Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында кошумча төлөөнү берүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-12-29.
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын
29-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 122-07
Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин
2007-жылдын 6-декабрындагы
N 431б буйругу менен
бекитилген
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген
саламаттык сактоо уюмдарында кошумча төлөөнү берүү,
эсепке алуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык
кызматка пациенттер кошумча төлөшүнүн тартиби
III. Кошумча төлөө жана аны кайтарып берүү тартиби
IV. Кошумча төлөө каражаттарын колдонуу
V. Кошумча төлөө каражаттарын колдонууну эсепке алуу,
контролдоо жана анын отчеттугу
N 1 тиркеме. Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчет (ҮМБ)
N 2 тиркеме. Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчет (АДБ)
N 3 тиркеме. Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчет (стационар)
N 4 тиркеме. Медикамент, тамактануу жана медициналык кызматтын
айрым түрлөрү үчүн калктын кошумча төлөө
каражаттарынын түшкөнү жана колдонушу жөнүндө Отчет
I. Жалпы жоболор
1.1. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюм-
дарында кошумча төлөөнү берүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби
жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын
жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик га-
рантиялар программасы жөнүндө" 2007-жылдын 24-августундагы N 363 токто-
мун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
1.2. Бул жобо Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык
сактоо уюмдары (ССУ) көрсөткөн медициналык кызматка кошумча төлөө түрдө
калктан түшкөн каражаттарды пайдалануу, эсепке алуу жана берүүнүн бир-
диктүү тартибин аныктайт.
1.3. Кошумча төлөө тартибинде саламаттык сактоо уюмдарына түшкөн
каражаттарга салык салынбайт жана ал мамлекеттик бюджетке алынбайт.
1.4. Кошумча төлөө каражаттар түшкөн сайын дарылоо-диагностикалык
процессти жана пациенттердин тамактануусун камсыз кылуу, эмгек акыга
төлөө жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүү иш-чарала-
рына колдонулат.
1.5. Үй-бүлөлүк медицина борлорунда (мындан ары - ҮМБ), кењири
профилдеги стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрүндө
мындан ары - АДБ), үчүнчү дењгээлдеги консультациялык-диагностикалык
бөлүмдөрдө (мындан ары - КДБ) кошумча төлөм медициналык кызматка баа-
лардын Прейскуранты боюнча (мындан ары - баалардын Прейскуранты) бери-
лет, ал Прейскурантты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен макулдашып бе-
китет.
1.6. Үй-бүлөлүк дарыгерден, Фельдшердик-акушердик пункттардын
(мындан ары - ФАП) фельдшерлеринен, ҮМБ дарыгерлеринен, жалпы практика
дарыгеринен, ведомстволук медицина кызматынын, аскердик-дарыгердик ко-
миссиянын (мындан ары - АДК) адистеринен ооруканага жаткыруу тууралуу
жолдомосу болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган
токтому менен бекитилген Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча
акысыз жана жењилдетилген шартта медициналык-санитардык жардам алууга
укуктары бар Кыргыз Республикасынын жарандар категорияларынын тизмегине
ылайык стационарларда жана ЖПДБнын стационардык бөлүмдөрүндө кошумча
төлөө жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2007-жылга Бирдиктүү
төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлгөн
стационардык дарылоодо медициналык кызматка кошумча төлөө өлчөмүнө ыла-
йык суммада берилет.
1.7. Стационарга жана ЖПДБнын стационардык бөлүмдөрүнө тез жардам
менен түшкөн бардык бейтаптарга стационардык тез жардам өмүрүнө корку-
нуч туудурган акыбалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт. Тез жар-
дам, анын ичинде оперативдүү кийлигишүү, көрсөтүлүп дем алуу жана гемо-
динамика көрсөткүчтөрү ордуна келгенден кийин пациенттер тиешелүү адис-
терден жолдомосу бар адам катары бекитилген кошумча төлөм өлчөмдөрүнө
ылайык кошумча төлөшөт.
1.8. Пландуу стационардык дарыланууга жолдомосу жок түшкөн пациен-
пер бөлүмдүн профилине жараша дарылоонун орточо наркын толук өлчөмдө
төлөйт.
1.9. Стационарларда керектүү консультациялар, лабораториялык жана
диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн (кымбат баалуу лабора-
ториялык жана диагностикалык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпо-
гондо) пациенттерден үстөк акы алууга жол берилбейт.
1.10. Саламаттык сактоо уюмунда тийиштүү адистер, лабораториялык
жана диагностикалык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн (кымбат баалуу лабо-
раториялык жана диагностикалык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпо-
гондо) жүргүзүү үчүн шарттар жок болгон учурда алар саламаттык сактоо-
нун башка уюмдарында жүргүзүлүшү мүмкүн, жолдомо берген саламаттык сак-
тоо уюму түзүлгөн келишимдердин негизинде Прейскурантка ылайык төлөп
берет.
1.11. Кыргыз Республикасынын жарандары социалдык паспорттордун не-
гизинде аз камсыз болгондордун категорияларына таандык деген социалдык
коргоо органдары же айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери тарабынан бе-
рилген аныктаманын негизинде саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контрол-
дук комиссиясынын (мындан ары - ДКК) чечими боюнча кошумча төлөөдөн бо-
шотулушу мүмкүн.
