Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин буйругу менен бекитилген
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-03-25.
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
25-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 19-08
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин 2008-жылдын
11-мартындагы № 28-п буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик
протокол Кызматында чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн
кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн
кызматкерлерин аккредиттөө тартиби жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан
ары "Министрлик") Мамлекеттик протокол Кызматында чет мамлекеттик дип-
ломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, чет мамлекеттик консулдук мекемелеринин
жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары "Өкүлчүлүк" жана
"Мекемелер" деп аталат) кызматкерлерин аккредиттөө тартибин 1961-жылдын
18-апрелиндеги дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясынын,
1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук байланыштар жөнүндө Вена Конвенци-
ясына 1946-жылдын 13-февралындагы Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылык-
тар жана иммунитеттер жөнүндө Конвенциясынын жоболоруна, эл аралык ке-
лишимдер жана Кыргыз Республикасынын укуктук актыларына ылайык жөнгө
салат.
I. Жалпы Жоболор
1.1. Министрликте аккредиттөөнү төмөнкүлөр алышат:
а) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык
жана административдик-техникалык кызматкерлери;
б) чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызматкерлери;
в) Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин
негизиндеги БУУ системасынын эл аралык уюмдарынын өкүлчүлүктөрүнүн кыз-
маткерлери жана эл аралык уюмдардын башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерле-
ри;
г) Тењ үзүр принцибинин негизинде мамлекеттердин соода өкүлчүлүк-
төрүнүн кызматкерлери.
д) Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин
негизинде өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлери.
е) Чет мамлекеттердин ардактуу консулдары
1.2. Өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-
нин Мамлекеттик протокол Кызматына (мындан ары Кызмат) жылына эки жолу-
дан кем эмес (N 1 тиркемеге ылайык) өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин
кызматкерлеринин тизмесин, алардын кызматтарын, кызматтык телефон но-
мерлери менен кошо, ошондой эле өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин кура-
мынын өзгөрүүсү тууралуу маалыматтарды: өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин
кызматка дайындоо, келиши жана кетиши, кызматкерлердин жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызматтарынын аягына чыгуусу тууралуу жөнөтүп туру-
шат.
Бул маалымат өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республика-
сынын, үчүнчү мамлекеттердин жараны болуп саналган жана ошондой эле
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кызматкерлери тууралуу кабар-
ларды өзүнө камтыйт.
Мекемелердин же өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин үй-бүлөсүнүн мү-
чөсү катары мурун Кызмат тарабынан аккредиттелген жактардын туугандык
байланыштары үзүлгөн мезгилде Мекемелер жана өкүлчүлүктөр бул маалымат-
ты Кызматка жөнөтүп турушат.
1.3. Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын
аймагында жашаган жана мекемелерде жана өкүлчүлүктөрдө эмгектенген жа-
рандыгы жок жактар Министрликте аккредиттөө алышпайт.
1.4. Мекемелердин жана өкүлчүлүктөрдүн укуктук статусу Кыргыз Рес-
публикасынын эл аралык келишимдери жана ченемдик-укуктук актылары менен
жөнгө салынат.
II. Министрликте аккредиттөөнүн тартиби
Министрликте аккредиттөө алуу үчүн төмөнкүдөй документтердин тиз-
меси керектүү:
2.1. Өкүлчүлүктөрдүн 1.1.-пунктунун (а) жана (б) бөлүмдөрүндө
көрсөтүлгөн кызматкерлери жана мекемелердин жумушчулары үчүн:
- Дипломатиялык (консулдук) мамилени орнотуу үчүн Кыргыз Республи-
касы менен Макулдашуу;
- Кызматкерди аккредиттөө өтүнүчү тууралуу чет мамлекеттин Тышкы
иштер министрлигинин же өкүлчүлүгүнүн нотасы.
- Нотада өкүлчүлүктүн кызматкеринин кызматтык орду жана болжолдуу
иштөө мөөнөтү тууралуу маалымат камтылат.
