Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
16-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 10-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 16-январы N 3/2
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2004-жылдын 21-июлундагы N 18/1 "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар
жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга
тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө"
жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жыл-
дын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-
гинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N
18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммер-
циялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга
тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону беки-
түү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан
2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өт-
көрүлгөн N 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алыш-
кан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө
аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жо-
бону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Бул токтом күчүнө кирген учурга карата банктык жайларга (негиз-
ги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн бузууга жол бе-
ришкен банктар, банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялар-
дын максималдуу өлчөмүн 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Улут-
тук банктын талаптарына ылайык келтиришсин.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте
жөнөтүшсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө ки-
рет.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын
Төрагасынын милдетин аткаруучу
Төрага үчүн Абдыбалы тегин С.
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде
2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон
өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/1
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия
алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит
мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон
экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу" токтомуна
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-авгус-
тунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/1 токтому ме-
нен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алыш-
кан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө
аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жо-
бого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 9.1 пунктунда "ар бир банктык эмес уюмга" сөздөрүнөн кийин
8-шилтеменин тексти төмөнкү редакцияда алмаштырылсын:
"(8) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана
банк иши жөнүндө" мыйзамдын 31-статьясына ылайык".
2. "9. Ар бир банктык эмес уюмга кайсы болбосун инвестициялардын
максималдуу өлчөмү" деп аталган бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9.3, 9.4 жана
9.5-пункттары менен толукталсын:
"9.3. Эгер коммерциялык банк анын таза суммардык капиталынын 10
пайызынан жогору болбогон өлчөмүндө кайсы болбосун банктык эмес уюмдун
капиталына инвестициялоого (акциялар менен соода кылуу максатында эмес,
узак мөөнөттүү инвестициялоо максатында) ниет кылып жатса, анда бул
учурда банк инвестициялоо башталганга чейин 40 календардык күн ичинде
төмөнкү документтердин/маалыматтардын кошо тиркелиши менен бул тууралуу
Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү:
1) инвестициялоонун максаттары жана шарттары жөнүндө маалымат;
2)кийинки эки жыл ичиндеги инвестициянын кирешелүүлүгүнүн эсеби;
3) уюм жөнүндө жалпы маалымат (аталышы, жайгашкан жери, уюшту-
руу-укуктук формасы, ишинин түрү, рынокто кайсы убакыттан бери иштейт,
менчик ээлери жана жетекчилер тууралуу маалымат);
4) банктык эмес уюм менен банктын инсайдерлеринин же аффилирленген
жактарынын ортосундагы жалпы кызыкчылыктардын болушу тууралуу маалымат;
5) банк тарабынан бул уюмга кайсы бир мезгилде берилген кредиттери
жана каржылоонун башка түрлөрү жана алардын ордун жабуу жөнүндө маалы-
мат;
6) акыркы эки жыл үчүн уюмдун финансылык отчету (мүмкүн болушунча
тышкы аудитор тарабынан тастыкталган);
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өзүнүн функцияларын
жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк кайсы болбосун кошумча маалыматты сура-
ганга укуктуу.
9.4. Банк тарабынан көзкаранды же туунду компаниянын түзүлүүсүндө
же сатылып алынышында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы
банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 49-2-статьясынын талаптары
аткарылууга тийиш.
9.5. Улуттук банк болжолдонуп жаткан инвестициялоо башталганга че-
йин 10 күн мурда инвестициялоону токтотуп туруу, ошондой эле банк кара-
жаттарды инвестициялагандан кийин кайсы учурда болбосун, төмөнкү учур-
ларда, инвестициялоону токтотуу же аны чектөө жөнүндө талапты жөнөтүүгө
укуктуу:
- акыркы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары же болбосо тышкы
көзөмөлдүн чегинде алынган маалыматтар банктын финансылык туруктуулугу-
на жана ишенимдүүлүгүнө же банктын аманатчыларынын жана башка кредитор-
лордун кызыкчылыктарына коркунучтун бар экендигин көрсөтсө;
- банкты банктык мыйзамдарды, Улуттук банктын жазма буйруктарын же
банктын Улуттук банк менен түзгөн жазуу жүзүндөгү келишимдерин бузуу
менен инвестициялоону жүзөгө ашыруу, аны операцияларды жүргүзүүнүн ише-
нимсиз жана туура эмес практикасына тартуу менен байланыштуу болсо;
- банк кайсы бир себептер менен бул инвестициялоонун мониторингин
жүргүзө албаса;
- Улуттук банкка банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдары-
нын туура келбеген иш репутациясы жөнүндө күбөлөндүргөн, ошондой эле
банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын мурдагы иши кайсы
бир юридикалык жактын банкрот болушуна же олуттуу финансылык чыгымдары-
на мүмкүндүк бергендиги тууралуу фактылар белгилүү болгондо;
- банк документтерди/маалыматты толук эмес көлөмдө бергенде же
болбосо, туура эмес маалыматты бергенде.