Өзгөчө учурларда аз камсыз болгондугу тууралуу аныктаманы эмне се-
бептен көрсөтүү мүмкүндүгү жок болгондугун белгилеп, жеке арыз жазганда
саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясы пациенттерди
кошумча төлөөдөн бошотушу мүмкүн. Кошумча төлөөдөн бошотулган жарандар-
га медициналык кызмат көрсөтүү саламаттык сактоо уюмунун консолидация-
ланган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
II. Саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык
кызматка пациенттер кошумча төлөшүнүн тартиби
2.1. ҮМБда, АДБ/КДБда жана ЖДПБнын амбулаториялык бөлүмдөрүндө ко-
шумча төлөм:
2.1.1. ҮМБда, АДБ/КДБда жана ЖДПБнын амбулаториялык бөлүмдөрүндө
катталган (тейленүүчү) калкка Үй-бүлөлүк дарыгерден, ҮМБ дарыгерлери-
нен, жалпы практика дарыгеринен, АДБ, КДБ адистеринен жолдомосу болгон-
до төмөнкү лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр акысыз көрсө-
түлөт:
- кандын кењири анализи;
- зааранын анализи жана анын тунмасынын микроскопиясы;
- уретралдык мазоктун микроскопиясы;
- вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
- какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы);
- канда канттын өлчөмүн аныктоо;
- заарасында канттын өлчөмүн аныктоо;
- электрокардиограмма (ЭКГ).
- бардык лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөр, анын ичинде
УЗИ жана кош бойлуулугу боюнча учетко турган аялдарга жана төрөттөн
кийин 8 жума көрсөткүчтөр боюнча төрөттөн кийин 10 жума), 5 жашка чей-
инки балдарга (4 жаш, 11 ай 29 күн) дарылоо иш-чаралары.
2.1.2. Камсыздандырылган жарандар жана күндүз окуган баштапкы ке-
сиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жай-
ларынын студенттери 21 жаш курагына чыкканга чейин (сырттан же кечки
бөлүмдө окугандардан башкасы) Үй-бүлөлүк дарыгерден, ҮМБ дарыгерлери-
нен, жалпы практика дарыгеринен, АДБ, КДБ адистеринен жолдомосу болгон-
до кошумча төлөмдү Прейскурантка ылайык текшерүүлөр наркынын 50 процент
өлчөмүндө беришет, кымбат диагностикалык текшерүүлөр жана манипуляци-
ларды кошпогондо.
2.1.3. Үй-бүлөлүк дарыгерден, ҮМБ дарыгерлеринен лабораториялык
жана диагностикалык текшерүүлөргө жолдомосу жок Кыргыз Республикасынын
жарандары жењилдиктерге укуктарынын болушуна карабай баалардын Прейску-
рантына ылайык бардык лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдүн
толук наркын төлөшөт.
2.2. Стационарларда жана ЖПДБнын стационардык бөлүмдөрүндө кошумча
төлөө:
2.2.1. Стационардык дарыланууда кошумча төлөө өлчөмү оорулардын
терапиялык профилинен, аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык опе-
рациялар жана манипуляциялардан, хирургиялык профилдеги оорулар опера-
ция жүргүзбөй ошондой эле медициналык кызмат алганда жењилдиктер болу-
шуна жана аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык операциялар жана
манипуляциялар тизмегине ылайык бөлүнөт.
2.2.2. Кыргыз Республикасынын жарандары Үй-бүлөлүк дарыгерден, ФАП
фельдшерлеринен, ҮМБ дарыгерлеринен, жалпы практика дарыгеринен, ведом-
стволук медицина кызматынын, аскердик-дарыгердик комиссиянын адистери-
нен ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомосу болгондо Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2007- жылдын 24-августундагы N 363 токтому менен беки-
тилген өлчөмдө кошумча төлөшөт.
2.2.3. Пландуу түрдө ооруканага жатканда Үй-бүлөлүк дарыгерден,
ФАП фельдшерлеринен, ҮМБ дарыгерлеринен, жалпы практика дарыгеринен,
ведомстволук медицина кызматынын, аскердик-дарыгердик комиссиянын адис-
теринен ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомосу жок болгондо Кыргыз Рес-
публикасынын жарандары жењилдиктерге укуктарынын болушуна карабай Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен ар бир ре-
гион үчүн бекитилген өлчөмдө 100 процент кошумча төлөйт.
2.2.4. Тез жардам, анын ичинде оперативдүү кийлигишүү көрсөтүлүп
дем алуу жана гемодинамика көрсөткүчтөрү ордуна келгенден кийин пациен-
ттер тиешелүү адистерден жолдомосу бар адам катары бул Жобонун
2.2.1-2.2.2.-пункттарына ылайык кошумча төлөшөт.
2.2.5. Эгерде ушул буйрук менен бекитилген дарылануунун орточо
наркынан ооруканада бейтаптын дары-дармегине кеткен чыгымдар үч эсе
ашып кетсе, саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясы па-
циент мындан аркы дарылануусу үчүн жењилдиктерге укуктары болушуна ка-
рабастан дары-дармекке кошумча чыгашаны төлөп берүүсү тууралуу чечим
кабыл алат. Ал чечим протокол менен таризделет. Протокол мекеменин бух-
галтериясына андан ары эсепке алуу үчүн берилет, ошол эле учурда стаци-
онардык бейтаптын медициналык картасында "өзгөчө белгилер" деген сабын-
да белги коюлат.