2.2. Өкүлчүлүктөрдүн 1.1.-пунктунун (в) жана (д) бөлүмдөрүндө көр-
сөтүлгөн кызматкерлери үчүн:
- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүн
ачуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Макулдашуу же бул эл аралык
уюмдун Кыргыз Республикасында жайгашуу шарттары тууралуу макулдашуу;
- Эл аралык уюмдардын же өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн
чет мамлекеттин жараны болуп саналган кызматкерлердин Кыргыз Республи-
касынын аймагында белгилүү бир өлчөмдөгү иммунитет жана артыкчылыктарга
ээ болушун караган Макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын керектүү органдары менен макулдашуулары
боюнча Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын Кыр-
гыз Республикасынын аймагында штаб-квартирасын уюштуруу тууралуу чечим-
дери.
- Эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерин аккредиттөө
тууралуу өтүнүчү камтылган нота же кат.
- Нотада же катта өкүлчүлүктүн кызматкеринин кызматтык орду жана
болжолдуу иштөө мөөнөтү тууралуу маалымат камтылышы керек.
- Нота же катка өкүлчүлүктүн Башчысы кол коюушу керек, ал эми ал
жок мезгилде орун басары кол коюп, Өкүлчүлүктүн мөөрү басылат.
2.3. Өкүлчүлүктөрдүн 1.1.-пунктунун (г) бөлүгүндө көрсөтүлгөн кыз-
маткерлери үчүн:
- Артыкчылык жана иммунитет берүү мүмкүнчүлүгүн караган соода
өкүлчүлүктөрүн ачуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Макулдашуу.
- Керектүү мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин же дипломатиялык
өкүлчүлүктөрүнүн, же консулдук мекемелеринин кызматкерин аккредиттөө
өтүнүчү жөнүндө нотасы.
- Нотада же катта өкүлчүлүктүн кызматкеринин кызматтык орду жана
болжолдуу иштөө мөөнөтү тууралуу маалымат камтылышы керек.
- Чет мамлекеттин соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тењ үзүр прин-
цибинин негизинде аккредиттөөдөн өтүшөт.
2.4. Өкүлчүлүктөрдүн 1.1.-пунктунун (е) бөлүгүндө көрсөтүлгөн кыз-
маткерлер үчүн:
- Керектүү мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин же дипломатиялык
өкүлчүлүктөрүнүн, же консулдук мекемелеринин кызматкерин Ардактуу кон-
сул катары аккредиттөө өтүнүчү жөнүндө нотасы.
- Консулдук патент жана экзекватура.
2.5. Министрлик аккредиттейт:
- Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук
мекемелеринин Башчыларын, дипломатиялык кызматтардын мүчөлөрүн, консул-
дук кызматтык жактардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук
мекемелердин административдик-техникалык кызматкерлерин, ошондой эле
алар менен чогуу турган үй-бүлө мүчөлөрүн, эгерде алар жайгашкан мамле-
кеттин жараны болбосо;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашуу боюн-
ча аскердик атташелерди, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
менен макулдашуусу боюнча полициянын атташелерин;
- Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат адамдарын, ошондой эле
эл аралык уюмдардын мүчөлөрү болгон мамлекеттердин Кыргыз Республика-
сында штаб-квартирага ээ өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин;
- Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин белгилүү бир өлчөмдө артыкчылык
жана иммунитетке ээ болушун караган Кыргыз Республикасынын күчүнө кир-
ген эл аралык Келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
көмөгү менен же кыргыз тарабы менен биргелешип долбоорлорду ишке ашырып
жаткан, Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык, социалдык-эконо-
микалык жана техникалык жардамды аткаруу боюнча программаларды жүзөгө
ашыруу менен алектенген чет мамлекеттердин өкмөттүк уюмдарынын, эл ара-
лык жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат адамдарын.
