ДТПЛ)" термини төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1 түрдөгү дебеттик таза позицияга лимит (мындан ары ДТПЛ 1)" -

операциялык күндүн башталышына карата корреспонденттик эсепте турган

жана Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн керек болгон

каражаттардын бир бөлүгүн катышуучунун резервдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча

Пакеттик клиринг системасындагы RTGSдан файлдарды берүү аркылуу, кли-

ринг сессиясы ачылгандан кийин күн сайын белгиленет. Зарыл болгон учур-

да, жыйынтыкталган таза позицияларды эсептөө башталганга чейин катышуу-

чу ДТПЛ 1 көбөйүү жагына гана өзгөртө алат. Жыйынтыкталган таза позици-

яны эсептөө ДТПЛ 1 чегинде жүргүзүлөт жана финансылык тобокелдиктерди

минимумга жеткирүүгө багытталган."

2. 2.2-пунктунда "2 түрдөгү дебеттик таза позицияга лимит (мындан

ары ДТПЛ 2)" термини төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2 түрдөгү дебеттик таза позицияга лимит (мындан ары ДТПЛ 2)"-

чейрек сайын, өткөн чейрек үчүн статистикалык маалыматтарды ана-

лиздөөнүн негизинде аныкталган катышуучунун таза дебеттик позициясынын

максималдуу лимитинин өлчөмүндө белгиленет. Алдынала таза дебеттик по-

зициялар ЛДЧП 2 чегинде эсептелет. Бул лимит акыркы эсептешүүнү

жүргүзүү учурунда системасынын катышуучулары тарабынан катышуучулардын

дебеттик позицияларынын ордун толтурууга каралган Камсыздандыруу фондун

түзүүдө гана пайдаланылышы мүмкүн.