III. Кошумча төлөө жана аны кайтарып берүү тартиби
3.1. Кошумча төлөөгө негиз болуп ушул үй-бүлөлүк дарыгер, ҮМБ,
АДБ, КДБ адистери, стационардын кабыл алуучу бөлүмүнүн жана ЖДПБнын
стационардык бөлүмүнүн дарыгери берген кошумча төлөө талону болуп сана-
лат.
3.2. Кошумча төлөө талону жогоруда аталган токтомго ылайык медици-
налык кызматты акысыз алууга укугу бар пациенттерден башка бардык бей-
таптарга жазып берилет. Журналда жана медициналык документтерде ошол
бейтаптын кайсы категорияга, жењилдиктерин далилдеген документтерге
ылайык таандыгы жөнүндө тиешелүү белги коюлат.
3.3. Кошумча төлөө талонун толтурганда, айрылган жагы пациентке
берилет. Кошумча төлөөнү пациенттер саламаттык сактоо уюмунун кассасына
тапшырат. Пациентке ал тапшырган кошумча төлөөнүн суммасын көрсөтүү ме-
нен киреше-кассалык ордердин дүмүрчөгү, бейтаптын аты-жөнү жазылган,
номери бар талон берилет. АДБ, КДБ адистери жиберген бейтаптар үчүн ки-
реше кассалык ордерде кошумча дагы жүргүзүлө турган текшерүүнүн аталышы
жазылат.
3.4. АДБ, КДБ жана ҮМБда кошумча төлөө талонун тариздөө:
3.4.1. Стационарлардын АДБ, КДБсында ҮМБда текшерүүдөн өткөндө жа-
на медициналык кызмат алганда кошумча төлөө саламаттык сактоо уюмунун
кассасына баалардын Прейскурантына ылайык өлчөмдө берилет. Пациент тек-
шерүү наркын аны жүргүзгөн жердеги кассага төлөйт. Жолдомо-талондордун
дүмүрчөгү саламаттык сактоо уюмунун бухгалтериясына тапшырылат. Айрыма
жолдомо-талон лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүлгөн же ме-
дициналык кызмат көрсөтүлгөн жерде калат.
3.5. Стационарга түшкөндө кошумча төлөө талонун тариздөө:
3.5.1. Бейтап стационардык дарыланууга түшкөндө кошумча төлөө та-
лону бейтап түшкөн күнү толтурулат. Тез жардам менен келгенде кошумча
төлөө талону бейтаптын медициналык картасына тиркелет жана бейтаптын
өмүрүнө коркунуч келтирген абалдан чыккандан кийин көрсөтүлөт.
3.5.2. Бейтап стационардын хирургиялык бөлүмүнө жатканда башында
терапиялык профилдеги кошумча төлөө өлчөмүнө барабар сумманы берет.
Операциялык кийлигишүү болгондо гана пациент терапиялык жана хирургия-
лык профилдердин ортосундагы айырмасын төлөп берет. Мында кошумча тө-
лөөгө киреше кассалык ордерди жана кошуп берген сумманы чагылдыруу ме-
нен кошумча талон жазылат.
3.5.3. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен талон-
дорду жазганга жооптуу адам дайындалат. Талондорду жазууну контролдоону
кабыл алуу бөлүмүнүн жооптуу адамдары жүргүзөт (ССУда кабыл алуу бөлүмү
жок болсо бейтап түшкөн бөлүмдүн жооптуу адамдары).
3.5.4. Стационардын "Бейтаптарды кабыл алуу же ооруканага жаткыр-
боо журналында" кошумча графалар киргизилет: кошумча төлөө талондун но-
мери, кошумча төлөө өлчөмү, киреше кассалык ордердин номери жана дата-
сы, чыгаша ордердин номери жана датасы, кошумча төлөөнү кайтарып берүү
суммасы.
3.5.5. Эгерде пациент өмүрүнө коркунуч туудурган акыбалдан чыккан-
дан кийин же стационарга түшкөндө кошумча төлөөнү бералбаса, кошумча
төлөө талонунда тиешелүү белги коюлат жана андан ары ДКК чечим чыгарып,
пациентти ҮДтта амбулаториялык дарыланууга жиберүү, же стационарда ан-
дан ары дарылоо жөнүндө протоколду тариздейт.
3.5.6. Эгерде ДКК чечими боюнча пациент кошумча төлөөдөн бошотул-
са, киреше кассалык ордердин номеринин ордуна бейтапты кошумча төлөөдөн
бошоткон ДКК протоколунун номери, же өтө жакыр категориясына кирген
адамдар үчүн социалдык паспорттун негизинде социалдык органдар берген
маалымкаттын номери көрсөтүлөт. Протокол мекеменин бухгалтериясына ан-
дан ары эсепке алуу үчүн тапшырылат, ошол эле учурда стационардык бей-
таптын медициналык картасында "өзгөчө белгилер" деген сабында белги ко-
юлат.
Талон бейтаптын медициналык картасына чапталат, КСФ 066у формасы-
нын "кошумча төлөө - сумма" ячейкасында сызык коюлат, "талондун номери"
ячейкасында талондун номери көрсөтүлөт.
Пациентти бир ооруканадан экинчи ооруканага которгондо бейтаптын
медициналык картасына ДКК чечиминин протоколунан көчүрмөсү чапталат,
кошумча төлөө талондо кайтарылган сумманын жана киреше кассалык ордер
жөнүндө белги коюлат. КСФ N 006/У формасынын "кошумча төлөө - сумма"
ячейкасында берилген жана кайтарылган кошумча төлөө суммасынын ортосун-
дагы айырма жазылат.