III. Аккредиттөө карточкасын берүү тартиби
Министрлик аккредиттөө карточкаларын берүүнүн төмөнкүдөй тартибин
бекитет:
3.1. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер өзүлөрүнүн кызматкерлерин аккре-
диттөө жана аккредиттөө карточкасын алуу үчүн Кыргыз Республикасына
келгенден тартып 10 күн ичинде Министрликке төмөнкүдөй документтерди
көрсөтүшү керек:
- аккредиттөө өтүнүчү жазылган нота же кат;
- паспорттун көчүрмөсү;
- кирүү визасынын көчүрмөсү (визалык режим сакталган мезгилде)
- өкүлчүлүктүн кызматкерлерине аккредиттөө карточкаларын берүүгө
негиз болуучу нормативдик документтердин көчүрмөлөрү;
- 2x3 см өлчөмүндөгү 2 түстүү, сыймалак эмес фотосүрөт;
- толтурулган анкета (N 2 тиркеме);
- өкүлчүлүктөр жана мекемелердин кызматкерлеринин өмүрлүк жары
үчүн нике күбөлүгү.
- Нотада же катта аккредиттөө ала турган жактын кызмат орду жана
жарандыгы көрсөтүлүшү керек.
- Бул Жобонун 1.1.-пунктунун а, б жана г пунктчаларында көрсөтүл-
гөн жактардын паспортунда алардын кызматтык статусуна тиешелүү маалымат
камтылышы керек.
- Кызматта аккредиттөө ала турган жактардын паспортунун жарактуу-
лугунун мөөнөтү паспорттун жарактуулук мөөнөтүнүн аягына чыгышына 6 ай
калганга чейин ишке ашырылышы керек.
- Анкета арыз берүүчү тарабынан толтурулушу жана өкүлчүлүктөр жана
мекемелердин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
3.2. Документтерди кароо жана аккредиттөөчү карточканы берүү 14
жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
3.3. Аккредиттөөчү карточкаларда өкүлчүлүктүн кызматкеринин толук
аты, кызматы, аккредиттөөчү карточканы берүү айы-күнү жана анын жарак-
туулук мөөнөтү көрсөтүлөт. Аккредиттөөчү карточкаларга Кызматтын на-
чальниги кол коет жана Кызматтын гербдик мөөрү басылат.
3.4. Аккредиттөөчү карточкалардын жарактуулук мөөнөтүн узартууда
жана дубликатын берүүдө, эски аккредиттөөчү карточка Кызматка кайтары-
лып берилиши керек.
3.5. Өкүлчүлүктөр кызматкерлеринин кызматтык абалынын өзгөрүүлөрү
тууралуу маалыматты 10 күн ичинде Кызматка билдирүүлөрү керек.
Аккредиттөөчү карточкаларды берүү кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнүн
мүчөлөрүнө, 6 жаштан жогору жаштагы балдарга тиешелүү болот:
а) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык
жана административдик-техникалык кызматкерлерине;
б) чет мамлекеттик консулдук мекемелердин кызматкерлерине;
3.6. Кызматта тењ үзүр принцибин эске алуу менен, Кыргыз Республи-
касында туруктуу орунга ээ эмес чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн 3төн
ашык эмес кызматкерине аккредиттөө берилет, мында өкүлчүлүктүн Башчысы
жана аскердик атташеси (полиция атташеси) да кирет.
3.7. а) Бул Жобо менен бекитилбеген аккредиттөө карточка берилип
калган мезгилде, аккредиттөөчү карточка жокко чыгарылат жана карточка
ээсине кабарлагандан кийин 3 күн ичинде Кызматка кайтарылып берилет.
б) Эгерде аккредиттөө карточканын ээси карточка жокко чыгарылган-
дан кийин жана 3 күндүк мөөнөт ичинде карточканы Кызматка кайра кайтар-
баса, Кызмат аккредиттөөчү карточканы биргелешип алуу үчүн КРнын улут-
тук коопсуздук комитетине ылайыктуу багыттама менен жөнөтөт.
