Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ ЖАНА МААЛЫМАТ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чара колдонуу тууралуу жобону бекитүү тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 декабря 2010 года №346 "Об утверждении Положения о порядке наложения административных взысканий за правонарушения в сфере архивного законодательства и Перечня управленческих документов, образующихся в деятельности учреждений, организаций, предприятий, с указанием сроков хранения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-12-31.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 токтомуна ылайык күчүн жоготкон Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
27-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 63-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 6-июну № 178
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ ЖАНА
МААЛЫМАТ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн
укук бузууларга администрациялык жаза-чара
колдонуу тууралуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-
дексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 2007-жылдын
9-ноябрдагы N 162 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, буйрук кы-
лам:
1. Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга
администрациялык жаза-чара колдонуу тууралуу жобосу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, илим жана эл агартуу министр-
лигинин "Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын администра-
циялык жоопкерчиликти кароо тартиби жөнүндөгү жобону" бекиткен
1999-жылдын 29-июнундагы N 354/1 буйругу күчүн жоготту деп табылсын жа-
на N 52 1999-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Адилет министрли-
гинде мамлекеттик каттоодон өткөн.
3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамле-
кеттик каттоого жиберилсин.
4. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамле-
кеттик каттоодон жана официалдык жарыялагандан кийин күчүнө кирилсин.
5. Ушул буйрук официалдык жарыялагандан кийин Кыргыз Республикасы-
нын Адилет министрлигине жарыяланганын булагы жөнүндө маалымат берил-
син.
6. Ушул буйрукту аткарууга көзөмөл Кыргыз Республикасынын Маданият
жана маалымат министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
архив агентинин директоруна жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Маданият
жана маалымат министри С.Раев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын…Постановление · 31.12.2010 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чараларын колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 06.06.2008 · № 178 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын…Постановление · 31.12.2010 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 09.11.2007 · № 162 · Күчүн жоготкон