Кошумча төлөө талондун номери жана кошумча төлөө өлчөмү бардык
жерде көрсөтүлөт.
3.6. Пациент кошумча төлөөнү тапшыргандан кийин өзүнүн жењилдик-
терге укуктары болгондугун аныктаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик га-
рантиялар программасы алкагында медициналык-санитардык жардам алганда
пациенттердин укуктарын бузуу фактылары аныкталганда кошумча төлөгөнү
пациенттерге кайра кайтарылып берилет.
3.7. Ооруканада жатып дарыланган пациентти башка ооруканага кото-
руу зарылчылыгы болгондо, же пациент каза тапкан учурда тапшырылган ко-
шумча төлөө төмөнкү өлчөмдө кайтарылып берилет:
- пациент ооруканада бир суткага жетпей жаткан болсо 100 проценти;
- пациент ооруканада үч суткага жетпей жатып, диагнозун аныктоо
үчүн байкоодо жүргөн болсо - 50 проценти.
3.8. Кошумча төлөөнү кайтарып берүү пациенттин, же анын жакын туу-
гандарынын саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин атына жазылган, ко-
шумча төлөө талондун номери жана киреше-кассалык ордердин дүмүрчөгүнүн
номери берилген кошумча төлөө суммасын көрсөтүлгөн арызынын негизинде
жүргүзүлөт.
3.9. Пациент кошумча төлөгөнүн контролдоону кабыл алуу бөлүмүнүн
же пациент дарыланган бөлүмдүн жооптуу адамдары жүргүзөт.
IV. Кошумча төлөө каражаттарын колдонуу
4.1. Саламаттык сактоо уюмуна түшкөн кошумча төлөө каражаттары тө-
мөнкүлөргө колдонушу мүмкүн:
20% - эмгек акы төлөөгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Соци-
алдык фондуна чегерүү;
80% - медикаменттерди, медициналык багыттагы буюмдарды, реактив-
дерди, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө сарпталуучу ма-
териалдарды, тамак-аш продуктыларын жана башка чыгашаларга. Кошумча тө-
лөө каражаттарын көрсөтүлгөн багыттар боюнча бөлүштүрүүнү саламаттык
сактоо уюмдары өз алдынча сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз
кылуу үчүн күнүнкү муктаждыкка жараша жүргүзөт.
4.2. Саламаттык сактоо уюмдары кошумча төлөө каражаттары боюнча
болжолдогон кирешелер көлөмүндө Мамлекеттик гарантиялар программасын
аткарууга, ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жана инф-
раструктураны кармоого байланыштуу каражаттарды сарптоонун негизги ба-
гыттары боюнча кирешелерди бөлүштүрүү планын түзүшөт.
4.3. Кошумча төлөө каражаттарын колдонуу үчүн каражаттарды бөлүш-
түрүү планы кабыл алынган чыгашалардын бюджеттик классификациясынын тү-
зүмүндө жана каражаттарды колдонуунун бекитилген регламентинде квартал-
дарга жана кирешелер статьялары боюнча бөлүп бир жылга түзүлөт.
Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бекиткен кошумча төлөө кара-
жаттарын бөлүштүрүү планы анын сарпталышын контролдоо жана түшкөнүнө
мониторинг жүргүзүү үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун
аймактык башкармалыктарына (ММКФ АБ) көрсөтүлөт. Бөлүштүрүү планы жыл
ичинде саламаттык сактоо уюмунун ишинин жыйынтыгы жана кошумча төлөө
каражаттарынын фактылык түшкөн көлөмүнө жараша өзгөрүлүшү мүмкүн.
4.4. Саламаттык сактоо уюмунун кассасына түшкөн кошумча төлөө ка-
ражаттары толугу менен кошумча төлөө каражаттарды эсепке алуу боюнча
банктагы алыш-бериш эсепке жиберилет. Кассада акча каражаттардын калды-
гы 5000 сомдон ашык болбошу керек, 5000 сомдон ашык акча каражаттарды
банктын алыш-бериш эсебине күн сайын төгүп туруу керек. Саламаттык сак-
тоо уюму жайгашкан жерде банктын бөлүмү жок болсо, түшкөн каражаттарды
чогултуп, бирок жумасына бир жолудан кем эмес тапшырып турууга уруксат
берилет.
4.5. Сатып алууларды саламаттык сактоо уюму "Мамлекеттик сатып
алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
4.6. Медикаменттерди кечиктирилгис учурларда сатып алууну тиешелүү
түзүмдүк бөлүктөрдүн табыштамасынын негизинде накталай эсеп менен дары-
каналарда же фарм-кызмат көрсөтүүчүлөрдөн сатып алуу фактыны далилдеген
тиешелүү документтерди милдеттүү түрдө тариздеп (дары препараттардын
сапатын далилдеген маалыматты көрсөткөн счет-фактура, сатып алынган ме-
дикаменттерге төлөгөнү жөнүндө дүмүрчөк) жүргүзүүгө мүмкүн. Накталай
эсеп менен медикаменттерди сатып алуунун көлөмү жана саны жылына 40 мињ
сомдон (стационар), 10 мињ сомдон (АДБ, ҮМБ) ашпашы керек.