IV. Аккредиттөөчү карточкалардын сериясы
4.1. 2.5-пунктунда көрсөтүлгөндөргө Кызмат бул бөлүмдүн пунктула-
рына ылайык кызматтык статустарына карабастан аккредиттөөчү карточка-
ларды берет.
4.2. Аккредиттөөчү карточкалар 6 серияга бөлүнөт:
"D" "С", "Т", "U", "О", "НС"
3. Аккредиттөөчү карточкалар чет өлкөлүк жарандарга гана берилет.
Мында эрежеден тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен чет
мамлекеттердин ардактуу консулдары гана эсептелет, алардын кандидатура-
сы Министрлик менен жана чет мамлекеттин тышкы иштер министрлиги менен
макулдашылышы керек.
Министрликте аккредиттөө алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын
ичинен чыккан чет мамлекеттердин ардактуу консулдары артыкчылык жана
иммунитеттин чектелген көлөмүнөн пайдаланышат жана алар өз милдеттерин
аткаруудан сырткаркы иш-аракеттерге жайылтылбайт, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
4.4. Өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин кызматкерлери кызматынын
аягына чыгып, кетеринде алардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн аккредиттөөчү
карточкаларынын түп нускалары 10 күндүн ичинде Кызматка кайтарылып бе-
рилет.
4.5. "D" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар берилет:
- 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясы-
на ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык кызматкер мүчө-
лөрүнө жана алардын багуусундагы (дипломатиялык паспорту бар болсо)
үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде 1961-жыл-
дагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык, ста-
тусу дипломатиялык агенттердин статусуна тењ келген эл аралык уюмдардын
өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине (Карточка дипломатиялык паспорт же БУУ
паспортуна ээ жактарга берилет).
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде 1961-жыл-
дагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык, ста-
тусу дипломатиялык агенттердин статусуна тењ келген эл аралык уюмдардын
өкүлчүлүктөрдүн кызматтык адамдарына.
4.6. "С" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар берилет:
- консулдук мекемелердин консулдук кызмат адамдарына жана алардын
багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө;
4.7. "Т" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар берилет:
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык кыз-
маткерлерине жана алардын багуусундагы кызматтык паспорттору бар үй-бү-
лө мүчөлөрүнө;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде 1961-жыл-
дагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык, ста-
тусу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн административдик-техникалык кызмат-
керлеринин статусуна тењ келген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрдүн
кызматтык адамдарына.
- 1963-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясы-
на ылайык, консулдук кызматкерлерге жана жана алардын багуусундагы кыз-
маттык паспорттору бар үй-бүлө мүчөлөрүнө.
4.8. "U" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар берилет:
- БУУ системасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн Кыргыз
Республикасынын жараны эмес жана Республиканын аймагында туруктуу жаша-
баган кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасынын жарандуулугуна ээ эмес жана Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын эл
аралык келишиминин негизинде БУУ системасындагы кызматтык жактарына же
уюмдардын эксперттерине тењ келген эл аралык уюмдардын башка өкүлчүлүк-
төрүнүн кызматтык жактарына.
4.9. "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар берилет:
- Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин
негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык, социалдык-эко-
номикалык жана техникалык жардамды иш жүзүнө ашырып жаткан эл аралык
уюмдардын өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине;
Мында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде өкүлчүлүктүн
кызматкерлерине белгилүү бир көлөмдөгү артыкчылык жана иммунитеттерди
берүү камтылышы керек.
4.10. "НС" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар берилет:
- Чет мамлекеттердин ардактуу консулдарына;
- Чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жа-
на Ардактуу консулдуктарынын кызматкерлерине аккредиттөөчү карточкалар
берилбейт.
4.11. Чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине жана
кызматкерлерине, кызматтык паспорттору бар болсо, "О" сериясындагы акк-
редиттөөчү карточка берилет же Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл
аралык келишиминин негизинде же тењ үзүр принцибинин негизинде жогоруда
аталган сериялардын бириндеги аккредиттөөчү карточкалар берилет.
