# "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

- Толук аталышы: "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/4
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-200/edition/902407/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ (15.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300823

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2008-жылдын 28-майы N 22/4 "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жө-нүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде, банк тутумунун туруктуулугун колдоого алуу максатында иштелип чыккан "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кароого сунушталган "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

2. Юридикалык бөлүм Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.

5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасынын 1997-жылдын 23-январындагы N 2/7 "Коммерциялык банктардын ишине тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-сентябрындагы N 28/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы

М. Алапаев