4.7. Тамак аш продуктыларын накталай эсепке сатып алуу фактыны да-
лилдеген тиешелүү документтерди милдеттүү түрдө тариздеп (базар адми-
нистраторунун колу жана мөөрү басылган сатып алуу акты, мал жөнүндө ма-
алымкат - эгерде эт жана малдан чыккан продукцияны сатып алганда, сатып
алынган продукциянын сертификаттары, ишкердик аракетине уруксат берген
кызмат көрсөтүүчүнүн мамлекеттик каттоосу (Кыргыз Республикасынын Салык
жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик комитеттин патенти анын иш мөөнөтүн
көрсөтүү менен). Тамак аш продуктыларын жокко чыгарганда күнүнө бир
адамга берилүүчү тамак аш продуктуларын кое берүү ченемдерин жогорула-
тууга жол берилбейт.
V. Кошумча төлөө каражаттарын колдонууну
эсепке алуу, контролдоо жана анын отчеттугу
5.1. Кошумча төлөөгө жазып берилген талондордун дүмүрчөгү бухгал-
терияга берилет, ал жерде күн сайын ССУ түзүмдүк бөлүктөрүнүн кесили-
шинде "Пациенттер менен эсептешүү" эсебине чогултма ведомостто чагылды-
рылат. Отчеттук мезгилде жазылган талондордун дүмүрчөктөрүнүн саны N
3-а "Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчеттор" стационардык форма боюнча
(ушул Жобого N 3 тиркеме), ҮМБ боюнча N 3-а кошумча төлөө формасы (ушул
Жобого N 1 тиркеме), АДБ боюнча N 3-в кошумча төлөө формасы (ушул Жобо-
го N 2 тиркеме) отчеттук маалыматы менен бирдей болушу керек.
5.2. Саламаттык сактоо уюмунун бухгалтериясында Кошумча төлөө ка-
ражаттары боюнча берилген талондорду эсепке алуу китеби ачылат. Берил-
ген талондорду эсепке алуу китебинде номерлер коюлат, жип менен тигилет
жана саламаттык сактоо уюмунун тегерек мөөрү басылат Саламаттык сактоо
уюмунун бухгалтериясы кошумча төлөө талондорду номерлейт жана жооптуу
адамдын колун койдуруп берилет, ал тууралуу берилген талондорду эсепке
алуу китебинде жазылат. Талондордун номерлерин кайталоого болбойт.
5.3. Ай сайын кошумча төлөө талондорду жазып берүүгө жооптуу адам-
дар "Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчет" 3-а кошумча төлөө формасы бо-
юнча отчеттук форманы түзүшөт жана ССУ бухгалтериясына беришет.
5.4. ССУ кассасында түшкөн кошумча төлөө каражаттарын эсепке алуу
үчүн өз алдынча кассалык китеп ачылат, ага номерлер коюлуп, жип менен
тигилип, жетекчинин, башкы бухгалтердин колу коюлган жана тегерек мөөр
басылган болот. Пациенттин кошумча төлөөсү талонсуз ССУ кассасына кабыл
алынбайт.
5.5. Кошумча төлөө ССУ кассасына түшкөндө киреше кассалык ордер
жазылат. Кошумча төлөө талонунда төлөгөндүгү тууралуу кассирдин белгиси
киреше кассалык ордердин номерин, кошумча төлөө суммасын жана датасын
коюлат жана кассирдин колу коюлуп "төлөндү" деген штамп басылат, ал ки-
реше кассалык ордерге дүмүрчөк менен пациенттин колуна стационардын ка-
был алуу бөлүмүнө же бейтапты текшерүүгө жиберген ҮМБ, АДБ, КДБ адисине
көрсөтүү үчүн берилет. Кошумча төлөө талону бейтаптын медициналык (ам-
булаториялык) картасына тиркелет, төлөгөндүгү тууралу дүмүрчөк пациент-
ке кайтарылат. Күндүн аягында киреше кассалык ордерлердин реестри алар-
дын номерлерин көрсөтүп түзүлөт жана жыйынтык киреше кассалык ордер
Кассалык китепте чагылдыруу үчүн жазылган күндүн кошумча төлөө суммасы
жазылып берилет.
5.6. Кошумча төлөө каражаттарын бухгалтердик эсепке алуу тартиби
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын 16-июлундагы
N 208-п буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин мекемелеринде, уюмдарында бухгалтердик эсеп боюн-
ча Эсеп пландарын колдонуу боюнча инструкцияга" ылайык белгиленет.
5.7. Пациенттер менен эсептешүүнү эсепке алуу үчүн 153 эсеп "Көр-
сөтүлгөн медициналык кызматка пациенттер менен эсептешүү" колдонулат.
