Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча дары-дармек менен камсыз кылуу ТАРТИБИ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-12-29.
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын
29-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 122-07
Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин
2007-жылдын 6-декабрындагы
№ 431б буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык
жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасы
боюнча дары-дармек менен камсыз кылуу
ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
II. Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөткөндө
дары-дармек менен камсыз кылуу
III. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, Үй-бүлөлүк медицина
борборлорунда жана Жалпы дарыгердик практика
борборлорунда дарылоо жана диагностикалык
манипуляцияларды жүргүзгөндө дары-дармек менен камсыз
кылуу
IV. Антирабикалык жардам көрсөтүү тартиби
V. Иммунопрофилактика
VI. Айрым ооруларда амбулаториялык дењгээлде Кыргыз
Республикасынын жарандарын дары-дармектер менен
жењилдетип камсыз кылуу
VII. Стационардык дарыланууда бейтаптарды дары-дармек жана
медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу
VIII. Контролдоо, эсепке алуу жана отчеттуулук
N 1 тиркеме. Кыргыз Республикасынын жарандарына айрым ооруларда
Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик
гарантиялар программасы боюнча дары каражаттарын кое
берүү ченемдери
N 2 тиркеме. Амбулаториялык дењгээлде Кыргыз Республикасынын
жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн
мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча 16 жашка
чейинки гемофилиясы бар Кыргыз Республикасынын
жарандарына акысыз көрсөтүлүүчү дары каражаттарын
берүү ченемдери
N 3 тиркеме. Бейтаптардын жењилдетилген контингентине бериле
турган дары каражаттарын эсепке алуу китеби
N 4 тиркеме. Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик
гарантиялар программасы боюнча жењилдетилген шартта
дарыкана тармагы аркылуу дары-дармектерди кое берүү
ченеми менен камсыз кылуу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-
дам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча дары-дармек
менен камсыз кылуу тартиби (мындан ары - Тартип) амбулаториялык жана
стационардык дењгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамле-
кеттик гарантиялар программасы жөнүндө" 2007-жылдын 24-августундагы N
363 токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана Кыргыз Республи-
касынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекет-
тик гарантиялар программасы (мындан ары - Мамлекеттик гарантиялар прог-
раммасы) боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөткөндө калкка да-
ры-дармек жактан жардам көрсөтүүнү жөнгө салат.
2. Дары-дармек менен камсыз кылуу Бирдиктүү төлөөчү системасында
иштеген саламаттык сактоо уюмдарын (мындан ары - ССУ) каржылоо көлөмүн-
дө мамлекеттик бюджет, кошумча төлөө жана милдеттүү медициналык камсыз-
дандыруу каражаттарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 31-октябрындагы N 759 "Кыргыз Республикасында Өтө маанилүү
дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар тизмегин бекитүү жө-
нүндө" токтому бекиткен Өтө маанилүү дары-дармектер жана медициналык
багыттагы буюмдар тизмегинин(1) (мындан ары - ӨДМББТ) негизинде жүргү-
зүлөт.
3. Дары-дармектер менен камсыз кылуу көлөмү жана түрү жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары тарабынан кошумча акча каражат бөлүп берүү, гуманитардык жар-
дамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка бу-
лактардын эсебинен кењейтилиши мүмкүн.
4. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык-санитар-
дык жардам көрсөткөндө калкка дары-дармек жактан камсыз кылуунун төмөн-
кү түрү айырмаланат:
- тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүдө;
- дарылоо жана диагностикалык манипуляцияларды жүргүзгөндө;
- антирабикалык жардам бергенде;
- иммунопрофилактикада;
- амбулаториялык дењгээлде айрым ооруларда жењилдетилген шартта;
- стационар шартында медициналык жардам көрсөткөндө.
II. Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам
көрсөткөндө дары-дармек менен камсыз кылуу
5. Тез жана кечиктирилгис медициналык жардамды тез медициналык
жардам бригадалары, Фельдшердик-акушердик пункттардын фельдшерлери,
Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун (мындан ары - ҮДТ) дарыгерлери, Үй-бү-
лөлүк медицина борборлорунун (мындан ары - ҮМБ) жана Жалпы дарыгердик
практика борборлорунун (мындан ары - ЖДПБ) адистери көрсөтүшөт.