3. "10. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын мак-
сималдуу өлчөмү" деп аталган бөлүк төмөнкү мазмундагы 10.2, 10.3, 10.4,
10.5, 10.6, 10.7, 10.8 жана 10.9 пункттар менен толукталсын:
"10.2. Ушул Жобонун максаттарында банкка тиешелүү болгон же финан-
сы ижарасы келишими боюнча банктын карамагында турган жана негизги ка-
ражат катары пайдаланылып жаткан/пайдаланыла турган кыймылсыз мүлк (ку-
рулуп жаткандарды/бекитилген кыймылсыз мүлктү кошо алганда) банктык жай
катары түшүндүрүлөт.
10.3. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын макси-
малдуу өлчөмүнүн эсебине бардык банктык жайлар, ижарага алынган менчик-
тин шартын жакшыртууга капиталдык салымдар (операциялык жана/же финан-
сылык ижаранын келишими боюнча), ошондой эле акцияларга же облигация-
ларга кандай болбосун салымдар же банктын турак жайларына ээлик кылган
ишкананын башка ушул өњдүү карыздык милдеттенмелери жана мындай ишкана-
ларга берилген жана/же алардын акциялары менен камсыздалган бардык кре-
диттер киргизилүүгө тийиш. Бардык көрсөтүлгөн активдер (финансылык ижа-
ра келишими боюнча банктык жайлардан тышкары) алардын баланстык наркы
боюнча эсебине кошулат.
Финансылык ижаранын келишими боюнча банктын карамагында турган
банктык жайлар финансылык ижара боюнча милдеттенменин күндөлүк өлчөмүн
эсептен алып салуу менен баштапкы наркы боюнча банктык жайларга (негиз-
ги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн эсебине кирги-
зилүүгө тийиш.
10.4. Банк бул мүлктүн баланстык наркын банктык жайларга (негизги
каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн эсебине киргизүү шар-
тында, кызматкерлердин эмгек жана эс алуу шарттарын түзүү үчүн дайын-
далган кыймылсыз мүлккө ээ болушу мүмкүн.
10.5. Эгер банк каражаттарды 10.3. пунктунда көрсөтүлгөн активдер-
ге кошумча инвестициялоого ниеттенип жатса жана ал банктык жайларга
(негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүн бузууга алып
келсе, Улуттук банктын алдынала уруксаты талап кылынат.
10.6. Эгер банк банктык жайдын наркына кайра баалоону жүргүзүүгө
ниеттенсе, анын натыйжасында банктык жайларга (негизги каражаттарга)
инвестициянын максималдуу өлчөмү бузула турган болсо, анда банк кайра
баалоо жүргүзгөнгө чейин Улуттук банктын алдынала уруксатын алууга ти-
йиш.
10.7. Банк төмөнкү милдеттүү шарттарды аткарууда Улуттук банкка
уруксат алуу үчүн кайрыла алат:
- Улуттук банктын талаптарына ылайык, инвестициялаган учурдан тар-
тып, 12 айдан ашпаган мөөнөттө банк банктык жайларга (негизги каражат-
тарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүн келтирүү боюнча милдеттенме
катын берсе;
- акыркы 12 ай ичинде банкка карата Улуттук банк тарабынан таасир
этүү чаралары колдонулбаса.
10.8. Улуттук банктын уруксатын алуу үчүн банк 10.5 - 10.6 пунк-
ттарында көрсөтүлгөн учурлардын келип жетишине чейин 40 календардык күн
ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө кайрылууга милдеттүү.
Улуттук банк банктын кайрылуусун Улуттук банкка документтердин ке-
лип түшкөн учурунан тартып, 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө ка-
рап чыгат.
10.9. Берилген кредиттер боюнча карыздардын ордун жабууга банк та-
рабынан алынган мүлк негизги каражат катары төмөнкү шарттарды аткарууда
банк тарабынан кабыл алынышы мүмкүн:
- бул мүлк банк ишинин максаттары үчүн пайдаланылса;
- аны пайдаланууга киргизүү мөөнөтү 18 айдан ашпоого тийиш. Берил-
ген кредиттер боюнча карыздардын ордун жабууга алынган мүлк.
Директорлор кењешинин чечиминин негизинде гана төмөнкү учурларда
негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн:
- кабыл алынып жаткан мүлктүн наркы капиталдын таза суммардык ка-
питалынын 10% жогору болсо;
- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу банктык жайларга инвес-
тициянын максималдуу өлчөмүн бузууга жана Улуттук банктын алдынала
уруксатын алуу зарылдыгына алып келсе;
- кабыл алынып жаткан мүлк банк кызматкерлеринин эмгек жана эс
алуу шарттарын түзүү үчүн пайдаланылса".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Положение об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками и финансово-кредитными учреждениями, лицензируемыми Национальным банком…Положение · 21.07.2004 · № 18/1
- Об утверждении Положения "Об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками Кыргызской РеспубликиПостановление · 14.12.2022 · № 2022-П-12/78-7-(НПА)
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/1"Об утверждении Положения об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими…Постановление · 21.07.2004 · № 18/1
- Положение об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками и финансово-кредитными учреждениями, лицензируемыми Национальным банком…Положение · 21.07.2004 · № 18/1