153 эсептин дебети боюнча жазып берилген талондор боюнча кошумча төлөм-
дүн жалпы суммасы, анын ичинде кошумча төлөө бергенден пациенттер баш
тарткан талондор эсепке алынат (N 3-а, N 3-б, N 3-в кошумча төлөө от-
четтук формалардын маалыматы боюнча), мында "Кошумча төлөө каражаттары-
нын фонду" 272 эсеп кредиттелинет. Дарылоо-алдын алуу мекемеге кошумча
төлөө каражаттардын түшкөнү 153 эсептин кредити боюнча тиешелүү эсеп-
терди (120, 102) дебеттөө менен эсепке алынат. 153 эсеп боюнча дебеттик
сальдо пациенттер бербеген кошумча төлөө каражаттарынын көлөмүн көрсө-
төт, анын өлчөмү жазып берилген талондор боюнча кошумча төлөө каражат-
тарынын жалпы суммасынын 10%инен ашпашы керек. Отчеттук жылдын аягында
түшпөй калган кошумча төлөө суммасына 153 эсептин дебети 272 эсептин
кредити менен сторнирленет (азайтылат). Бул цифра "Кошумча төлөө кара-
жаттары боюнча сметаны аткаруу жөнүндө отчеттун" N4-в кошумча төлөө
форма боюнча "Фактылык чыгашалар" графасында кирешелер бөлүгүнүн "баш-
калар" сабында сторно (кем) көрсөтүлөт Кошумча төлөө каражаттарынын кө-
лөмү N 3-а, N 3-б, N 3-в кошумча төлөө отчеттук формалардын маалыматына
ылайык "Кошумча төлөө каражаттарынын фонду" 272 эсептин кредити боюнча
чагылдырылат жана дарылоо мекеменин кошумча төлөө боюнча жалпы киреше-
син аныктайт.
5.8. Пациенттер кошумча төлөөнү каралган суммадан көп өлчөмдө бер-
ген фактылар табылган учурда саламаттык сактоо уюму пациентке туура
эмес берген сумманы кайтарып берүүгө милдеттүү. Кошумча төлөө каражат-
тарын кайтарып берүүгө пациенттин кат түрүндө арызы, ССУ текшерүү акты-
лары, саламаттык сактоо уюмунун ДКК чечими негиз болушу мүмкүн.
5.9. Пациенттерге туура эмес берилген кошумча төлөө суммасын кай-
тарып бергенде чыгаша кассалык ордер кошумча төлөөнү кайтарып берүү не-
гизи көрсөтүлүп жазып берилет. Кошумча төлөө каражаттары чыгаша касса-
лык ордер боюнча ошол күнү түшкөн кошумча төлөө каражаттарынан берилет.
Кошумча төлөө каражаттарынын түшкөндүгү тууралуу отчетто түшкөн сумма
кайтарып берилген сумманы алып таштап көрсөтүлөт.
5.10. Дарылоо-алдын алуу мекемеде медициналык кызмат көрсөтүүгө
каражаттар жетишсиз болсо кошумча төлөөдөн түшкөн каражаттардын 80% ме-
дикаменттерди сатып алууга гана жиберилиши мүмкүн. Ал үчүн кошумча
төлөө каражаттары боюнча бөлүштүрүү планына өзгөртүүлөр киргизилет жана
ММК фондунун аймактык башкармалыктары менен макулдашат.
5.11. Кошумча төлөө каражаттары боюнча кредитордук карыз отчеттук
жылга белгиленген чыгашалар лимитинен ашык болушуна жол берилбейт.
5.12. Саламаттык сактоо уюмдарында талон жазганга жооптуу адамдар
ай сайын "ҮМБ боюнча кошумча төлөөгө жазып берилген талондор жөнүндө
жыйынтык отчет" форма 3-б (N 1 тиркеме) жана АДБ боюнча форма 3-в,
"Стационар боюнча кошумча төлөөгө жазып берилген талондор жөнүндө жый-
ынтык отчет" (N 3 тиркеме) кошумча төлөө N 3-а формасы боюнча түзүшөт
жана ММК фондунун аймактык башкармалыктарына беришет. N 3 отчеттук фор-
малар боюнча маалымат (N 2, N 3 тиркемелер) стационарга түшкөн жалпы
бейтаптардын санына жана кошумча төлөөгө жазылган талондорго шайкеш ке-
лиши керек.
5.13. Ай сайын саламаттык сактоо уюмдары ММКФ АБга N2 форма "Меди-
камент, тамактануу жана медициналык кызматтын айрым түрү үчүн калктын
кошумча төлөшүнүн акча каражаттары түшкөндүгү жана аны пайдалануу
жөнүндө отчет" боюнча (N 4 тиркеме) беришет.
5.14. Квартал сайын саламаттык сактоо уюмдары ММК фондунун аймак-
тык башкармалыктарына N4 форма "Кошумча төлөө каражаттары боюнча чыга-
шаларды бөлүштүрүү планын аткаруу жөнүндө отчет" беришет.
"Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчеттун" N 3-а, N 3-б, N 3-в фор-
маларда чагылдырган жазып берилген талондор боюнча кошумча төлөөнүн
"жыйынтык" сабындагы жыйынтык суммасы "Кошумча төлөө каражаттары боюнча
сметаны аткаруу жөнүндө отчеттун" N4форма боюнча "Фактылык чыгашалар"
графасындагы "Үстүбүздөгү жылда түшкөн каражат" сабы боюнча киреше
бөлүгүндөгү маалыматка шайкеш келиши керек.
Бул отчетто кошумча төлөөнүн акча каражаттарын пайдалануу жана ко-
шумча төлөө каражаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын фактылык
чыгашалары чагылдырылат. N 2 формада көрсөтүлгөн кошумча төлөө каражат-
тарын пайдалануу маалыматы N 4 формада "Кассалык чыгаша" графасындагы
отчеттук маалыматка шайкеш келиши керек. "Фактылык чыгашалар" графасы
боюнча "отчеттук мезгилде кошумча төлөө каражаттарынын калдыгы" 23 сап
боюнча жыл аягындагы калдыгы дарылоо мекемеси кошумча төлөө каражатта-
рын колдонгону боюнча финансылык жыйынтыкты билдирет.
