# "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/4
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-197/edition/331015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300795.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу токтому (28.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300795

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын

28-майында каттоодон өткөн. Каттоо номери 32-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 25-апрелиндеги № 18/4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК

БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө"

жобонун жањы редакциясы тууралуу

Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нота-

ларын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун жањы

редакциясынын долбоорун карап көрүп, "Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы жөнүндө" мыйзамдын 5, 7, 20, 21 жана 43-статьяларына таянуу менен

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын

ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун

жањы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен

бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Рес-

публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып

күчүнө кирет.

4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, төмөнкүлөр күчүн жо-

готту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-сентябрында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын

7-октябрында 140-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республика-

сынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана

төлөө жөнүндө" жобонун жањы редакциясы тууралуу N 28/2 токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрында ка-

был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын

17-октябрында 95-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республика-

сынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана

төлөө жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туура-

луу" N 42/1 токтом;

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын кошумча жайгаштыруу жөнүндө"

N 54/8 токтому.

Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыя-

лоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыя-

лангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет ми-

нистрлигине маалымдасын. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин

Суеркул мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын төрагасы Алапаева М.О.