6. Бардык жарандарга тез жана кечиктирилгис медициналык жардам
көрсөткөндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
2001-жылдын 24-декабрындагы N 459 "Үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана Үй-бү-
лөлүк медицина борборлору үчүн базалык медициналык жабдуулар жана лабо-
раториялык жабдууларды, кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн
дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмегин бе-
китүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген тез жана кечиктирилгис медици-
налык жардам көрсөтүү үчүн дары каражаттарынын жана медициналык багыт-
тагы буюмдардын тизмегине (мындан ары - ДК ж МББ) ылайык акысыз да-
ры-дармектик жардам камсыз кылынат.
III. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, Үй-бүлөлүк
медицина борборлорунда жана Жалпы дарыгердик практика
борборлорунда дарылоо жана диагностикалык манипуляцияларды
жүргүзгөндө дары-дармек менен камсыз кылуу
7. ҮДТ, ҮМБ, ЖДПБ, амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрдө (мын-
дан ары - АДБ), үчүнчү дењгээлдеги стационарлардын консультациялык-ди-
агностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - КДБ) базалык лабораториялык жа-
на диагностикалык текшерүүлөр, керектүү дары каражаты жана медициналык
багыттагы буюмдар менен камсыз кылууну кошуп акысыз жүргүзүлөт.
8. Дарылоо жана диагностикалык манипуляцияларды жүргүзгөндө да-
ры-дармек менен камсыз кылуу ошол манипуляцияларды курамдык бөлүгү бо-
луп эсептелет жана медициналык кызматтын наркына кирет, аларга Прейску-
рантка ылайык төлөнөт, ал Прейскурантты Кыргыз Республикасынын Саламат-
тык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монопо-
лияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги
менен макулдашып аныктайт.
9. 100 процент жењилдикке укугу бар адамдарга дары-дармек жактан
жардам дарылоо жана диагностикалык манипуляцияларды жүргүзгөндө акысыз
берилет.
10. Жењилдиктерге жарым-жартылай укуктары бар жана дарылоо, диаг-
ностикалык манипуляциялардын 50% наркын төлөгөн адамдар дары-дармекке
жана медициналык багыттагы буюмдарга кошумча чыгаша төгүшпөйт.
11. Консультацияларды, дарылоо жана диагностикалык манипуляциялар-
ды жүргүзгөндө дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдарды (ДД жа-
на МББ) кошумча сатып алууга жол берилбейт.
IV. Антирабикалык жардам көрсөтүү тартиби
12. Кутурманы жуктуруу коркунучу болгондо калкка антирабикалык
жардам көрсөтүү эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча бейтап саламаттык
сактоо уюмуна кайрылганда акысыз көрсөтүлөт, ал Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин 2003-жылдын 12-декабрындагы N 40 "Адамдардын кутурма менен
оорушун алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу жөнүндө" буйругу менен беки-
тилген тартипте жүргүзүлөт.
13. Антирабикалык вакцина жана иммунобиологиялык препараттар бор-
борлоштуруп республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыз-
дандыруу каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо уюмдары берген та-
быштамалардын негизинде сатып алынат.
14. Саламаттык сактоо уюмдарын препараттар менен камсыз кылуу об-
лустук/райондук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбор-
лору мындан ары - МСЭКБ) аркылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-
тоо министрлигинин жана ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын разна-
рядкалары боюнча жүргүзүлөт.
V. Иммунопрофилактика
15. Вакцина жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу
алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында жана эпидемио-
логиялык көрсөткүчтөр боюнча вакциндештирүү Бирдиктүү төлөөчү система-
сында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында акысыз жүргүзүлөт.
16. Саламаттык сактоо уюмдары боюнча иммуноглобулиндик препарат-
тарды сатып алуу жана бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги жүргүзөт.
VI. Айрым ооруларда амбулаториялык дењгээлде
Кыргыз Республикасынын жарандарын дары-дармектер
менен жењилдетип камсыз кылуу
17. Өнөкөт оорулары бар, дары-дармектерди узак жана дайыма колдо-
нууну талап кылган бейтаптарга жењилдетилген шартта дары-дармектик жар-
дам төмөнкү ооруларда берилет:
- кант диабети инсулинге муктаж;
- кант диабети инсулинге муктаж эмес;
- кантсыз диабет;
- гемофилия;
- кургак учук;
- терминалдык стадиядагы онкологиялык бейтаптар;
- паранойялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүү бузулуштар;
- ар кандай генездеги аффективдүү бузулуштар;
- талма;
- бронхтук астма.
18. Ушул Тартиптин N 4 тиркемесине ылайык дары-дармектер менен же-
њилдетилген шартта камсыз болууга ҮДТга катталган жана 14 белгилүү
идентификациялык номери бар Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу.
Онкологиялык бейтаптар - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн алдын
ала персонификациялабай пациентти далилдеген документти көрсөткөндө
уруксат берилет.