5.15. Пайдаланбай калган кошумча төлөө каражаттарынын калдыгын ки-
йинки жылы сарптоо, "Эмгек акы", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-
дуна чегерүү" статьяларын албаганда, жүрүп жаткан отчеттук жылда белги-
ленген тартипте жүргүзүлөт.
5.16. Финансылык отчеттордун формалары жана аларды көрсөтүү
мөөнөтүн ММК фонду белгилейт.
5.17. Саламаттык сактоо уюмдары кошумча төлөө каражаттарын колдо-
нушун контролдоону Бирдиктүү төлөөчү - Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фонду жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин 2007-жылдын
6-декабрындагы N 431б буйругу
менен бекитилген Бирдиктүү төлөөчү
системасында иштеген саламаттык
сактоо уюмдарында кошумча төлөөнү
берүү, эсепке алуу жана пайдалануу
тартиби жөнүндө жобого
N 1 тиркеме
Форма 3-б кошумча
төлөө ай сайын
Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчет
_____________________________ (ҮМБ)
20___-жылдын ______________
| сап- | Кошумча төлөөгө | жүргүзүлгөн | Текшерүүлөргө берилген | Кошумча | ||||
| тын | дарыгерлер | текшерүү- | кошумча төлөө | төлөөдөн | ||||
| N | жазган | лөрдүн саны | ------------------------- | баш | ||||
| талондордун | ------------ | бардыгы | Анын ичинде | тартуу | ||||
| саны (ҮМБ) | бар- | Анын | ------------ | камсыздан- | ||||
| дыгы | ичинде | саны | сум- | дырылгандар | ||||
| 100% | масы | ------------ | -------- | |||||
| жењил- | саны | сум- | саны | |||||
| дикте- | масы | |||||||
| ри бар | ||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| 01 | ||||||||
| 02 | ||||||||
| 03 | ||||||||
| 04 | ||||||||
| 05 | ||||||||
| 10 | жыйынтыгы | |||||||
| 20 | к төлөөнү | |||||||
| кайтаруу | ||||||||
| 21 | X | X | X | |||||
| 22 | X | X | X | |||||
| 23 | X | X | X | |||||
| 24 | X | X | X | |||||
| 25 | X | X | X | |||||
| X | X | X | ||||||
| 30 | жыйынтыгы | X | X | X | ||||
| 40 | бардыгы |
Жетекчи _________________________
МП Башкы бухгалтер _________________
аткаруучу _______________________
Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин 2007-жылдын
6-декабрындагы N 431б буйругу
менен бекитилген Бирдиктүү төлөөчү
системасында иштеген саламаттык
сактоо уюмдарында кошумча төлөөнү
берүү, эсепке алуу жана пайдалануу
тартиби жөнүндө жобого
N 2 тиркеме
Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчет
_____________________________ (АДБ)
20__-жылдын _____________
| сап- | Кошумча төлөөгө | жүргүзүлгөн | жүргүзүлгөн | Кошумча | ||||
| тын | дарыгерлер | текшерүү- | текшерүүлөрдүн саны | төлөөдөн | ||||
| N | жазган | лөрдүн саны | ------------------------- | баш | ||||
| талондордун | ------------ | бардыгы | Анын ичинде | тартуу | ||||
| саны (ҮМБ) | бар- | Анын | ------------ | камсыздан- | ||||
| дыгы | ичинде | саны | сум- | дырылгандар | ||||
| 100% | масы | ------------ | -------- | |||||
| жењил- | саны | сум- | саны | |||||
| дикте- | масы | |||||||
| ри бар | ||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| 01 | ||||||||
| 02 | ||||||||
| 03 | ||||||||
| 04 | ||||||||
| 05 | ||||||||
| 10 | жыйынтыгы | |||||||
| 20 | к төлөөнү | |||||||
| кайтаруу | ||||||||
| 21 | X | X | X | |||||
| 22 | X | X | X | |||||
| 23 | X | X | X | |||||
| 24 | X | X | X | |||||
| 25 | X | X | X | |||||
| X | X | X | ||||||
| 30 | жыйынтыгы | X | X | X | ||||
| 40 | бардыгы |
Жетекчи _________________________
МП Башкы бухгалтер _________________
аткаруучу _______________________
Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин 2007-жылдын
6-декабрындагы N 431б буйругу
менен бекитилген Бирдиктүү төлөөчү
системасында иштеген саламаттык
сактоо уюмдарында кошумча төлөөнү
берүү, эсепке алуу жана пайдалануу
тартиби жөнүндө жобого
N 3 тиркеме
Форма 3-а кошумча
төлөө ай сайын
Кошумча төлөө боюнча жыйынтык отчет
_______________________________________ (стационар)
(саламаттык сактоо уюмунун аталышы)
20___-жылдын _________________
кезектиги ________________________________________________________
өлчөм бирдиги ____________________________________________________
/сом/
| сап N | бөлүмдүн | өткөн | Ооруканага | Талондор | Дарылоо- | ||||||
| аталышы | айдын | жаткыруулардын | жазылды | контролдоочу | |||||||
| талону | саны | комиссиянын | |||||||||
| боюнча | ----------------- | чечими менен | |||||||||
| кошумча | бар- | анын ичинде | -------------- | ||||||||
| төлөө | дыгы | ------------ | Кошумча | ||||||||
| суммасы | Анын | Атай- | төлөөдөн | ||||||||
| 100% | ын | бошотуу | |||||||||
| жењил- | эсеп- | ||||||||||
| дик- | ке | ||||||||||
| терге | |||||||||||
| укук- | --------- | ------------- | |||||||||
| туулар | саны | сум- | саны | сумма | |||||||
| ма | |||||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | ||
| 01 | |||||||||||
| 02 | |||||||||||
| 03 | |||||||||||
| 20 | жыйынтыгы | ||||||||||
| 21 | Кошумча | X | X | X | X | X | X | X | X | ||
| төлөөнү | |||||||||||
| кайтаруу | |||||||||||
| 22 | Бир айга | X | X | X | X | X | X | X | X | ||
| бардык | |||||||||||
| кошумча | |||||||||||
| төлөө | |||||||||||
| өз эрки | Башка | Кийинки | Кошумча | Кошумча | |||||||
| менен кетүү | стацио- | аяга | төлөгөн | төлөө | |||||||
| (кошумча | нарга | төлөөнүн | бейтаптарды | суммасы | |||||||
| төлөөдөн баш | которулду | талону | саны | ||||||||
| ------------ | тартуу) | (кошумча | ----------- | ------------ | |||||||
| ҮДТга | төлөөсүз) | бар- | а.и. | бар- | а.и. | ||||||
| дарылоого | дыгы | кам- | дыгы | камсыз- | |||||||
| жиберүү | сыз- | данган | |||||||||
| (оор | данган | ||||||||||
| акыбалдан | |||||||||||
| чыгарганда) | |||||||||||
| саны | сумма | саны | сумма | саны | сум- | саны | сум- | саны | сумма | ||
| ма | ма | ||||||||||
| 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
| X | X | X | X | X | X | X | X | ||||
| X | X | X | X | X | X | X | X | ||||
эскертме: 20 сап боюнча:
Графа 7 = графа 4 - графа 5 - графа 6
Графа 19 = графа 7 - графа 9 - графа 11 - графа 13 - графа 15 -
графа 17
Графа 21 = графа 8 - графа 10 - графа 12 - графа 14 - графа 16 -
графа 18
Графа 21 / 22 сап = графа 3 / 20 сап + графа 21 / 20 сап - графа
21 / 21 сап
Жетекчи _________________________
МП Башкы бухгалтер _________________
аткаруучу _______________________
Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин 2007-жылдын
6-декабрындагы N 431б буйругу
менен бекитилген Бирдиктүү төлөөчү
системасында иштеген саламаттык
сактоо уюмдарында кошумча төлөөнү
берүү, эсепке алуу жана пайдалануу
тартиби жөнүндө жобого
N 4 тиркеме
Форма N 2 кошумча
төлөө Ай сайын
Медикамент, тамактануу жана медициналык
кызматтын айрым түрлөрү үчүн калктын кошумча
төлөө каражаттарынын түшкөнү жана колдонушу жөнүндө
ОТЧЕТ
(ССУ) __________________________ боюнча
200___-жылдын_______ __________
/сом/
| Көрсөткүчтөрдүн аталышы | статьялар | саптар | Бир айга | Жылдын башынан |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| Доходы: | 1 | |||
| Отчеттук мезгилдин башында | 2 | |||
| кошумча төлөө | ||||
| каражаттарынын калдыгы - | ||||
| бардыгы | ||||
| Түшкөн каражаттар: | 3 | |||
| Отчеттук мезгилде акча | 4 | |||
| каражаттардын түшкөнү | ||||
| Бардык кирешелер | 5 | |||
| Чыгашалар | 6 | |||
| Бардык чыгашалар: | 7 | |||
| Эмгек акы | 2111 | 8 | ||
| үстөк акылар | 21111200 | 9 | ||
| Социалдык фондго төгүмдөр | 2121 | 10 | ||
| Пенсиялык фондго төгүмдөр | 21211100 | 11 | ||
| ММК фондуна төгүмдөр | 21211200 | 12 | ||
| Башка кызматтарды сатып | 2215 | 13 | ||
| алуу | ||||
| Жабдуунун жана инвентардын | 22152300 | 14 | ||
| күнүнкү оњдоосү | ||||
| Медикаменттерди жана | 22155100 | 15 | ||
| тањуучу каражаттарды сатып | ||||
| алуу | ||||
| Күнүнкү чарба максаттарына | 22155900 | 16 | ||
| башка буюмдарды жана | ||||
| материалдарды сатып алуу | ||||
| Тамак аш продуктуларын | 22155200 | 17 | ||
| сатып алуу | ||||
| Бланк даярдоого чыгашалар | 22156200 | 18 | ||
| Жабдууларды сатып алуу | 22155300 | 19 | ||
| башка кызматтарга төлөөгө | 22156900 | 20 | ||
| байланыш башка чыгашалар | ||||
| Отчеттук мезгилдин аягында | 21 | |||
| каражаттар калдыгы |
Жетекчи ________________
(Аты-жөнү, колу) "______"______________200__ж.
Башкы бухгалтер ________________
(Аты-жөнү, колу)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарына…Приказ · 06.12.2007 · № 431б · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.08.2007 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина от 16 июля 2002 года № 208-пПриказ · 16.07.2002 · № 208 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон