# Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/3
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/300794>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-196/edition/331014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/300794.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому (27.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/300794

---

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 25-апрелинде

каттоодон өткөн. Каттоо номери 31-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 25-апрели N 18/3

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка

финансы кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер

планынын жањы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын

10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Респуб-

ликасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемеле-

ринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын бе-

китүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоолорду карап көрүп, Кыр-

гыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мый-

замынын 7 жана 43-статьяларына, Улуттук банк Башкармасы тарабынан

2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон

өткөртүлгөн N 32/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында ис-

лам каржылоо принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагында

жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобого таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улут-

тук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын

10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Респуб-

ликасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемеле-

ринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын беки-

түү тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) беки-

тилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана

"Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жа-

на каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын

16-майында келишилген өзара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун талабын

жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн.

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык

бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте

жөнөтсүн.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик

каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып

күчүнө кирет.

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине маалымдасын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасы төрагасы Алапаев М.О.

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2008-жылдын 25-апрелинде

N 18/3 токтому менен

бекитилген

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн

N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана

башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу

эсептер планынын жањы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго

толуктоолор

1. Ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы

(пилоттук) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы үчүн

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финан-

сы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына"

(Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алын-

ган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлун-

да 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 токтому менен бекитил-

ген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финан-

сы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы

редакциясына карата 2-тиркеме) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

20000 "Эсептешүү (утурумдук) эсептер жана кардарлардын талап боюн-

ча төлөнүүчү депозиттери" эсептер тобу төмөнкү эсептер менен толуктал-

сын:

"20037 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резидент эместер-

дин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)

20038 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резиденттердин та-

лап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)".

20200 "Жеке адамдардын депозиттери" эсептер тобу төмөнкү эсептер

менен толукталсын:

"20223 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резидент эместердин

талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)

20224 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резиденттердин талап

боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)".

21000 "Төлөөгө каралган пайыздар" эсептер тобу төмөнкү эсеп менен

толукталсын:

"21055 Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү төлөөгө каралган,

чегерилген сыйакылар боюнча чыгашалар".

61100 "Ислам каржылоо принциптери боюнча операциялардан кирешелер"

эсептер тобу төмөнкү эсептер менен толукталсын:

"61108 Вади"а Йад Амана операциялары боюнча кирешелер

61109 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча кирешелер".

70000 "Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар" эсептер тобу төмөнкү

эсептер менен толукталсын:

"70031 Мудараба операциялары боюнча чыгашалар

70032 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча чыгашалар".

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл

алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын

10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 токтом менен

бекитилген Ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча ал-

гачкы (пилоттук) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы

үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финан-

сы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы

редакциясына карата 2.1-тиркемеге төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

20000 "Эсептешүү (утурумдук) эсептер жана кардарлардын талап боюн-

ча төлөнүүчү депозиттери" эсептер тобунун түшүндүрмөсү төмөнкү мазмун-

дагы абзацтар менен толукталсын:

"20037 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резидент

эместердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)

Бул эсепте юридикалык жактардын - Кыргыз Республикасынын резидент

эместеринин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнча

төлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого

ээ болууга тийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурда

эсеп кредиттелет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурда

эсеп дебеттелет".

"20038 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резиденттердин

талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)

Бул эсепте юридикалык жактардын - Кыргыз Республикасынын резидент-

теринин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнча

төлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого

ээ болууга тийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурда

эсеп кредиттелет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурда

эсеп дебеттелет".

20200 "Жеке адамдардын депозиттери" эсептер тобунун түшүндүрмөсү

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"20223 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резидент эместердин

талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери).

Бул эсепте жеке адамдардын - Кыргыз Республикасынын резидент эмес-

теринин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнча

төлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого

ээ болууга тийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурда

эсеп кредиттелет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурда

эсеп дебеттелет".

"20224 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резиденттердин талап

боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)

Бул эсепте жеке адамдардын - Кыргыз Республикасынын резиденттери-

нин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнча төлөнүүчү

пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга

тийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурда эсеп кредитте-

лет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурда эсеп дебетте-

лет".

21000 "Төлөөгө каралган пайыздар" эсептер тобунун түшүндүрмөсү

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"21055 Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү төлөөгө каралган,

чегерилген сыйакылар боюнча чыгашалар

Бул эсепте кардарга Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча төлөөгө

каралган, кардарларга сыйакылардын суммасы эсепке алынат. Эсеп кредит-

тик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар суммасы чегерилген учурда эсеп

кредиттелет. Чыгашалар суммасы төлөнгөн учурда эсеп дебеттелет".

61100 "Ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларга тиешелүү

кирешелер" эсептер тобунун түшүндүрмөсү төмөнкү мазмундагы абзацтар ме-

нен толукталсын:

"61108 Вади"а Йад Амана операциялары боюнча кирешелер

Бул эсепте Вади"а Йад Амана операциялары боюнча банктын кирешелери

эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше алынган

учурда эсеп кредиттелет. Чыгымга жол берилген шартта эсеп дебеттелет".

"61109 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча кирешелер Бул эсепте

банктын Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча кирешелери эсепке алынат.

Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше алынган учурда эсеп

кредиттелет. Чыгымга жол берилген шартта эсеп дебеттелет".

70000 "Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар" эсептер тобунун

түшүндүрмөсү төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"70031 Мудараба операциялары боюнча чыгашалар

Бул эсепте банктын Мудараба операциялары боюнча чыгашалары эсепке

алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгаша келип чыкканда

эсеп дебеттелет. Эсеп жабылган учурда ал кредиттелет".

"70032 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча чыгашалар

Бул эсепте банктын Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча чыгашала-

ры эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгаша келип

чыкканда эсеп дебеттелет. Эсеп жабылган учурда ал кредиттелет".