19. Кант диабети, кантсыз диабет, гемофилия, кургак учук бейтап-
тарга ДД ж МББ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
борборлоштуруп сатып алат.
19.1. ДД ж МББ ушул Тартиптин N 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн кое
берүү ченемдерге ылайык ҮМБ/ҮДТ, ЖДПБ, Бишкек шаарында - шаардык эндок-
ринологиялык диспансер (мындан ары - ШЭД) аркылуу акысыз берилет.
19.2. Кургак учукка каршы дары каражаттарды бөлүштүрүүнү Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизи-
атрия борбору жүргүзөт.
20. Гемофилия менен ооруган 16 жашка чейин балдар милдеттүү меди-
циналык камсыздандыруу каражаттарынан амбулаториялык дењгээлде ҮМБ/ҮДТ,
ЖДПБ аркылуу кан факторлорунун концентраттары менен ушул Тартиптин N 2
тиркемесинде көрсөтүлгөн кое берүү ченемдерине ылайык акысыз камсыз кы-
лынат.
20.1. Гемофилия менен ооруган 16 жашка чейин балдарга кан фактор-
лорунун концентратын бөлүштүрүүнү ММК фонду ҮМБ берген табыштамалардын
негизинде жүргүзөт.
22. ҮМБ/ҮДТ, ЖДПБга келген дары каражаттары предметтик-саны боюнча
эсепке алынат. ҮМБ/ҮДТда дары-дармектердин кыймылы "Жењилдиктери бар
бейтаптарга берилүүчү дары каражаттарын эсепке алуу китебинде" N 156/у
формасы (ушул Тартиптин N 3 тиркемеси) чагылдырылат.
23. Облустук ҮМБ ДД ж МББ жарактуу мөөнөтүнүн чегинде колдонуу
мүмкүн болбогондуктан ҮМБ/ҮДТ, ЖДПБнын кайрылууларынын негизинде кайра
бөлүштүрүүгө укугу бар.
24. Паранойялык шизофрения, өнөкөт жөөлүү, ар кандай генездеги аф-
фективдүү бузулуштар, талма, бронхтук астма, терминалдык стадиядагы он-
кологиялык бейтаптар дары-дармектер менен дарыкана тармагы аркылуу ФАП
фельдешрлери, ҮДТ дарыгери, ҮМБ, ЖДПБ жана Психикалык денсоолук борбо-
рунун адистери жазган рецепттер боюнча ушул Тартиптин N 4 тиркемесине
ылайык камсыз кылынат.
24.1. Паранойялык шизофрения, өнөкөт жөөлүү, ар кандай генездеги
аффективдүү бузулуштар, талма, бронхтук астма, терминалдык стадиядагы
онкологиялык бейтаптарды камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин 2006-жылдын 20-июнундагы N 332 буйругу
менен (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги каттоо номери
N 80-06, 2006-жылдын 12-июлу) бекитилген "Айрым ооруларда дарыкана тар-
магы аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык
жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар программасын
дары-дармектер менен амбулаториялык дењгээлде жењилдетип камсыз кылуу-
нун ушул убактылуу тартибине" ылайык жүргүзүлөт.
24.2. Дары каражаттарын дарыкана тармагы аркылуу сатып алганда
Кыргыз Республикасынын жарандары дарыканадагы чекене баа менен ошол да-
рынан ордун толтурган баанын айырмасын төлөшөт. Кайтарып бериле турган
бааны дарыканаларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.
24.3. Дары каражаттарына кайтарып берүү баасын Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлиги базистик баанын негизинде белгилен-
ген тартипте аныктайт.
25. Өзгөчө учурларда ММК фонду менен макулдашып айыл жергесинде
бањгилик, психотроптук, жана таасири күчтүү препараттарды сатууга укугу
бар дарыканалар жок болгон учурда ҮМБ/ЖДПБ (дарыкана тармагы аркылуу
дары каражаттарын алуу тиешелүү шарт түзгөнгө чейин) ушул Тартиптин
4-тиркемесине ылайык паранойялык шизофрения, өнөкөт жөөлүү, ар кандай
генездеги аффективдүү бузулуштар, талма, бронхтук астма, терминалдык
стадиядагы онкологиялык бейтаптарды ДД ж МББ бекитилген каржылоо ченем-
дери боюнча саналган ҮМБ/ЖДПБ бюджетинин каражаттарынын эсебинен акысыз
камсыз кылат.
VII. Стационардык дарыланууда бейтаптарды дары-дармек
жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу
26. Стационардык дарыланууда жүргөн пациенттерди дары-дармектер
менен камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыз-
дандыруунун каражаттарынан, атайын каражаттардан, калктын кошумча
төлөөсүнөн, гуманитардык жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дары тыюу салбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
27. Саламаттык сактоо уюму ӨДМББТнын негизинде "Дары каражаттардын
жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин" түзөт (мындан ары - "ДК
ж МББ тизмеси"), аны саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси ММК фондунун
аймактык башкармалыктары менен макулдашып бекитет.
28. ДК ж МББ тизмесине саламаттык сактоо уюмунун профили жана спе-
цификасына ылайык ӨДМББТга кирбеген ДК белгиленген тартипте камтылышы
мүмкүн.
29. "ДК ж МББ тизмесинен" ДК сатып алуу саламаттык сактоо уюмунун
муктаждыгын эске алып иштеп тапкан каражаттардын көлөмүндө жүргүзүлөт,
ӨДМББтга кирбеген ДКны сатып алууга жиберилген каражаттардын жалпы
көлөмүнөн 20%тен ашпашы керек.
30. Керек болсо, өзгөчө учурларда кошумча төлөө каражаттарына "ДК
ж МББ тизмесине" кирбеген, бирок конкреттүү бейтаптын дарыланышына ке-
ректүү ДК жана МББ сатып алынышы мүмкүн.
31. ДК жана МББ дайындоо стационардык бейтаптын медициналык карта-
сында чагылдырылат.
32. Саламаттык сактоо уюму бөлүмдөрдө ДК жана МББ болушу тууралуу
көрүнүктүү маалыматты камсыз кылат, ал пациентке жеткиликтүү жерде бо-
лушу керек.
33. ДК жана МББ сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин ченемдик-укуктук актыларына, ошондой эле ушул
Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
34. Мөөнөтү аяктап бараткан, ошондой эле белгиленген тартипте сер-
тификаттоо жол-жобосун өтпөгөн ДК жана МББ сатып алууга уруксат берил-
бейт.
35. ДК жана МББ сатып алуу фармацевттик иш-аракетке укук берген
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы бар
субъекттерден жарактуу мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонула турган көлөмдө
жүргүзүлет.
VIII. Контролдоо, эсепке алуу жана отчеттуулук
36. Саламаттык сактоо уюмдарынын дары-дармек комитеттери Саламат-
тык сактоо министрлигинин 1999-жылдын 17-ноябрындагы N 333 буйругу ме-
нен бекитилген "Артыкчылыктуу жана нарктык талдоо (УЕЫ/АВС), сатып
алынган дары каражаттардын нарктык талдоосун жүргүзүү боюнча методика-
лык сунуштарга" ылайык ДК жана МББ сатып алуу жана пайдалануусуна мони-
торингди квартал сайын жүргүзөт.
37. Саламаттык сактоо уюмдарында ДК жана МББ боюнча отчеттук жана
эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уюмдарында ме-
дикаменттерди жана медициналык багыттагы каражаттарды бухгалтердик
эсепке алуу боюнча инструкция жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмда-
рында тез медициналык жардам бригадаларын тейлөө үчүн жалдап алган
(ижарага алган) автоунааны пайдалануу тартиби жөнүндө" 2004-жылдын
3-февралындагы N 43 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Са-
ламаттык сактоо министрлигинин уюмдарында медикаменттерди жана медици-
налык багыттагы каражаттарды бухгалтердик эсепке алуу боюнча инструкци-
яга ылайык жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо уюмдарында ДК жана МББ боюнча отчеттук жана
эсепке алуу түшкөн булактарына карабай бардыгына бирдей.
38. ДК жана МББ сактоо, эсепке алуу, колдонушун контролдоо Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын түзүмдүк бөлүк-
төрү тарабынан жүргүзүлөт.
39. ҮДТ/ҮМБ, ЖДПБ жана саламаттык сактоо уюмдарынын стационарлары
аркылуу гуманитардык жардам линиясы боюнча түшкөн медикаменттерди сак-
тоо, эсепке алуу, отчеттук, медикаменттерди кое берүү жогоруда аталган
Инструкцияга ылайык жүргүзүлөт.
(1) Өтө маанилүү дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар
тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет жана 2
жылда бир жолу кайра каралат.
Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин
2007-жылдын 6-декабрындагы
N 431б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар
программасы боюнча дары-дармек
менен камсыз кылуу тартибине
N 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын жарандарына айрым ооруларда
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык
жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасы
боюнча дары каражаттарын кое берүү
ЧЕНЕМДЕРИ
| Оорунун аталышы | ДК жана МББ аталышы | 1 бейтапка жылына |
| орточо эсеп менен | ||
| Инсулинге көз | Инсулин, шприцтер | керектөөсүнө жараша |
| каранды кант диабети | ||
| Инсулинге көз | Глибенкламид 5 мг., | 5 упаковка (600 |
| каранды эмес кант | таблетка) | |
| диабети | ||
| Кантсыз диабет | Десмопрессин 5 мл. | 20 флакон |
| Гемофилия | Криопреципитат 15 мг. | 20 флакон |
| Кургак учук | DOTS программасы боюнча | керектөөсүнө жараша |
Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин
2007-жылдын 6-декабрындагы
N 431б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар
программасы боюнча дары-дармек
менен камсыз кылуу тартибине
N 2 тиркеме
Амбулаториялык дењгээлде Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик
гарантиялар программасы боюнча 16 жашка чейинки
гемофилиясы бар Кыргыз Республикасынын жарандарына
акысыз көрсөтүлүүчү дары каражаттарын берүү
ЧЕНЕМДЕРИ
| Оорунун аталышы | ДК жана МББ аталышы | Орто эсеп менен |
| жылына 1 бейтапкана | ||
| Гемофилия менен | VIII, IX кан | 6500 МЕ |
| ооруган 16 жашка | факторлорунун | |
| чейинки балдар | концентраты |
Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин
2007-жылдын 6-декабрындагы
N 431б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар
программасы боюнча дары-дармек
менен камсыз кылуу тартибине
N 3 тиркеме
Форма N 156/у
Бейтаптардын жењилдетилген контингентине
бериле турган дары каражаттарын эсепке алуу
КИТЕБИ
Дары каражаттарынын аталышы ____________ бирд. өлчөм.____________
| Айдын | киреше | чыгаша | айдын | |||||||||
| башына | аягына | |||||||||||
| калдык | калдык | |||||||||||
| да- | са- | Каржы- | Ал- | Кызмат | саны | бар- | дата | рец- | бирд. | сумма | саны | сум- |
| та | ны | лоо | ган | көрсө- | дыгы | епт- | өлчөм | (сом) | ма | |||
| булагы | да- | түүчү, | кал- | тер- | саны | |||||||
| та- | док. N | дыгы | дин | |||||||||
| сы | менен | саны |
Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин
2007-жылдын 6-декабрындагы
N 431б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына
медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар
программасы боюнча дары-дармек
менен камсыз кылуу тартибине
N 4 тиркеме
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык
жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасы
боюнча жењилдетилген шартта дарыкана тармагы аркылуу
дары-дармектерди кое берүү ченеми менен камсыз кылуу
| Оорулардын | Дары-дармектердин аталышы | Саны (жылына 1 |
| аталышы | бейтапка бериле | |
| турган) | ||
| Терминалдуу | 1. Кетопрофен, Инъекциялар үчүн | 36000 мг бир |
| стадиядагы | ампула,же капсула, же форте | дары-дармек формасы |
| онкологиялык | таблетки, же ретард таблетки; | же алардын |
| оорулар | 2. Тримеперидина гидрохлорид, | комбинациясы |
| Инъекциялар үчүн ампула же | 4800 мг | |
| Морфин гидрохлорид, Инъекциялар | 3000 мг | |
| үчүн ампула | ||
| Паранойялык | 1. Галоперидол, таблетка. | 2100 мг |
| шизофрения жана | 2. Тригексифенидил, таблетка | 720 мг |
| өнөкөт | 3. Клозапин, таблетка же | 9000 мг |
| жөөлүүлөр | Аминазин, таблетка | 9000 мг |
| Ар кандай | 1. Амитриптилин, таблетка | 13500 мг |
| генездеги | 2. Клоназепам, таблетка | 360 мг |
| аффективдүү | ||
| бузулуулар | ||
| Талма | 1. Фенобарбитал, таблетка же | 21000 мг |
| Карбамазепин, таблетка | 108000 мг | |
| Бронхиальная | 1. Сальбутамол, ингаляциялар үчүн | 80 мг |
| астма | аэрозоль. | |
| 2. Бекламетазон, ингаляциялар | 60 мг/150 мг | |
| үчүн аэрозоль, (балдар/чоњдор) же | ||
| Будесонид, ингаляциялар үчүн | 60 мг/120 мг | |
| аэрозоль, (балдар/чоњдор) же | ||
| Преднизолон, таблетка | 3600 мг |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарына…Приказ · 06.12.2007 · № 431б · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.08.2007 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 759 "Кыргыз Республикасындагы турмуштук маанилүү дары каражаттардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 31.10.2006 · № 759 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)