4.12. Аккредиттөөчү карточкалар Министрликтин жеке менчиги болуп
саналат жана Кыргыз Республикасында дипломатиялык миссиясынын жана акк-
редиттөөнүн мөөнөтүнүн аягына чыгышына байланыштуу Кызматка кайра кай-
тарылып берилет.
V. Аккредиттөөнүн мөөнөтү
5.1. "Б" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар бул жобонун
4.5.-пунктунда көрсөтүлгөн жактарга кайрылууда белгиленген мөөнөткө,
бирок 3 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет, алгачкы жолу Кызматта, кийин
диттөөчү карточка 1 жылга узартылат.
- "С" жана "Т" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар бул жобонун
4.6. жана 4.7.-пунктуларында көрсөтүлгөн жактарга кайрылууда белгилен-
ген мөөнөткө, бирок 2 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет, алгачкы жолу
Кызматта, кийин аккредиттөөчү карточка 1 жылга узартылат.
- "С", "О", "НС" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар бул жобо-
нун көрсөтүлгөн 4.8., 4.9. жана 4.10.-пунктуларында көрсөтүлгөн жактар-
га кайрылууда белгиленген мөөнөткө, бирок 1 жылдан көп эмес мөөнөткө
берилет.
- "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар же жогоруда аталган
башка сериядагы карточкалар Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл
аралык келишиминин негизинде же тењ үзүр принцибинин негизинде бул жо-
бонун 4.11.-пунктунда көрсөтүлгөн жактарга кайрылууда белгиленген мөө-
нөткө, бирок 1 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет.
- Аккредиттөөчү карточканын мөөнөтү аягына чыкканга чейин 1 ай
(календардык 30 күн) ичинде Кызмат анын мөөнөтүн узартуу маселесин ка-
райт.
5.2. Аккредиттөөнү 6 айдан ашык мөөнөткө, бирок 3 жылдан ашпаган
мөөнөткө берүү каралат.
5.3. Аккредиттөөчү карточка жоголгон мезгилде же анын пайдаланууга
жараксыздыгы тууралуу өкүлчүлүк тез аранын ичинде, 5 күндүн ичинде Кыз-
матка кабарлоосу керек.
Карточканын жоголгондугу тууралуу маалымат алынган күндөн тартып
10 күн ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аккредит-
төөчү карточканын жоголгондугун далилдөөчү документтери менен аккредит-
төөчү карточканын дубликаты берилет.
VI. Артыкчылыктар жана иммунитеттер
6.1. "Б", "С", "Т", "U", "О", "НС" сериясындагы аккредиттөөчү кар-
точкаларынын ээлеринин артыкчылыктары жана иммунитеттери 1961-жылдын
18-апрелиндеги дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясы,
1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук байланыштар жөнүндө Вена Конвенци-
ясы, 1946-жылдын 13-февралындагы Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктар
жана иммунитеттер жөнүндө Конвенциясынын жоболоруна жана бекитилген
тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен
аныкталат.
6.2. Чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана
жетекчилери Кыргыз Республикасынын эл аралык Келишиминде каралган ар-
тыкчылык жана иммунитеттерин пайдаланышат.
6.3. "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточка ээлеринин артыкчылык-
тары жана иммунитеттери:
"О" сериясындагы аккредиттөөчү карточка ээлери Кыргыз Республикасы
же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер тарабынан белгиленген
артыкчылыктары жана иммунитеттери менен пайдаланышат.
VII. Аккредиттөөчү карточка ээсинин милдеттери
Аккредиттөөчү карточканын ээси милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн токтомдорун, буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын башка норма-
тивдик-укуктук актыларын сактоого, сыйлоого;
- Кыргыз Республикасынын ички иштерине киришпөөгө;
- Өкүлчүлүктүн жайгашкан орунун же жашаган жерлерин жана автоунаа-
ларды 1961-жылдын 18-апрелиндеги дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена
Конвенциясында, 1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук байланыштар жөнүн-
дө Вена Конвенциясында, 1946-жылдын 13-февралындагы Бириккен Улуттар
Уюмунун артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө Конвенциясынын жоболо-
руна жана бекитилген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл
аралык келишиминде каралган кызматтарга жана өкүлчүлүккө жүктөлгөн мил-
деттерге ылайык гана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын
урматтоого;
- берилген аккредиттөөчү карточкага аяр мамиле жасоого;
- кызматтык миссиясынын аяктаганына байланыштуу Кыргыз Республика-
сынан кетип жатканда аккредиттөөчү карточканы Кызматка тапшырууга.
№ 1 тиркеме
№ 1 АНКЕТА
Өкүлчүлүктүн аташылы,
Дарек (өлкө, шаар, көчө, үй номери,
почта индекси жана e-mail дареги).
Телефон жана факс номери
| N | Кызматкердин | Ээлеген кызматы | Даражасы, | Кыргыз Республикасына |
| фамилиясы, аты, | титулу | келген күнү-айы | ||
| атасынын аты | (бар болсо) | өкүлчүлүктөгү | ||
| ишмердүүлүгүнүн | ||||
| болжолдуу мөөнөтү |
№ 2 тиркеме
АККРЕДИТТӨӨ ҮЧҮН АНКЕТА
1. Өкүлчүлүктүн аталышы __________________________ ---------------
| 2. Толук аты _____________________________________ | Фотокарточка |
| 3. Жынысы: (эркек), (аял) алдын сызыњыз. | үчүн орун |
| 4. Үй бүлөлүк абалы ______________________________ | |
| 5. Ээлеген кызматы _______________________________ | 2x3 |
| 6. Дипломатиялык даражасы (бар болсо) ____________ | түстүү |
| 7. Туулган айы-күнү: Күнү ____ айы _____ жылы ____ | сыймалак эмес |
8. Туулган жери: өлкө ________________ шаар ______ ---------------
9. Жарандуулугу: мурунку ____________________ же башка жарандуулу-
гу ____________________________________________________________________
10. Паспорттун түрү: дипломатиялык, кызматтык, атайын, жарандык.
(керектүүсү сызылат)
Башка документтер ________________________________________________
Номери _________ Берилген айы-күнү: "_____" _______200_жыл
20___-жылдын "_____" _______ чейин жарактуу.
11. Кыргыз Республикасына келген айы-күнү: 200__-жылдын "___"_____
12. Өкүлчүлүктөгү ишмердүүлүгүнүн болжолдуу айы-күнү _____________
14. КРдагы үй дареги (шаар, көчө, үй жана батир номери) __________
_______________________________________________________________________
15. Кызматтык, мобилдик телефон номерлери ________________________
16. Кошо келген үй-бүлө мүчөлөрү:
| N | Фамилиясы, аты, | Тулган жылы, | Тууганчылык | Жарандыгы |
| атасынын аты | айы, күнү | даражасы | ||
| 1 | ||||
| 2 | ||||
| 3 |
200___-жылдын "________" _____________
М.П.
Арыз берүүчүнүн колу _________________
(Мындан ары КРнын ТИМнин Мамлекеттик Протокол Кызматы тарабынан
толтурулат)
----------------------------------------------------------------------- | Арыз берүүчү ____________________________________________________| |Кызмат тарабынан 200__-жылдын"________" _________ N _____ "_________"| |категориясындагы аккредиттөөчү карточка берилди. | | Аккредиттөөчү карточканын жарактуулук мөөнөтү 200__-жылдын| |"_______" _________________ чейин. | -----------------------------------------------------------------------
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 2008- жылдын 11-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол Кызматында чет мамлекеттик…Приказ · 11.03.2008 · № 28-п · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ о консульских сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1408-XII)Конвенция · 24.04.1963
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 2008- жылдын 11-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол Кызматында чет мамлекеттик…Приказ · 11.03.2008 · № 28-п · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон